СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Викторина "Манас"

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Викторина "Манас"

Просмотр содержимого документа
«Викторина "Манас"»

I.Категория

  1. “Манас” эпосу жалпы канча варианттан турат? ( Жообу: 36 вариант)

  2. “Манас” эпосун алгач жыйынан ал жонундо илимий ойлорду айткан турколог окумуштуу ким? (Жообу:В.Бартольт)

  3. “Тенири Манас “ аттуу кара соз менен жазылган романдын автору ким?

(Жообу:А.Жакыпбеков)

  1. Элдик оюндар чагылдырылган эпизод кайсыл?(Жообу:Кокотойдун ашы)

  2. С.Каралаевдин вариантында Алманбеттин атасы ким? (Жообу:Азизкан)

  3. Аккула кайсы Манасчынын вариантында данга сатылып алынат?

(Жадобу:С.Каралаевде)

  1. “Манас” эпосун алгач изилдеген кыргыз окумуштуусу?(Жообу:К.Тыныстанов)

  2. Нарбуурул кимдин аты?(Жообу: Каныкей Семетей чонойгондо минет деп атайын арнаган аты нарбуурул.)

  3. Алманбет кимдин баласы ?(Жообу: Калмак кытай,манжуу тараптагы таншан аймагына хандык кылган Азиз хандын уулу)

  4. Кочку ким? (Жообу:Кара калмак Манжуунун Кочку баатыры)

  5. Арууке кимдин жары жана кимдин бир тууганы?(Жообу: Алмамбеттин жары,Каныкейдин бир тууганы.)

  6. Кокотойдун ашында байгеден биринчиликти алган кулук кайсы ат эле? (Жообу:Мааникер)

  7. Чыйырды ким? Оз аты ким болгон? (Жообу: Жакыптын байбичеси,Манастын апасы, оз аты Шакан)

  8. Бакдоолот ким? (Жообу:Жакыптын экинчи аялы)

  9. Сарала кимдин тулпары? (Жообу:Алмамбеттин тулпарыТулпар менен Алманбет бир кундо туулган.Чонойгондо ото келишимдуу ат болгон.Конурбайдын Алгарасы менен туушкан экен.)

  10. Алооке ким?(Жообу:Кытайдын башкы хандарынын бири,Конурбайдын атасы,кыргыздарды чар тарапка болуп –болуп айдап-сургон кыргыз элинин душманы.)

  11. Конурбай ким? (Жообу: Кытайдын ханы,Алоокенин уулунун эн кенжеси.Ото айлакер,тоо туруштук бере албагандай кучу бар киши.Ал козуно айнек тартынып,башынын тобосуно жаркылдаган шуру таш байлап алып журот.Мучолору аябагандай чон,анын мурутунун бир кылы эле,балтанын сабындай жоон.Аны канаты бар алкара аты гана которуп уча алат.)

  12. Шыпшайдар ким? Ал кимдерди таамай атып олтургон? (Жообу: Калмактардын козго атаар мергени.Шыпшайдар суркелтеси менен Кокчону,эр Сыргакты,Чубакты,Кабылай Серек,эр Шууту,Алмамбетти таамай атып олтургон.

  13. Акеркач кимдин аялы? Кимдин бир тууганы?(Жообу: Кокчо баатырдын аялы,Каныкейдин бир тууганы.Казактын эр Кокчосунун аялы)

  14. Эмне себептен Бокмурун Манасты ашка чакырууга аргасыз болгон? (Конурбай Мааникерди сурап чатак чыгарган)

  15. Каныкей торкунуно ким менен качат? (Семетейди алып Чыйырды менен)

  16. Азизкан кимдин колу менен олтурулот? (Алмамбеттин)

  17. Эмне себептен Манас Кокотойдун ашына чакырылбай калат? (Бокмурун чакыртпай коёт).

  18. .Алгач Таласка келген, Семетейге Жакыптын кылган мамилеси кандай болду эле? (чынынын тубуно уу сыпап олтурмокчу болот).

  19. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого кочуу демилгеси кимге таандык? (Акбалтага)

  20. Манастын Чет Бээжинге кан болушун суйкнчулоп Таласка ким барат? (Шууту)

  21. Беш берен кайып дуйносуно кетип бара жатып, кыргыз элине кимди кан шайлашат? (Сейтекти)

  22. Акылай Манаска кандай жол менен аял болуп келген? (тартууга)

  23. Манастын соогу кандай амал менен жашырылат? (Эчкиликтин кара зоосуна жашырын коюп, кумбозго болсо жыгачтан чабылган кепти комушот)

  24. Ургончко чалгынга барган ким? (Кулчоро)

  25. Кайып болгон беш берген ким? (Каныкей, Бакай, Семетей, Айчурок,Кулчоро)

  26. Акжолтойго Кызыр эмне берет? (бир тоголок жангак)

  27. Саякбай Карала уулу качан, кайсы жерде торолгон? (1894,Тон району, ак-Олон айылы

  28. Багыш Сазан уулу качан,кайсы жерде торолгон? (1878,Жумгал р-ну,Кара-Суу айылы)

