СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Улуу инсан Исхак Раззаковго 110 жыл"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз элинин сыймыктуу, улуу инсандарынын бири Исхак Раззаков жөнүндө маалымат.

Просмотр содержимого документа
«"Улуу инсан Исхак Раззаковго 110 жыл"»

  Баткен областы, Лейлек району, Исфана шаары,  №1 гимназия-жатак интернаты.       Мугалим: Абдиева Асилхан Тыныбековна.

Баткен областы, Лейлек району, Исфана шаары, №1 гимназия-жатак интернаты.

Мугалим: Абдиева Асилхан Тыныбековна.

Тема: «Улуу инсан Исхак Раззаковго 110 жыл»

Тема: «Улуу инсан Исхак Раззаковго 110 жыл»

Сабактын максаты:  Окуучулар улуу инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүрү, элине жасаган кызматы жөнүндө маалымат алышат; Жаңы маалыматты алуу менен өз билимдерин өнүктүрүшөт; Исхак Раззаковдун элине мурас калтырган учкул сөздөрү аркылуу патриоттуулукка , чынчылдыкка тарбияланышат;

Сабактын максаты:

  • Окуучулар улуу инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүрү, элине жасаган кызматы жөнүндө маалымат алышат;
  • Жаңы маалыматты алуу менен өз билимдерин өнүктүрүшөт;
  • Исхак Раззаковдун элине мурас калтырган учкул сөздөрү аркылуу патриоттуулукка , чынчылдыкка тарбияланышат;
 Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленип жатат.    Улуу жол башчыбыз Исхак Раззаков көзү тирүү болгондо быйыл 110 жашка толмок. Бул юбилей 2020-жылдын 25-октябрында (кеменгер ишкердин туулган күнүндө) республикалык деңгээлде белгиленгени турат.

Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

 

Улуу жол башчыбыз Исхак Раззаков көзү тирүү болгондо быйыл 110 жашка толмок. Бул юбилей 2020-жылдын 25-октябрында (кеменгер ишкердин туулган күнүндө) республикалык деңгээлде белгиленгени турат.

 Белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан айрылган. Хожент шаарындагы Ленин-Абад балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадан пландоо институтун бүтүргөн. Ал 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ага чейин Өзбекстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан айрылган. Хожент шаарындагы Ленин-Абад балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадан пландоо институтун бүтүргөн. Ал 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ага чейин Өзбекстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.

 Ишмердүүлүгү: 1939-1940 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы; 1940-1944 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары; 1941-1944 — Өзбек ССРинин Агартуу элдик комиссариаты; 1944-1945 — Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы; 1945-1950 — Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы; 1950-1961 — Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон; 1961-1962 — СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү; 1962-1965 — СССР министрлер кеңешинин алдындагы мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы; 1965-1967 — СССР министрлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.

Ишмердүүлүгү:

  • 1939-1940 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;
  • 1940-1944 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары;
  • 1941-1944 — Өзбек ССРинин Агартуу элдик комиссариаты;
  • 1944-1945 — Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;
  • 1945-1950 — Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы;
  • 1950-1961 — Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон;
  • 1961-1962 — СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;
  • 1962-1965 — СССР министрлер кеңешинин алдындагы мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы;
  • 1965-1967 — СССР министрлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.
 Сыйлыктары:    Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылы «Ата Мекендик Кыргыз Республикасынын Баатыры

Сыйлыктары:

Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылы «Ата Мекендик Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

 Үй-бүлөсү    Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан. Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин Мамлекеттик пландоо комитетине которулуп, ал жакта 69 жаш курагында 1979-жылы 18-мартта Москвада дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы кыргыз коомчулугу Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келип, Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен жерге берилди.

Үй-бүлөсү

Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан.

Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин Мамлекеттик пландоо комитетине которулуп, ал жакта 69 жаш курагында 1979-жылы 18-мартта Москвада дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы кыргыз коомчулугу Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келип, Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен жерге берилди.

 Кезинде көрүнүктүү инсандар Исхак Раззаковго жогору баа берген. Мисалы  Күлипа Кондучалова:  Менде жакшы мүнөз, сапат болсо, анын бардыгын Исхак Раззаковдон үйрөнгөм, -десе;  Түгөлбай Сыдыкбеков:  Өзбекстанда жүргөндө Антон Чеховдой классикти өзбекче которуп, Сергей Есенинди өзгөчө кастарлаган Исхак Раззаков эгер адабият же искусство жаатында иштеген болсо, өмүр тагдыры кандайча уланаар эле деген табышмактуу ойдо калган ...

Кезинде көрүнүктүү инсандар Исхак Раззаковго жогору баа берген. Мисалы  Күлипа Кондучалова:  Менде жакшы мүнөз, сапат болсо, анын бардыгын Исхак Раззаковдон үйрөнгөм, -десе;

Түгөлбай Сыдыкбеков:  Өзбекстанда жүргөндө Антон Чеховдой классикти өзбекче которуп, Сергей Есенинди өзгөчө кастарлаган Исхак Раззаков эгер адабият же искусство жаатында иштеген болсо, өмүр тагдыры кандайча уланаар эле деген табышмактуу ойдо калган ...

