Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектеби
Мугалим:Касымбекова Асмира Байсариевна
Тема:
«Улуу инсан Исхак Раззаковго 110 жыл»
Сабактын максаты:
- Окуучулар улуу инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүрү, элине жасаган кызматы жөнүндө маалымат алышат;
- Жаңы маалыматты алуу менен өз билимдерин өнүктүрүшөт;
- Исхак Раззаковдун элине мурас калтырган учкул сөздөрү аркылуу патриоттуулукка , чынчылдыкка тарбияланышат;
Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленип жатат.
Улуу жол башчыбыз Исхак Раззаков көзү тирүү болгондо быйыл 110 жашка толмок. Бул юбилей 2020-жылдын 25-октябрында (кеменгер ишкердин туулган күнүндө) республикалык деңгээлде белгиленгени турат.
Белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан айрылган. Хожент шаарындагы Ленин-Абад балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадан пландоо институтун бүтүргөн. Ал 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ага чейин Өзбекстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.
Ишмердүүлүгү:
- 1939-1940 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;
- 1940-1944 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары;
- 1941-1944 — Өзбек ССРинин Агартуу элдик комиссариаты;
- 1944-1945 — Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;
- 1945-1950 — Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы;
- 1950-1961 — Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон;
- 1961-1962 — СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;
- 1962-1965 — СССР министрлер кеңешинин алдындагы мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы;
- 1965-1967 — СССР министрлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.
Сыйлыктары:
Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылы «Ата Мекендик Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.
Үй-бүлөсү
Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан.
Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин Мамлекеттик пландоо комитетине которулуп, ал жакта 69 жаш курагында 1979-жылы 18-мартта Москвада дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы кыргыз коомчулугу Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келип, Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен жерге берилди.
Кезинде көрүнүктүү инсандар Исхак Раззаковго жогору баа берген. Мисалы Күлипа Кондучалова: Менде жакшы мүнөз, сапат болсо, анын бардыгын Исхак Раззаковдон үйрөнгөм, -десе;
Түгөлбай Сыдыкбеков: Өзбекстанда жүргөндө Антон Чеховдой классикти өзбекче которуп, Сергей Есенинди өзгөчө кастарлаган Исхак Раззаков эгер адабият же искусство жаатында иштеген болсо, өмүр тагдыры кандайча уланаар эле деген табышмактуу ойдо калган ...
Исхак Раззаков атындагы республикалык фонддун төрагасы Осмонов Замирбек Бабакуловичтин маалыматына карата, бүгүнкү күнгө чейин Исхак Раззаковдун өмүр жолу ар тараптуу изилденип, китеп болуп басылып, кино болуп тартылып, коомчулукта өз окурмандарын, көрөрмандарын таап келүүдө. Исхак Раззаковдун инсан катары мамлекет тарыхындагы орду, тарыхы дагы эле изилденип бүтө элек.
Биз улуу инсандын 110 жылдыгына карата анын калк үчүн жасаган эмгектери, инсандык бийик сапатын жаш муундарга жеткирүү максатында республикалык масштабда иш-чараларды өткөрүүну пландаганбыз жана жогорку деңгээлде өткөрөбуз,»- дейт Замирбек Бабакулович.
Учурда Бишкекте Исхак Раззаков 1950-жылдан 1961-жылга чейин жашаган үйү, музейге айланган. Анда саясатчыга тиешелүү эки миңден ашуун экспонаттар жайгашкан. Экспонаттардын басымдуу бөлүгү архивдик документтер жана сүрөттөр.
Исхак Разаков Лейлек районунун Кулунду өрөөнүн өздөштүрүүгө жана аны өнүктүрүүгө опол тоодой салым кошкон. Атап айтсак, канал казып суу чыгарып, элди чек арага көчүрүп, айылга айландырып, чек араны сактап калууда салымы чоң. Бүгүнкү күндө Лейлек районунда Исхак Раззаков атындагы айыл, Исхак Раззаков атындагы орто мектеп, Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы, Исхак Раззаков атындагы отряд, Исхак Раззаков атындагы музей бар. Исфана шаарындагы борбордук аянтта айкели тургузулган.
Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү
Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү
Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот.
Ак иштеген адам, акыры жамандык көрбөйт.
Касташуудан кач, бирок адилеттүүлүктөн тайба.
Уйку таттуу,эмгек андан да таттуу.
Бүгүн бүткөрүүгө мүмкүн болбой турган ишти эртең бүткөрүү үчүн аны дал бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл.
Намыстуу болсоң, жемишиң арбын болот.
Бирөөлөрдүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңан корк.
Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол.
Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм? Ким үчүн эмгек кылдым? Эл калыс...
Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү болуу кыйын.
Балалуу болуу-бакыт, неберелүү болуу андан да чоң ырыс.
Улуу инсан Исхак Раззаков атабыздай болуу үчүн эмне кылуу керек?
көрөгөч
адамгерчиликтүү
эмгекти сүйө билген
калыс
күчтүү
мекенчил
аракетчил
Эл камын ойлогон
Бүгүнкү сабакта биз:
Улуу инсан Исхак Раззаковдун өмүр баяны, басып өткөн жолу, үй бүлөсү жөнүндө көптөгөн маалыматтарга ээ болдук.
Үйгө тапшырма
Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот.
дил баян жазгыла
Көңүл бурганынар
үчүн чоң ыракмат!