Просмотр содержимого документа
«Ыктымалдуулук теориясына киришүү»
саламатсыздарбы
Сабактын темасы:
Ыктымалдык теориясына киришүү
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар ыктымалдыктын аныктамасын, формуласын(Р(А)=m/n) ,окуяларды, окуяларды белгилөөнү, натыйжаларын билишет.
2.Өнүктүрүүчүлүк: Берилген маселелерди формуланы пайдаланып чыгара алышат. Логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүшөт.
3. Сабакты кунт коюп угууга жана аткарууга тарбияланышат.
Алгач биз «ыктымал» сөзү эмнени түшүндүрөөрүн билип алалы.
Мисал келтирели. Эртең жаандын жаашы же жаабашы адамдарды кызыктырат
да, анын аткарылышы болжолдонот: жаздын ар бир күнүндө жаандын жаашынын ыктымалдыгы жай мезгилине караганда көбүрөөк болот.
Мисалы бүгүн жаан жаайт же жаабайт деген эки гана кубулуш болушу ыктымал. Аталган окуяларды латындын чоң тамгалары менен белгилейбиз.
А- «Бүгүн жаан жаайт»
В- «Бүгүн жаан жаабайт»
Демек бардыгы болуп 2 кубулушту көрүп турабыз. Алардын ар биринин келип чыгуу ыктымалдуулугу теңме-тен б.а. 50% ден болот.
Муну бөлчөк менен туюнтсак ½ ден туура келет.
Р(А)= ½ А-окуясынын келип чыгуу ыктымалдуулугу
Р(В)=1/2 В- окуясынын келип чыгуу ыктымалдуулугу
Турмушта окуялар ар түрдүү болот. Мисалы: кыштын күздөн кийин келиши-
ишенимдүү кубулуш, динозаврлардын азыркы шартта тирилиши- мүмкүн эмес окуя, ал эми жайдын күнү кардын жаашы- кокустук окуя.
Ишенимдүү окуянын ыктымалдуулугу-100% же 1 бүтүндү түзөт
Мүмкүн эмес окуянын ыктымалдуулугу- 0гө барабар
Кокус окуянын ыктымалдуулугу- 0 менен 1 дин арасында болот.
Аныктама: А окуясынын ыктымалдуулугу деп анын келип чыгышына көмөкчү окуялардын санынын бардык мүмкүн болгон окуялардын жалпы санына болгон катышын айтабыз.
Р(А) m- көмөкчү окуялардын саны
n-мүмкүн болгон бардык окуялардын жалпы саны
Мисалы :
Тунук эмес идишке 55 ак жана 45 көк түстө шарлар салынган. Бардыгы 100 шар. Каалагандай алынган шар кандай түстө болушу ыктымал?
Чыгаруу: А- каалагандай алынган шардын түсү ак n= 100 m= 55
В- каалагандай алынган шардын түсү көк n= 100 m= 45
Р(А) Р(B)
№ 3 102-бет. Мергенчи 100 жолку атууда 92 син бутага тийгизет. Ыктымалдуулукту эсептеп, мергенчинин бутага тийгизиш мүмкүн чүлүгүн мүнөздө.
№ 4 102-бет. Автозавод чыгарган 1000 машинанын 16сы деффект менен чыгат. Жараксыз машиналардын чыгарылышынын ыктымалдуулугун эсептеп, заводдун ишине мүнөздөмө бер.
Үйгө тапшырма №5 жана аныктаманы жаттоо.