Просмотр содержимого документа
«Воспитательный час на тему Дос»
Сабактын темасы: ДОС ЖАНА ДОСТОШУУ
Сабактын максаты: • Дос, достук деген эмне экендигин түшүнүшѳт; •
Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; • Жакшы,
жаман достун кандай экендигин билишет; •
Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. Сабактын жабдылышы: Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.
Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу
Сабактын жүрүшү: Мугалим: Окуучум, бүгүнкү сага кайрылуучу насаат кебибиз достук жѳнүндѳ болмокчу. Достук деген эмне? Дос деген ким? Бул суроолорго жооп издеп кѳрѳлүчү, Дос - бул жан кыйышпас, кайгыңды тең бѳлүшѳѳр, кубанычыңа ортоктош болоор, ар дайым сага жѳлѳк, таяныч болоор асыл адам. Эгер сен достукка бекем болсоң, достуктун кадырына жете билсең гана жогорудагы биз айткандай дос болушу мүмкүн. Тарыхтагы, элдик эпостордогу достуктун улуу үлгүлѳрүнѳ кайрылып кѳрѳлүчү. Мисалы, «Курманбек» эпосундагы Курманбек менен Аккандын достугун айтсак болот. Курманбек баатыр жоо огунан жараланып, ажал менен алпурушуп ээн талаада жаткан мезгилде аны жараатынан тазалап, дарыгер алдырып дарылап, үстүнѳ тон жаап, ичерине тамак камдап, кийин ал кѳз жумгандан соң баласы Сейитбекти асырап алган Аккан достуктун шертин аткарды десек болот. Дос мына ушундай кыйынчылык башка түшкѳн убакта сыналат эмеспи. Алардын достугу достуктун кадырына жетүү, достукка бек болууну айгинелеп турат. Ата-бабаларыбыздын «Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун» деген сѳзү калетсиз айтылган белем. Силер да достуктун антын бекем сактаган адептүү бала болууга умтулгула. Досуңардан эч нерсе аябагыла, бергениңерди милдет кылбагыла «Ат аяган жер карайт» деген эл макалын жадыңарда туткула. Ал силердин аракетиңерге байланыштуу. Талкуу үчүн текст: Доско кылган жакшылык Бир күнү бир адам кѳчѳдѳ бара жатканда жамгыр аябай тѳгүп жиберет. Ошол жакын арада дүкѳнү бар жан кыйышпас досунун алдына барып, андан кол чатырын аманатка сурайт. Ал досу кол чатырын берет. Досу ыраазы болуп кѳтѳрүп кетет. Эртеси келип кол чатырды кайтарып, рахмат айтат. Арадан кѳп убакыт ѳтүп, бир күнү кол чатыр берген досу менен учурашып калат. Салам бергенден кийин, кол чатыр берген досу: -Ошол күнү кол чатырымды бербесем акыбалың кандай болоор эле? -дейт. Кол чатырды аманатка алган досу: -Жамгырда калып суу болот элем, - дейт. 36 Кол чатыр берген досунун пейили жаман ошондуктан кылган жакшылыгын милдет кыла берет. Арадан аз күн ѳткѳндѳн кийин алар дагы учурашып калышып, кол чатыр бергени: -Эгер ошондо кол чатыр бербегенимде, жамгырдан кандай жашынаар элең, - кылган жакшылыгын дагы милдет кылат. Ал досунан кол чатыр алганына аябай бушайман болду. Дагы бир күнү бакта, суунун боюнда учурашып калышып, кол чатыр берген адам: -Мага кара! Ошол күнү жамгырда кол чатыр бербесем, жамгырдан кандай бекинээр элең, акыбалың кандай болоор эле, - дептир. Кол чатыр алып бушайман болгон досу эч нерсе дебей, ѳзүн сууга таштап, чылкылдап суу болуп чыгат да досуна: -Мына, мындай болоор элем! Акыбалым мына ушундай болот эле! Сен ѳзү кандай адамсың? Инсан досуна жакшылык кылбайбы? Аз гана жакшылык кылып, кылган жакшылыгын милдет кыла берип, башка токмок ура берсе кандай болот? Достугубуздун баркы кайда калды? - деп басып кетиптир. Ой жүгүртүү үчүн суроолор: 1.Бул тексттен достуктун кандай түрүн байкадыңар?
2.Эмне үчүн кол чатыр бергенин кайра-кайра милдет кыла берди? 3.Эмне үчүн кол чатыр алган досу ѳзүн сууга таштады деп ойлойсуңар? 4. Алардын кимиси чыныгы дос экен?
ЕВРЕЙ АКЫЛМАНДАРЫНАН Күчсүз душман менен күчсүз дос Акылман мындай дептир: -Күчүз душманды күчтүү деп бил да, андан кѳзүңдү айырбай, сак бол! Күчтүү досуңду күчсүз деп бил, болбосо досуңа ишенип алып, душманыңдан кордук кѳрүп калаарыңды эсиңден чыгарба. Достон жашыруучу сыр Бирѳѳ баласына мындай насаат калтырат: -Жакырланып калсаң, жардылыгыңды досуңа да айтпа, анткени, дос болсо да керсейип, кѳңүлүндү оорутуп коет. Достук жѳнүндѳ Пайдалуу достон үчѳѳ, зыяндуу достон үчѳѳ болот. Пайдалуу досторго - чындыкты бетке айткан, сѳздү түз сүйлѳп, кѳптү кѳрүп, кѳп билген адамдар кирет. Зыяндуу досторго - эки жүздүү, калп айтканга эптүү жана маңыз адамдар кирет. Конфуций Ар күн сайын ичтен сызып досунун кайгысын тарткан адам, зарыл учурда досу үчүн жаньн курмандыкка чалган адамдан артыкчылык кылат. Стендаль Нуска сѳздѳр Дос менен дос болсоң мактан, Кас менен дос болсоң сактан. Досу кѳп менен сыйлаш, Досу аз менен сырдаш. Айыпсыз дос издеген доссуз калат. Колунда барда миңи дос, Колуңда жокто кана дос. Акмак адамдан дос күтпѳгүн.
Үйгө тапшырмалар:
1.«Дос кандай болуш керек?» деген темада дилбаян жазгыла.
2.Достук жѳнүндѳ айтылган ойлорду окуп, класста талкуулагыла.
3.Ѳзүңѳрдүн жакын досуңар жѳнүндѳ чакан аңгеме жазгыла.