Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согушта.
Кыргызстандык жоокерлер согуштун биринчи күнүнөн эле фашисттик баскынчылар менен баатырларча кармашышкан. СССРдин чегиндеги Брест чебин коргоо Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында маанилүү күндөрдөн болгону талашсыз. Брест чебиндеги советтик аскерлер бир айдан ашуун убакыт бою чепти тыштан эч кандай жардам-көмөксүз коргоп, душманга тарттырбай кармап турушкан. Алардын арасында кыргызстандык В.И.Фурцев да болгон. Ал Каракол шаарындагы Ленин атындагы орто мектептен окуп, тарбия алган.
Ал эми Бишкек шаарынан аскерге чакырылган Н.В.Дмитриев 1941-жылы 10-июлда Белоруссиянын Борисово шаарын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн кыргызстандыктардан биринчи болуп Советтер Союзунун Баатыры аталган .
Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулган.
Ага 61 мамлекет же дүйнө калкынын 80 % катышкан.
27 млн . адам курман болгон . 1540 согуштук самолет, 170 дивизия, 1800 танк, 34695 замбирек, минометтор катышкан.
Фашисттер менен салгылашууда 11667 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.
Анын 3051 жоокерине өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
107 жоокер эки жолу Баатыр наамына татыктуу болгон. 90 аял Советтер Союзунун баатыры наамын алган. Алардын 49 на бул наам өлгөндөн кийин берилген.
Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга!
Кыргыз өкмөтү согуштун биринчи эле күнүнөн калкты жоокердик жактан окутууга, жоокердик бөлүктөрдү түзүүгө киришкен. Иштин жүрүшүндө Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы , андан соң 40, 153- аткычтар бригадалары, 2-улуттук атчандар дивизиясы түзүлүп, алар республиканын өнөр жай ишканалары жана колхоздорунун күч-каражаттары менен жабдылган.
Алардын ичине согуш майданына биринчилерден болуп курамын кыргыз жана казак эли түзгөн. Кыргызстандын ошол жылдардагы аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясы кирген.
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
Кыргызстандан 360 миӊ жоокер согушка катышып, алардын 150 миӊи ордендер жана медалдар менен сыйланган.
76 жоокер Советтер Союзунун
Баатыры наамына татыктуу болгон.
29 жоокер Даӊк орденинин үч даражасын теӊ алган.
Майданда 90 миӊдей кыргыз жоокери курман болгон.
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1943-жылы январь айында Сталинград үчүн согушта артиллерист, наводчик катары таамай аттуу менен танканы, душмандын ротасын талкалаган.
Жалгыз калганына карабастан,
4 саатка созулган согушта 8 танканы, 6 бронемашинаны, 40 фашистти жок кылган. Сталинград алдындагы согушта көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн "Кызыл Жылдыз" жана Улуу Ата Мекендик согуштун
1-даражадагы ордендери менен сыйланган.
Даир Аса́нович Аса́нов
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
Гвардиянын ефрейтору. Пулеметчу. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында коп салгылашууларда кайраттуулук менен кармашкан. 1943-жылдын июлунда Курск алдындагы салгылашууда биринчи ирет согушка катышкан. Эки жолу катуу жарадар болуп, айыккан сон, кайра катарга кошулган.
1944-жылы 24-июнда Витебскинин айланасындагы Лабейка калктуу пунктунун жанында Батыш Двинаны кечип өтүү учун салгылашууда өзгөчө зор эрдик көрсөткөн. Советтер Союзунун Баатыры деген наамга 1944-жылы 22-июлда өлгөндөн кийин татыктуу болгон.
Асаналиев Жумаш
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1942- ж. 16-сентябрда Кавказ үчүн болгон согушта баатырдыктын өлбөс үлгүсүн көргөзгөн. Ал душмандын чабуулун кайтарып жаткан учурда немецтик танкалардын курчоосунда калат. Кубат Жуматаев көз ирмебестен акыркы гранаталарын өзүнө байлап, алдыда келе жаткан бронемашинага боюн таштап, жардырып жиберген.
Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Кубат Жуматаев
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1945-жылы 31-январда Одер дарысын кечип өтүп, өзүнүн пулемету менен душмандын
5 чабуулун токтоткон. Согуш жылдарында синирген күжүрмөн эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана "Эрдик үчүн" медалы менен сыйланган.
1945-жылы 10-апрелде Советтер Союзунун Баатыры деген наам өлгөндөн кийин берилген.
Оторбаев Асанбек
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1941-жылы ноябрь дивизиянын жоокерлери өздөрүнүн төрт эсе күчтүүлүк кылган душман менен кармашкан.
