СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улут болсом тилим менен улутмун

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улут болсом тилим менен улутмун»

№22 М.Жамгырканов атындагы орто мектеби







Күндөлүк план:



Сабактын темасы:

Улут болсом тилим менен улутмун!







6-класс. Класстык саат.

Мугалими: Күлчоро кызы Света.









Сабактын темасы: Улут болсом тилим менен улутмун!

Сабактын максаты:

А) Окуучулар кыргыз элинин тарыхы, маданияты, нукура, таза дили жөнүндө түшүнүк алышат, кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын түшүнүшөт.

Б) Ой-жүгүртүүсүн, сүйлөө речин, эске тутуусун калыптандырышат.

В) Эли-жерин сүйүүгө,өз тилин сактай жана барктай билүүгө, мекенчилдикке тарбияланышат.

Сабактын формасы: стандарттык

Уюштуруу: окуучуларды тынчтандырып,көӊүлүн сабакка буруу.

Саламатсыӊарбы, балдар! Биз бүгүн тил майрамына арналган «Улут болсом тилим менен улутмун» темасындагы тарбиялык саатыбызды баштайбыз.

Балдар, кыргыз элинен нечендеген улуу, залкар ойчулдар, акындар, уздар, чечендер, ырчылар чыкканын билебиз ээ.

Тили жок эл болбойт. Мындай улуттун жүзү болгон мурастарыбыз муундан муунга тилдин жардамы менен жетип отурат. Мына ошол тилибиз мамлекеттик статуска ээ болгонго чейинки кыргыз элинин тарыхы жөнүндө билесиӊерби, балдар?

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан демекчи эне тилибиз көп жылдар бою келип, 1989-жылы 23-сентябрда «Мамлекеттик тил» статусуна ээ болот. Ушул күндөн тарта жыл сайын 23-сентябрь тил майрамы катары майрамдалып келет.

Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Момун чалдын жомогунан үзүндү:

Жаша тилим, миӊ кылымды карытып,

Он миӊ кылым,жүз миӊ доорду арыткын.

Жер шарында кыргыз деген эл турсун,

Нурун ичип улуу Күндүн, жарыктын.

Менин тилим кыргыз тили,

Мен кыргыздын баласы.

Толгоп тарткан кыл арканды,

Тоо булбулу Токтогулдун санаты.

Анда эмесе кана, кыргыз тили, эне тилибиз тууралуу кандай макал-лакап, учкул сөздөрдү, көркөм ырларды билесиӊер?



Кыргыз тили кылымдарды карыткан,

Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.



Улут болсом тилим менен улутмун,

Улук болсом тилим менен улукмун!



Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп жарытпайт.



Тил- улуттун байлыгы.



Ата-бабам чабылса да нечен жыл,

Жок кылбастан эне тилин сактаган.

Сага таазим, сага урмат бабалар,

Силерди мен сыймык менен айта алам.

Бурмалабай эне тилди сактайлы.

Кыргыз туусун көкөлөтүп көтөрүп,

Тилибизди, дилибизди сатпайлы.













КР Мамлекеттик тил гимни.

Сөзү: Сейит Алтымышов

Музыка: Бакыт Алишеров.

Тил жаралып, Көкө-Теӊир таӊынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

Адам деген түп сөзүнөн элимдин,

Кырыгыз тили ай-ааламга жаӊырган.



Кайырма:

Кыргыз тили жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили- Мекеним,

Менин өлкөм кыргызстан!



Мекен тили Ата-Журттун кареги,

Биримдиги, күч кубаты, тиреги.

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

Кайырма:



Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,

Мекен тили бак-таалайдын кутманы.

Мекен тили кан-жаныбыз, туубуз

Ата-Журттун келечеги, ак таӊы.

Кайырма:

Үйгө тапшырма: ырды обону менен жаттап, эне тил тууралуу дил баян жазып келүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!