,
Балдарды тарбиялоо Концепциясы
Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо Концепциясын бекитүү
2013-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын №6/ 1 чечимин аткаруу максатында , «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17- беренесине ылайык , Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоодо баарына бирдей, башталгыч жалпы, негизги жалпы,орто(толук) жалпы жана негизги жалпы билим берүүчү программанын тиешелүү бөлүгүнө байланыштуу
1. Өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоонун Концепциясы бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясы (А. Мамытов) тарабынан өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоонун Концепциясын иш жүзүнө ашыруунун Программалары жана иш чаралары иштелип чыгып бекитилсин;
- Райондук,шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана билим берүү башкармалыктарынын башчыларына, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоонун Концепциясын аткаруу максатында иш чаралар иштеп чыгышсын;
- Ар бир кварталдын 10 чейин Мектепке чейинки , мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (М Усеналиевге) жогоруда көрсөтүлгөн Тарбия концепциянын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды кечиктирбестен кагаз түрүндө жана төмөнкү электрондук дарек боюнча : udshvoamail ru берилсин;
2. «Кут билим» гезитинин редакциясы (Чекиров К. А.) ушул буйрукту расмий жарыяласын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Д.Кендирбаевага тапшырылсын.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин №545 /1 буйругу
2014-жыл, 22-июль.
Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо Концепциясы
«Баланы жамандан сакта, жакшыга багытта»
Элдик даанышмандык.
«Окуучу таалим-тарбия алып эле тим болбостон, адептүү болгудай тарбияны уюштуруу зарыл»
Л.Выготский.
Тарбиялоонун негизги принциптери:
- Тарбиялоо-ачык , үзгүлтүксүз социалдык –маданий процесс.
- Тарбиялоо – бала (өспүрүм,жигит/ кыз) ,үй-бүлө, социум биргеликте катышкан процесс.
- Тарбия коом талап кылган инсанды калыптандырат, балада (өспүрүм,жигитте,кызда) өз өмүрүнө жоопкерчиликтүү , чыдамкай, социалдык жактан компетенттүү сыяктуу сапаттардын өсүшүнө багытталган.
- Тарбиялоо социалдаштыруунун негизги эки маселелерине жетишүүгө багытталган;
--- Өспүрүмдүн (өспүрүмдүн , жаш адамдын, кыздардын) коом тарабынан кабыл алынган өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин өздөштүрүүсү;
--- Өздөштүрүлгөн ченемдерге , баалуулуктарга карата өзүнүн жеке
позициясын түзүү.
Тарбиялоонун негизги принциптерин өздөштүрүү үчүн төмөнкүлөр зарыл
- Билим берүүнүн бардык баскычында тарбия алууга окутуу.
- Жалпы билим берүүчү уюмдарда окутуп- тарбиялоо чөйрөсүн түзүү.
- Концепцияны кабыл алуунун оңтойлуу шарттары жана актуалдуулугу
- Концепцияны иштеп чыгуунун ченемдик- укуктук базасы.
- Тарбиялоонун милдеттери жана максаттары.
- Тарбиялоонун стратегиясы.(Тарбия иштерин уюштуруу)
Тарбиялоо процессинин жыйынтыгы төмөнкүлөр болушу керек:
- Ар бир балада / өспүрүмдө, жаш адамда, кызда инсандык жана социалдык маанилүү сапаттар: эмгекти сүйүү, жоопкерчилик , гумандуулук, тартиптүүлүк ж.б.ушул сыяктуу болушу керек.
- Инсандын өзүнө жана башка адамдарга карата он багытталышы.
- Эң жогорку адамдык баалуулуктарга, адамдарга, анын ичинен өзүнө, эмгекке, жаратылышка аң- сезимдүү мамилеси.
- Балдардын жана жаштардын жүрүм-турумунда жогоруда көрсөтүлгөн нормалардын ишке ашырылышы.
Тарбия иштеринин негизги багыттары
- Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.
- Көп маданияттуулукка тарбиялоо.
Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу.
Тарбиялоодо мугалим төмөнкүлөрдү билиш керек:
- окутуп маалымат,билим берүүдө анын баалуу аспектилерин таба билүү, аны балдарга жеткирүүнү камсыздоо;
- баланын баалуулук- эмоционалдык багытын өркүндөтүү абалын түзүү жана долборлоо;
- Тарбиялоонун ар түрдүү ыкмаларын колдонуу(окутуу, ойнотуу,спорттук);
- балдардын маданий , жеке өзгөчөлүгүн эске алып, тарбия иштерин уюштуруу;
- окутуу топторуна бөлүү(класстар,ийримдер, секциялар) окуучулардын жеткинчек, бойго жеткен балдар коомчулугу, педагогдор,ата-энелер;
- класстагы иштин абалын талдоо, жамааттык,ишкер, достук атмосфераны колдоо.
Тарбиялоо аракеттерин камсыздоо үчүн,педагогдун өзүнүн жүрүм-туруму төмөнкүдөй ченемдери бар гуманитардык талаптарга жооп бериши керек:
«» Педагог- идея- сунуштарды тез кабыл алган, ачык-айрым болушу керек, окуучулардын аракетин, сезимин колдоп,аларды тынчсыздандырган маселеде бирге болот;
«» Педагогдун жүрүм-туруму , кыймыл- аракети, жасаган иши окуучулардын коз алдында болуп, өз алдынча ойлонууга түртөт;
«» Педагог- окуучулардын кызыкчылыгын коргоп,аларга талаш-тартыш, жагымсыз кырдаалда жардам берет.
Жемиштүү тарбиялоону уюштуруу үчүн,педагогдун эң маанилүү иши- ата-эне менен окуучулардын ортосундагы карым-катнашты бекемдөө болуп эсептелет.Мындай ыкма үч тарапты бириктирип турат.Бул баланын мектептик, кесиптик, үй-бүлөдөгү байланышын чыңдайт.