Просмотр содержимого документа
«Ыйман, адеп жана маданият»
Тема: Ыйман,адеп жана
маданият
Сабактын максаты: этика, этикет, адеп, ыйман тууралуу түшүнүктөрдү бекемдөө. Жагымдуу жүрүм-турум эрежелерин эске түшүрүү. Адеп, ыйман - коомдун, мамлекеттин пайдубалы. Адамдардан адеп, ыйман кеткен жерде коом түбүнөн жемирилип, мамлекеттин пайдубалы урайт. Экономика, соода-сатык - адеп-ыйманга негизделиши зарыл. Улуттун келечеги - адептүү, ыймандуу жаш муунда. Буга байланыштуу адеп сабагынын аткарган милдети жана өтөгөн кызматы түшүндүрүлөт.
Ар бир адамдын ою, тилеги, жан дүйнөсү таза болсо, анын айткан сөзү да түз, туура, адилеттүү болот. Ал эми түз, туура сүйлөгөн адамдын иши дайыма адал, үзүрлүү, жемиштүү болот. Коом ар дайым мына ушундай асыл адамдарга муктаж. Демек ушундай адептик сапаттарды ар бир инсан озунун мунозундо синирип, жогорудагы ырааттуу, бир бүтүн адептик түшүнүкторду калыптандыруу зарыл.
Ыйман
Адамгерчилик
Адеп
Маданият
Руханий байлык
Кичипейилдик
Чынчылдык
Адилетт үүлүк
Маданият деген эмне?
Акыл-эс, билим, абийир жана уят сыяктуу эле – маданият адамды адам кылып турган негизги категориялардын катарына кирет жана алар менен өз ара тыгыз байланышта. Маданият – кайсы бир улуттун кулк-мүнөзүн (менталитетин), каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын, уз-чеберчилигин жана өнөр-чыгармачылыгын камтыган руханий тереӊ түшүнүк же башкача айтканда бир улутка таандык жашоо образы деп айтсак болот.Маданияттын баркын түшүрүп, кунун кетирип жаткан чала-чыгармачыл, атак-даңкка тойбогондор бүгүн өздөрүнүн деңгээли менен маданиятты жерге чаап жатышат. Бул сын эмес, бул кадимки биз күнүгө күбө болуп жаткан көрүнүштөр.
Мамлекттин негизги байлыгы- эл болсо, элдин негизги байлыгы бул ыйман.
Ыйман жана адеп
Адеп-ахлактык тазалыкты сактоонун ачкычы жүрөктү сактоодо. Ыйык Китепте: «Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булагы чыгат»,— деп айтылат. Бул жердеги «жүрөгүң» деген сөз эмнени билдирет? Кеп түз маанидеги жүрөк эмес, каймана жүрөк жөнүндө жүрүп жатат. Мындай жүрөк адамдын ички дүйнөсүн: ойлорун, сезимдерин жана каалоо-ниеттерин билдирет. Жүрөгүбүз адеп-ахлактык тазалыкка өзүнөн өзү эле умтулбайт. Аны туура нукка өзүбүз багытташыбыз керек. Мунун бир жолу — адеп-ахлактык тазалыктын, ыймандын канчалык баалуу экени жөнүндө ой жүгүртүү. Бул сапат тазалыкты, аруулукту, күнөөкөрлүктөн бөлүнүп тургандыкты билдирген ыйыктык менен тыгыз байланышат.
Эскерте кетсек, 2016-жылы президент тарабынан Тарых жана маданият жылы деп жарыяланып, анын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөн. Жарлыкта 2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылы жалпы колдоого ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасынын түгөнгүс кудурет-күчүн ачып көрсөттү жана жаңы кыргыз коомун түзүүгө негиз болгудай пайдубал бар экенин ырастаганы белгиленет.
Ар бир инсан төмөнкү ынанымдарга, билгичтиктерге ээ болушу зарыл : - адепттик – ыйман билимдерге ээ болуп, өз жүрүм – турумунда адеп токтомдорун калыптандыруу жана аларды колдоно билүү; - өзүнүн инсандык, адеп ахлак сапаттарын, мүнөзүн алдынкы моралдык өрнөктөргө багыттап калыптандыруу; - өзүн - өзү тарбиялоонун план – программасын тузө билуу жана реалдуу иш – аракет менен бекемдөө. - жалпы адамзаттык рухий – ыймандык дөөлөттөрдү билүү жана урматтоо; - улуттук нарк – насил, элдик педагогиканын көөнөрбөс салттарын жана дөөлөт– мурасттарын өздоштүрүү; - элдик салттуу диний ишенимдери менен таанышуу жана диндердин адептик – маданий маңызын аныктоо; - улуу инсандардын адептик – ыйман ойлору менен таанышуу; - Ата – Журттун адептик маданиятын билуу.
«Светофор» оюну
Мага сабак жактыбы?
Мен эмнени билч үмүн?
Б үгүн мен эмнени үйрөндүм?