Дары каражаттарын кан тамырга жыбылжытып кийирүү ыкмасынын стандарты
Ийне сайылуучу жер:
а) баштын вена кан тамырынын үстүңкү тери астындагы бөлүгү, чыканактын бүгүмү, билектин алды, алакандын жана тамандын арткы тарабы.
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Колду жууп, кургатуу, кол капты кийүү.
2. Даяр болсун: 10-20 мл. шприц, узундугу 40 мм. ийне, диаметри 0,8-1,1 мм. ийне, дары каражаттары, залалсызданган кебез шарчалар, 70% спирт, жгут, салфетка, валик.
3. Дабагер табыштаган дары каражатынын аталышын жана көрсөтүлгөн өлчөмүн (доза) кунт коюп окуу.
4. Шприц менен ийнени кураштыруу.
5. Шприцке керектүү өлчөмдөгү дары каражатын сордуруп алуу, шприцти инъекцияга даярдоо.
6. Бейтапка инъекциянын максатын жана дарынын таасирин түшүндүрүү.
7. Инъекцияга ылайык жерди тандап, карап чыгуу.
8. Бейтапка инъекция үчүн ыңгайлуу жайгашууга жардам берүү: олтурган же жаткан абалда.
9. Ийне сайыла турган жердин ордун жылаңачтоо.
10. Жгутту ийне сайыла турган жерден 4-5 см. жогору, ал эми арткан учтары ийне сайыла турган жерге тийип калбагыдай кылып коюу.
Эскертүү: Жгутту байлап коюуга болбойт. Жгут жылаңач этке коюлбайт.
11. Жгут коюлган жерден тамырдын кагымын текшерүү.
12. Ийне сайыла турган жердин ордун 70% спиртке нымдалган кебез менен сүртүп, тампонду атайын идишке ыргытуу.
13. Ийне сайыла турган жерди спиртке нымдалган кебез менен дагы бир жолу сүртүп, кебезди сол колдун 3- жана 4- манжасы менен кысуу.
14. Шприцти оң колго мындай тартипте кармоо: Сөөмөй менен ийненин муфтасын үстүнөн, калган манжалар менен поршенди кармоо.
15. Сол кол менен ийне сайуучу жердин ордун жогору көздөй керип, ошол эле учурда тамырдын кагымын байкоо.
16. Шприц менен ийнени кан тамырга туштап кармоо.
17. Ийнени тез жана ыкчамдыкта 30 градуста, андан кийин тамырдын жүрүшүнө жараша сайуу. Ийне вена тамырга киргенде боштук байкалат.
18. Сол колдун сөөмөйү менен ийнени бейтаптын терисине басып туруу (шприцти колдон чыгарбастан). Поршенди акырын артка тартып, тамырга туура келгендигин текшерүү. Эгер шприцке кан чыкса – ийне кан тамырда турган болот.
19. Ийнени тамырдын орду (ичи) менен бир аз алдыга жылдыруу. Поршенди артка тартып, ийненин тамырда турганын текшерүү. Шприцти колдон чыгарбай туруп ийненин учун басуу.
20. Оң колдон шприцти чыгарбай туруп, сол кол менен жгутту алып салуу.
21. Поршенди дагы бир жолу артка тартып, ийненин тамырда турганын текшерүү.
22. Сол кол менен поршенди артка тартуу менен дарыны акырын кийирүү.
23. Сайылган жерге кебез бастырып, ийнени тез тартып алуу.
24. Кебезди ордунан албай туруп асептикалык таңуу жасоо.
25. Бейтапка ыңгайлуу жайгашып алууга жардам берүү.
26. Пайдаланган буюмдарды тазартып чыгуу.
27. Кол капты чечип, тазартып чыгуу.
28. Медициналык документтерге аткарылган иштер боюнча маалыматтарды түшүрүү.
29. 20 – 25 мүнөт өткөндөн кийин ийне сайылган жерди карап, бейтаптын акыбалын байкоо.
Эскертүү: Эгер ийне чыканак вена тамырына сайылган болсо, анда кебезди ордунан албай туруп асептикалык таңуу жасап чыканагын 2-3 мүнөт бүгүп турушун өтүнүү.
Дары каражаттарын кан тамыр ичине тамчылатып берүү
Бул ишти аткаруу үчүн медайым билүүгө тийиш:
Дарыны тамчылатып берүүнүн максатын;
Тамчылатып берүүгө керектелүүчү каражаттарды;
Тамчылатып берүү системасынын түзүлүшүн;
Терминдерди: инфузия, интоксикация, дезинтоксикация, диурез, эмболия, суу балансы;
Тамчылатып берүүдө боло турган реакциялык кабылдоолорду.
Жасай алышы керек:
Асептика эрежелерин сактоону;
Системаны колдонулгандан кийин канча ирет пайдаланыла тургандыгына жараша тазартып чыгууну (система 1 процедура үчүн);
Процедура учурунда жана андан кийин бейтаптын акыбалына байкоо жүргүзүүнү;
Кокус реакциялык кабылдоолорболуп калса жардам берүүнү.
Дары эритмелерин тамыр ичине тамчылатып берүү стандарты.
Иш-аракеттердин алгоритми
1. Бейтапка жасала турган иш-аракеттерди түшүндүрүү, колду жууп кургатуу.
2. Суюктукту тамчылап кийирүүчү системаны даярдоо.
3. Колду тазалап, кол капты кийүү.
4. Бейтапты ыңгайлуу жаткыруу.
5. Ийнени саюу. (Кан тамырга ийне саюунун ыкмасынын стандарты).
6. Ийненин астына салфетка төшөп, ийне менен системаны бириктирүү.
7. Тамчылоонун ылдамдыгын текшерүү.
8. Вена тамырынын акыбалына көз салуу, эгер көөп чыкса, тамчылатууну токтотуу.
9. Ийнени лейкопластырь менен бекитип коюу(кыймылдатпай коюу).
10. Бейтаптын акыбалына жана өзүн кандай сезип жатканына көз салып туруу.
11. Дары куюлуп бүткөндөн кийин системанын кыпчыгычын бекитип коюу.
12. Спиртке нымдалган кебезди ийненин үстүнө коюп туруп, ийнени тез сууруп алуу.
13. Бейтаптын чыканагын бүгүп 3-4 мүнөт кармап турушун өтүнүү.
14. Бейтаптын 20-30 мүнөт кыймылдабай жатуусун өтүнүү.
15. Бейтапка ыңгайлуу жайгашып алууга жардам берүү.
16. Кол капты чечип, тазартып чыгуу.
17. Медициналык документтерге аткарылган иштер боюнча маалыматтарды түшүрүү.
18. 20 – 25 мүнөт өткөндөн кийин ийне сайылган жерди карап, бейтаптын акыбалын байкоо.