  29. Шапак Ырысменде уулу качан, кайсы жерде торолгон? (1863, Кочкор ороону,Шамшы а йылы)

  30. Шапактын устаты ким болгон? (Балык Кумар уулу)

  31. Мамбет Чокмор уулу качан, кайсы жерде торолгон (1896, Тон р-ну, Корумду деген жер)

II.КАТЕГОРИЯ

1.“Манас” эпосу Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча канча сап ырдан турат? (Жообу: 316157 сап)

2.”Семетей “эпосу канча вариант? (Жообу: 14 вариант)

3. “Сейтек” эпосу канча вариант? (Жообу: 12 вариант)

4. С.Каралаевдин вариантын коркомдогон суротчу ким? (Жообу:Т.Курманов)

5. Чон Билгич кимдин баласы? (Жообу:Кожожаш)

6. Манастын биринчи жениши кайсы? ( Бээжиндеги Эсенканды баш кылып,Доодур алп, Кайчы кулак,Каман ашты, Жолой доону женгени.)

7.Чубак кимдин баласы? (Жообу: Чубак Акбалтанын баласы.Акбалта аны жаны торолгон кезинде тоонун устунон таап алып,асырап алган.Чонойгондо айбаттуу,арстандай суру бар,мыкты найзакер жигит болгон. 13 Жашында Манас менен кол кармашып достошкон.

8.Жолой ким? Толук маалымат бер? (Жообу: Жолой калмактын каны,аябагандай кучтуу балбаны.Ал бир кундо 9 буканын этин жеп салган соргок болуптур. Бирок, кыргыздын Кошой балбаны менен курошуп,жыгылып калган)

9.Качан,кандай жагдайда Манас Кумайыкка ээ болот? (Жообу:Манас ууда журуп,Кум булактын белинен Кумайыкты таап алат.)

10.Качан кандай шартта Алманбет алгач ирет Бурулчага жолугат? (Жообу: Алманбет Эсенканды олтурмок болуп андып журуп,Бурулчага жолугат.)

11.Чынкожонун Семетейге карата кандай тууганчылык жакындыгы бар? (Жообу: жакын тууганы Шыгайдын баласы).

12. Эмне себептен Семетей атасынын кумбозуно бара турган болот? (Жообу: атасынын арбагы колдоор- колдобосу билуу учун).

13.Сейтек озунун ата-тегин кимден,кандай шартта угат? (Жообу: Карадоо Сейтекти издеп келип,талаадан жолугуп,ата-тегин айтат).

14.Кайсы жерде,кайсы окуядан кийин Манас кан шайланат? (Жообу: кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого кочуп келгенден кийин Алоокени женгенден кийин кан шайлашат).

15.Каныкейге кастык кылган кырк чорого кайсы чоро кошулбай коёт? (Жообу:Ырамандын ырчы уулу).

16.Тай буурул кимге жана эмне учун тартууга кетет? (Жообу:Умотойдун куну учун казактарга кеткен).

17.Айчурок менен Кокмончоктун кандай жакындыгы бар? (Жообу: экоо тен пери кызы,эже-синди).

18.Кайып болуп кеткен Cеметейди ким коруп калат? (Жообу:Карадоо жер чалып журуп коруп калат).

19.Кошойду издеп чыгууда Манас кандай маршрут менен сапар тартат? (Алтай-Текес-Каркыра-Ысык кол).

20.Алмамбеттин энеси- Алтынай качан,кандай шартта курман болот? (Алмамбет кырк жигити,энеси болуп Кытайдан качып чыкканда Конурбай баштаган калын аскер менен согушта каза болот).

21.Конурбай качан,кандай шартта жана кимдин колунан курман болот? (Чон-Каркырадагы Каралды-Дободо Семетейдин колунан олот).

22.Акбалтанын уулдуу болушунун тарыхы кандай? (кайыптан буткон баланы Акбалта талаадан таап алат).

23.Бакай менен Семетейдин алгач жолугушуусу кандай маанайда отот? (Семетей озунун ким экенин айтпай,Бакай озуно канжар уруп олмок болуп,аягында Манаска окшоштуруп Семетейдт тааныйт).

24.Семетейди ким кайып дуйносуно алып кетет? (Кокмончок).

25.Семетей кайып болгондон кийин Чачыкейдин тагдыры эмне болот? (Канчорого тиет).

26.Желмогуз уулу Сарыбай кандай максат менен келип Сейтекке катылат? (Сарыбайдын атасы Желмогузду Манас олтургон).

27.Аккелте мылтыкка Манас кантип ээ болот? (Аккелтени Болокбай уста жасап,Манаска Бакай тапшырат).

28.Алмамбет менен Конурбайдын алгачкы беттешуусу качан,кандай шартта отот? (Он экисинде Конурбайдан атасынын жерин доолап барып, аны ыргыта саят).

29.Каныкей Чет Бээжиндеги Манаска кимди жиберет? (Бакайды).

30.Семетей кайып болгондо, Акшумкар менен Кумайык эмне болот? (алар да кошо кайып болот).

