Сабактын мотивациясы (сабакка болгон умтулуу) 2.1 билим берүүнү актуалдантыруу 2.2 Өз алдынча көйгөйлүү маселелерди чечүү 2.3 Жаңы теманы жана анын негизги максаттарын коюу | 12 мин | Ушул күн эсте калаарлык күн болуп, кайсы күн экенин тактаны карап бүгүнкү числону жазалы . Жазып бүтсөк кунт коюп угабыз: Илгери-илгери бир акылман карыя жашаган экен. Ал карыянын төрт кызы болгон. Алардын аттары Жаз, Жай, Күз жана Кыш. Күндөрдүн биринде Жаз андан кийин Жай күндү аябай ысытып жиберишет. Аларга удаа Күз жамгыр жаадырып Кыш кар жаадырып ызгаар суук болот. Ошондо курт-кумурскалрар, жан-жаныбарлар чыдабай карыяга даттанышат. Карыя кыздарын чакырып чоо-жайын угуп, ар бирине өздорүнө тиешелүү күндөрдү бөлүп берген экен балдар. Силер кандай ойлойсунар балдар карыянын аты ким? Туура. Демек бүгүнкү сабагыбыздын темасы чындыгында эле Айке айткандай ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ Ошентип тактага сабактын темасы пайда болот Ушул темага байланыштуу бүгүнкү сабакта эмнелерди билгиңер келет? Келгиле балдар, анда эмесе силер каалаган, билгиңер келген нерселерди толук айтып берейин | Окуучулар числону жазышат мугалимди кунт коюп угушат Ар кандай жооптор айтылат. ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ Биринчи окуучу: Жыл мезгилдери жөнүндө кененирээк маалымат алгыбыз келет Экинчиси: менин жай жана кыш мезгилин билгим келет | Азаматсыңар Туптуура Жакшы |
Жаңы теманы түшүндүрүү Жаны тема боюнча өз маалыматтарын билдирүү Команда менен изденип иштөө Жаңы сөздөр менен иштөө Жаңы теманы бышыктоо | 20 мин | Анда эмесе биздин темага байланыштуу табышмактын жандармагын, суроолордун жооптарун туура таап крассвортту толтуралы Тигинен: 1. жердин баары алтын жамынган мезгил______ 2. жаздан кийин келет... ______ Туурасынан: 1.талаа аппак,суу да муз, бул кайсы мезгил?_____ Кайсы мезгилде апалардын майрамы...?_____ Мугалим кроссворддун жандырмагына жараша топторго ат коёт. 1 жаз жана жай 2 Күз жана кыш Көңүл бөлүп тактаны карайбыз. Тактада бир нече сүйлөмөр турат. Чүүш, бир нерсе угулуп кеттиби? Балдар силерге угулган жокпу ? Тактадагы сүйлөмдөрдүн туура жообу окшойт. Кунт коюп угабыз Мугалим аудио көчүрмөнү коёт. Анда эмесе жыл мезгилдерине байланычтуу жаңы сөздөр менен таанышабыз. Эми биз китебибиздин 64-бетинин 2-көнүгүүсүндө берилген текстти көңүл бөлүп окуйбуз. Сабакты бышыктоо иретинде интерактивдүү тактанын жардамы менен «Полечудес» оюнун ойнойлу. Тест түрүндө. | Табышмак табышып, суроолорго жооп берип, мезгилдердин орусча аттарын которуп, Кроссворддун жандырмагын таап электрондук такта менен иштешет. Тигинен: Күз Жай Туурасынан: Кыш Жаз Жоок Окуучулар кунт коюп угушат Сүйлөмдөрдү интерактивдүү тактанын жардамы менен толукташат. Окуучулар туура табышат Окуучулар 2-көнүгүүдөгү «ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ» деген текстти өз алдынча окушат. «Полечудес» оюнун тест түрүндө ойношот. . | Азаматсынар Туура таптыңар Ой баракелде Жаз - жай командасы абдан жакшы иштеп жатышат Азаматсынар бардар Эң жакшы |
Талкуулоо үчүн суроолор | 3 мин | Демек, жыл мезгилдери боюнча бүгүн кандай маалыматтарды алдынар ? Ким айтат? | Өтө көп маалыматтарды алдык Бүгүнкү сабак мага аябай жакты Полечудес оюну мага абдан жакты | жакшы |