«Бекитемин» ОББ:______________ Предмети: кыргыз тили Классы: 5
Мөөнөтү: “_____” ______________ 2019-жыл
Сабактын темасы: Үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү
Сабактын усулу: Айтып берүү, көнүгүү жана изилдөө методдору, интерактивдүү методдор
Колдонулуучу каражаттар: таблица, дидактикалык карточкалар, методикалык колдонмо, проектор
| Сабактын максаттары: | Көрсөткүчтөр: |
| Билим берүүчүлүк: Окуучулар үнсүз тыбыштар жана алардын бөлүнүштөрү боюнча кеңири маалымат алышат; | -үнсүз тыбыштарды жана алардын бөлүнүштөрүн айтып бере алышса; |
| Өнүктүрүүчүлүк максаты: Жумшак, уяң, каткалаң, түгөйлүү жана түгөйсүз үнсүз-дөр, алардын окшоштуктары жана бири-бири менен болгон айырмачылыктарын үйрөнүшөт; Оозеки жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт; | -жумшак, уяң, каткалаң, түгөйлүү жана түгөйсүз үнсүздөрдүн бири-бирине окшоштуктарын, айырмачылыктарын билишсе; |
| Тарбия берүүчүлүк максаты: Кыргыз тилини бай казынасы менен окуучулар тил байлыгын арттырышат, тилдик каражат-тарды колдонуп сүйлөп, сүйлөө маданиятына көнүгүшөт; | -жолдоштору менен биримдикте иштей алышса, ар бир ой баалуу экендигин сезип, бири-бирин сыйлап уга алышса; |
Окуучулар ээ болуучу компотенттүүлүктөр:
| Тилдик компотенттүүлүк | -үнсүз тыбыштардын жасалышын билет; -үнсүз тыбыштардын бөлүнүштөрү боюнча ага кайсылар кирерин өздөштүрөт; |
| Кептик компотенттүүлүк | -түрдүү чөйрөдө сүйлөө ишмердүүлүгүнө ээ болот; -оозеки кепте интонацияны сактай алат; |
| Маданий компотенттүүлүк | -кеп маданиятына ээ болот; -адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөөгө калыптанат; |
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу иши
2. Өтүлгөн таманы кайталоо
Фонетика бөлүмү эмнени окутуп үйрөтөт?
Тыбыш жана тамга деген эмне?
Тамга менен тыбыштын айырмачылыгы эмнеде?
Үндүү тыбыш, үнсүз тыбыш дегенди кандай түшүнөсүң?
Кыргыз тилиндеги тамга жана тыбыштардын саны канча?
Муун деген эмне жана канча муун бар?
Ачык, жабык жана туюк муундар тууралуу айтып бергиле.
Жаңы тема: Үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү
Өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көңдөйүбүздө толук же жарым-жартылай тоскоолдукка учурап, үн менен кошо шыбыш кошулуп айтылса үнсүз тыбыштар деп аталат. Үнсүз тыбыштардын жалпы саны – 25. Алар: б, в, г, д, ж, з, й, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ, к, г, ж
Үнсүз тыбыштар үн менен шыбыштын катышына карата уяң, жумшак, каткалаң, түгөйлүү жана түгөйсүз үнсүздөр болуп бөлүнөт.
Уяң үнсүздөргө: й, л, м, н, ң ,р тыбыштары кирет. Бул үнсүздөр шыбышка караганда үндүн көбүрөөк катышы менен жасалат.
Шыбыш менен үндүн кошулушу аркылуу жасалган үнсүздөр жумшак үнсүздөр деп аталат. Аларга: б, в, г, д, ж,з тыбыштары кирет.
Үн катышпай, жалаң гана шыбыш аркылуу жасалган үнсүздөр каткалаң үнсүздөр деп аталат. Аларга: к, п, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ тыбыштары кирет.
Кыргыз тилиндеги түгөйлүү үнсүздөр: б-п, в-ф, д-т, ж-ш, к-г, з-с. Булардын айтылышы бири-бирине жакын болгондуктан түгөйлүү үнсүздөр деп аталат.
Түгөйсүз үнсүздөргө: л, м, н, н, р, й, х,ц, ч, щ тыбыштары кирет.
Айтылган аныктамалардын бардыгы окуу китебиндеги тапшырмаларды аткаруу менен бекемделет. 234-235-236-көнүгүүлөр топторго бөлүнүү менен аткарылат. Мында 1-топ 234-көнүгүүдө текстти окуп, жумшак жана каткалаң үнсүздөрдүн айырмачылыктарын аныкташат. 2-топ 235-көнүгүүдө берилген сөздөрдөн түгөйлүү жана түгөйсүз үнсүздөр катышкан сөздөрдү бөлүп жазышат. 3-топ 236-көнүгүүдө берилген табышмакты көчүрүп жазып, жумшак үнсүздөрдүн астын бир, каткалаң үнсүздөрдүн астын эки сызышат. Андан тышкары сөздөргө фонетикалыык талдоо жүргүзүшөт.
Сабакты бышыктоо: Суроо-жооп
Өзүн-өзү текшерүү үчүн суроолор:
Эмне үчүн үнсүздөрдү жумшак, уяң, каткалаң, түгөйлүү, түгөйсүз деп бөлөбүз?
Жумшак үнсүздөр кайсылар? Алар эмне үчүн жумшак?
Уяң үнсүздөр кайсылар? Алар эмне үчүн уяң?
Каткалаң үнсүздөр кандай жасалат? Ага кайсы тыбыштар кирет?
Түгөйлүү жана түгөйсүз үнсүздөр кайсылар? Ар бирине мисал келтиргиле.
Окуучулардын билимин баалоо: -суроолорго так жооп берүүсү,
-сүйлөө кебинде далилдерди пайдаланышы;
Үйгө тапшырма: 239 - көнүгүү