31.Канчоронун алгачкы арам ою качан, кандай шартта байкалат? (Семетей Толтойдун аты Суркоёндун чылбырын Кулчорого ыктата ыргытканда кек туйуп калат).

32.Чубактын Когала аттуу тулпарлуу болушу кандай баяндалат? (Чубак бойго жеткенде Когаланы бардык жарак-жабдыгы менен кайып адам Олуя чал тапшырат).

33.Сагынбайдан жазылып алынган “Манас” канча сапты тузот? (180378)

34.Саякбайдан жазылып алынган “Манас” канча сапты тузот? (500553)

35. Молдобасандан “Манас” эпосу кайсы жылдары жазылып алынган? (1935-45жж.)

36.Багыштан жазылып алынган “Манас” канча сапты тузот? (101580)

37. Шапактан “Мана” эпосу кайсы жылдары жазылып алынган? (1935-48жж38. Мамбеттен “Манас” эпосу кайсы жылдары жазылып алынган ? (1965-73жж.)

III. КАТЕГОРИЯ

  1. Нарын мектебин тузгон таланттуу Манасчы ким? (С.Орозбаков,Шапак,Т.Молдо,молдобасандар)

  2. “Манас” эпосун орусчага алгач которгондор кимдер? (С.Липкин.М.Тарловский)

  3. Чон Китекимдин тукуму? (Конурбай)

  4. “Манас” жонундо XVI кылымда кандай чыгармада соз болот?

(ТажиктилиндеСайф-аддинибндамуллашахАббасАксы-кентитарабынанжазылган “Мажлизад-Таварих” (Тарыхтардынжыйнагы) дегенколжазмада “Манас” жонундосозболгон.)

  1. Ач буудан кимдин тулпары? Толук маалымат бер?

( Жолойдун минген аты. Ал ат тункусун кундузгудой эле чуркай алган.Аны куюндуу жылкы тукумунан болгонун айтышкан.Булчундары тоонун оркочундой ото чон болуптур. Басканына жел жетпеген басыктуу болгон. Ал чопту да коп жеп эч бир тойчу эмес экен. Кучтуулугунон опол тоодой Жолойду которуп журо алган.)



  1. Манасчылардын Нарын мектебин тузгон ким?(Сагымбай Орозбаков таланттуу манасчы, токмо ырчы гана болбостон,ал ошону менен бирге коп манасчыларга: Шапак,Тоголок Молдо,Молдобасан ж.б. учун манасчылыктын Нарын мектебин тузгон, аларга таалим корсоткон устат да болгон.)

  2. Сагымбай Орозбаковдун вариантында 4 томдук жарык коргон кайсы жылдары эле? (1-китеп 1978жылы, 2-китеп 1980ж, 3-китеп 1981ж, 4-китеп 1982ж.)

  3. С.Орозбаковдун варианты боюнча Манастын торолушун тарткан суротчу ким?КР эл суротчусу Т.Т.Герцен).

  4. Кок тулпар кимдин тулпары? Толук маалымат бер?(Кок тулпар Кан Бакайдын тулпары. Анын кабыргасы корунуп турганы менен озу абдан кучтуу жаныбар болуптур. Кайсы жерде чон чабыш болсо, жарыштан кок тулпар чыгып келип, байге алып берчу.)

  5. Кыргызды женип алуу учун Чон Билгичтин Чон Китеге берген кенеши? (инди каны Чон Кергинин Буурул кызын алып, андан Чынтемир уулду болуп, ошол уул кыргыздарга алы жетет дейт.)

  6. Кандай жол, кандай шарт менен Семетей тируулор дуйносуно кайтып келет? (Каныкейдин эмчегин эмгенде сут чыгып, мурдагы калыбына келет да, Бакай эбеп-себеп деген дарысын берип, Семетей элине кайтат.)

  7. Кенен торолгонго чейин Сейтек тушундо эмне корот? (Манас Зулпукор кылычын берип, Кенен торолгонго чейин эле чон той откор дейт).

  8. Айчуроктун ак куу болуп, он эки канды кыдыргандыгынын себеби эмнеде? (Чынкожо, Толтой Ургончту камаганда алардан куткарар баатыр издеп кыдырган)

  9. Куялынын кыргызга жардам берээр алдындагы койгон шарты? (Семетей мени аялдыкка алсын дейт)

  10. Кыяздын туткунун да жургон жарадар Кулчорону ким дарылайт?(Манастын досу дарыгер Кызылсарт дарылайт)

  11. Умотой Семетейге кандай доо артат?(Умотой атасы Кокчону Манас Бээжинге алдап ээрчитип кетип олтургон, ошонун кунун кууймун дейт)

  12. Сагымбайдын оозунан “Манас” эпосун кимдер жазып алган?(К.Мифтаков.Ы.Абдыракманов)

  13. Молдобасандан жазылып алынган Манас канча сапты тузот? (203000 сап)

  14. Багыштан Манас эпосун кимдер жазып алышкан? (М.Багышов.Т.Абдыраков.И.Мусаев)

  15. Мамбеттен жазылып алынган “Манас” эпосу канча сапты тузот? (148557 сап)












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!