Бир ай бою өздөрүнүн чегин бекем кармоо менен душмандын
2-танкалык, 29-моторлоштурулган, 11 жана 110- жөө аскерлер дивизиясы талкаланып, 9 миӊ немец солдат менен офицерин, 80 танканы жок кылышкан. Немецтик фашисттик баскынчыларга каршы күрөштөгү каармандыгы үчүн согушта курман болгондон кийин 1942-жылы 12-апрелде Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Панфилов Иван Васильевич
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
Улуу Ата Мекендик согуш та
960-аткычтар полкунда (Талаа фронту, 53-армия, 229-аткычтар дивизиясы) ротанын командири.
Ага лейтенант 1943-ж. 15-августта Полевой айлында (Харьков обл., Дергачёв району) бир топ жоокерлер менен бирдикте душмандын таяныч пунктун ээлеп, жеке өзү душмандын 2 танкасын гранат менен талкалаган. Душмандын 3 жолку чабуулунун мизин кайтарып эрдик көрсөткөн.
Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдары менен сыйланган .
Петрищев Василий Петрович
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
Согуш учурунда биздин полкто Садыков 300гө чейин немистерди, анын ичинде 2 майор жана 15 башка офицерлерди жок кылган, 12 ок атылып, 7 унаа өрттөлүп , 10 ок атуучу пункт жок кылынган. Польша аймагында Бромберг шаары (Быдгош) үчүн болгон салгылашта, взводдун капталына темир жолдун жээгине пулемет орнотуп, 5 жеңил пулемёт жана 30га чейин немистер жок кылынган.
Садыков Самат
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1944 -жылы Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылачта кыргыз учкучу жалындап күйгөн самолету менен душмандын май куюуучу станциясын сүзүп, анын жанындагы 6 танканы , 10 немец солдатын жардырган.
Таранчиев Исмаилбек
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
Денеси менен дзотту жаап курман болуп, чабуулга жол ачуу эрдигин Чолпонбай 1942-жылы 6-августта Воронеж облусунун Лескинский районунун Селявной айылында жасаган. Воронеж фронтунун
6-армиясындагы 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун жоокери Чолпонбай Дон дарыясынын оң жээгине сүзүп чыгып, 120 метрдей бийиктиктеги дөңсөөдө тынбай ок бүркүп жаткан дзотко граната ыргыткан. Бирок дзот жарылган эмес. Жарадар болгон Чолпонбай кыйынчылык менен жылып жетип, денеси менен дзоттун оозун басып жыгылган.
Бул эрдиги үчүн ага 1943-жылы Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.
Түлөбердиев Чолпонбай
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1943-жылы сентябрь айында Днепрдин батыш жээгиндеги плацдарм үчүн болгон согушта, кайтпас эрдиктин бийик үлгүсүн көргөзгөн. Ал душмандын
4 жолку чабуулун токтотуп, 30дай гитлерчини жок кылар замат, душман ээлеген бийиктикти колго алган. Анварбек Чортековдун чыдамкайлыгы жана эрктүүлүгү менен фашисттер артты көздөй чегинүүгө аргасыз болушкан. Эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Чортеков Анварбек
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөс эрдик көргөзгөн.
28 гвардиячы-панфиловчулардын арасында бир да огун сая кетирбей, кашык каны калганча каңкор фашисттерди сулатып жатып,теңдешсиз салгылашууда курман болгон.
Көрсөткөн каармандыгы, эрдиги, баатырдыгы үчүн Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-жылы 21-июлда Советтер Союзунун Баатырынын наамына татыктуу болгон
Шопоков Дуйшенкул
Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт !
1945-ж. 12-февралда Одер боюндагы салгылашта Үсөнбеков жоокерлерди чабуулга баштап, анын ийгилигин камсыз кылган.
Эртеси душмандын 2 батальондон ашуун жөө аскерин, 9 танкасынын чабуулун 14 саат токтоткон, өзү 60 фашистти өлтүрүп , көбүн жарадар кылган. 14-февралдагы бетме-бет салгылашта жалгыз өзү 7 фашистти жок кылып, экөөнү туткундаган. Үсөнбеков Ленин, Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3 Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Yсөнбеков Калыйнур
Эч ким, эч качан унутулбайт !
Эстелик
Биз турмушта аталардан кеч келип, Тээ батыштан согуш отун кечпедик. А аталар төрөлө элек биз үчүн, Кала берди танк алдында тепселип. Биз турмушта агалардан кеч келип, Тээ алыстан адам канын кечпедик. А агалар жаңы баскан биз үчүн, Кала берди танк алдында тепселип. Өткөн согуш кан майдандан сес берип, Турат бүгүн бардык жерде эстелик. Гүл ордуна койдум ушул ырымды, Аталарды, агаларды эскерип.
Эч ким, эч качан унутулбайт !
00:30