 Исхак Раззаков атындагы республикалык фонддун төрагасы Осмонов Замирбек Бабакуловичтин маалыматына карата, бүгүнкү күнгө чейин Исхак Раззаковдун өмүр жолу ар тараптуу изилденип, китеп болуп басылып, кино болуп тартылып, коомчулукта өз окурмандарын, көрөрмандарын таап келүүдө. Исхак Раззаковдун инсан катары мамлекет тарыхындагы орду, тарыхы дагы эле изилденип бүтө элек.  Биз улуу инсандын 110 жылдыгына карата анын калк үчүн жасаган эмгектери, инсандык бийик сапатын жаш муундарга жеткирүү максатында республикалык масштабда иш-чараларды өткөрүүну пландаганбыз жана жогорку деңгээлде өткөрөбуз,»- дейт Замирбек Бабакулович.

Исхак Раззаков атындагы республикалык фонддун төрагасы Осмонов Замирбек Бабакуловичтин маалыматына карата, бүгүнкү күнгө чейин Исхак Раззаковдун өмүр жолу ар тараптуу изилденип, китеп болуп басылып, кино болуп тартылып, коомчулукта өз окурмандарын, көрөрмандарын таап келүүдө. Исхак Раззаковдун инсан катары мамлекет тарыхындагы орду, тарыхы дагы эле изилденип бүтө элек.

Биз улуу инсандын 110 жылдыгына карата анын калк үчүн жасаган эмгектери, инсандык бийик сапатын жаш муундарга жеткирүү максатында республикалык масштабда иш-чараларды өткөрүүну пландаганбыз жана жогорку деңгээлде өткөрөбуз,»- дейт Замирбек Бабакулович.

 Учурда Бишкекте Исхак Раззаков 1950-жылдан 1961-жылга чейин жашаган үйү, музейге айланган. Анда маркумга тиешелүү эки миңден ашуун экспонаттар жайгашкан. Экспонаттардын басымдуу бөлүгү архивдик документтер жана сүрөттөр.  Исхак Разаков Лейлек районунун Кулунду өрөөнүнү өздөштүрүүгө жана аны өнүктүрүүгө опол тоодой салым кошкон. Атап айтсак, канал казып суу чыгарып, элди чек арага көчүрүп, айылга айландырып, чек араны сактап калууда салымы чоң. Бүгүнкү күндө Лейлек районунда Исхак Раззаков атындагы айыл, Исхак Раззаков атындагы орто мектеп, Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы, Исхак Раззаков атындагы отряд, Исхак Раззаков атындагы музей бар. Исфана шаарындагы борбордук аянтта айкели тургузулган.

Учурда Бишкекте Исхак Раззаков 1950-жылдан 1961-жылга чейин жашаган үйү, музейге айланган. Анда маркумга тиешелүү эки миңден ашуун экспонаттар жайгашкан. Экспонаттардын басымдуу бөлүгү архивдик документтер жана сүрөттөр.

Исхак Разаков Лейлек районунун Кулунду өрөөнүнү өздөштүрүүгө жана аны өнүктүрүүгө опол тоодой салым кошкон. Атап айтсак, канал казып суу чыгарып, элди чек арага көчүрүп, айылга айландырып, чек араны сактап калууда салымы чоң. Бүгүнкү күндө Лейлек районунда Исхак Раззаков атындагы айыл, Исхак Раззаков атындагы орто мектеп, Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы, Исхак Раззаков атындагы отряд, Исхак Раззаков атындагы музей бар. Исфана шаарындагы борбордук аянтта айкели тургузулган.

Улуу инсан Исхак Раззаков атабыздай болуу үчүн эмне кылуу керек? Эл камын ойлогон Эмгекти сүйө билген Адамгерчиликтүү Аракетчил Көрөгөч Калыс Күчтүү

Улуу инсан Исхак Раззаков атабыздай болуу үчүн эмне кылуу керек?

Эл камын ойлогон

Эмгекти сүйө билген

Адамгерчиликтүү

Аракетчил

Көрөгөч

Калыс

Күчтүү

Бүгүнкү сабакта биз:  Улуу инсан Исхак Раззаковтун өмүр баяны, басып өткөн жолу, үй бүлөсү жөнүндө көптөгөн маалыматтарга ээ болдук.

Бүгүнкү сабакта биз:

Улуу инсан Исхак Раззаковтун өмүр баяны, басып өткөн жолу, үй бүлөсү жөнүндө көптөгөн маалыматтарга ээ болдук.

 Көңүл бурганынар үчүн чоң ыракмат!

Көңүл бурганынар

үчүн чоң ыракмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!