Шаки Тойматов атындагы №7 “Иринжит” жалпы орто билим берүүчү мектеби
Тарбиялык сабактын темасы:
Ысак Барпиев 90 жашта.
Класс жетекчи: Икрамова А.
Сабактын темасы: Ысак Барпиев 90 жашта
Сабактын максаттары:
*Окуучулар эли, жери үчүн күрөшкөн баатырлар баяны менен таанышат;
*Сылык болуу, улууларды сыйлоо жөнүндө тарбиялоо;
*Байкоо жүргүзүү жана салыштыруу.
Өнүктүрүүчүлүк:
*Окуучуларга Ата Журтту сүйүү, Ата Мекенди коргоо, ар бир атуул үчүн Ата Мекен ыйык экендиги тууралуу кеңири түшүнүк алышат;
*Таанып билүүчүлүк жөндөмдү жана чыгармачылыкты өнүктүрүү.
Тарбия берүүчүлүк:
- Окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу, эр жүрөктүүлүккө, сезимталдыкка, эмгекке тарбиялоо;
Күтүлгөн натыйжалар:
Окуучулар мугалимдин жардамы менен патриоттуулук деген эмне? Маанисин түшүнүшөт.
Баалуулуктарды сиңирүү:
Кандай адам эл камын ойлойт;
Өз камын гана ойлоп жашаган туурабы?
- Сен чонойгондо мекениңе, элине кандай пайда келтирсем деп ойлойсун?
Өз ара байланыш, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү (башкалардын пикирин урматтоо, уга билүү жөндөмү).
Сабактагы негизги иш-аракеттер: “Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт”, “Баатыр болсоң – душмандан качпа” макалдар менен окуучулар менен ой бөлүшүү жана маанисин чечмелөө.
Сабактын жабдылышы: Баатыр жөнүндө накыл сөздөр, макал-лакаптар, ырлар, сүрөттөр.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди үйрөтүү сабагы.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу. Саламдашуу.
Классты толуктоо, келбегендерди журналга белгилөө.
Мугалимдин кириш сөзү: Окуучулардын сабакка даярдыгын байкап, аларга жакшы маанай каалоо. Суроолордун тегерегинде маектешүү уюштуруу:
- Кандай адам эл камын ойлойт? Ата Журтубуз – ата-бабалар жашап 64 өткөн жер. Ата-Мекен – эч нерсеге алмаштыргыс касиеттүү ыйык жер. Аны көз карегибиздей сактоо ар бир жарандын ыйык милдети. Тарыхка көз жүгүртсөк, жаратылышы кооз, байлыгы мол жерибизге көз арткандар көп болгон. Алар элди талап-тоноп, чилдей тараткан, Ала-Тоону ээлеп алган учурлары болгон. Элибиз мүнкүрөп турган чагында Манас баатыр 12 жашында душмандын баатырларын женип, 40 жигит кураган. Ар бир кыйын кезенде эл ичинен эли-жери үчүн жан аябаган эр азамат баатырлар чыгып, Мекенди коргоп келди.
Манас кыргыз элин жок болуп кетүүдөн сактаган. Кыргыз эли үчүн соккон жүрөгү.
Баатырыбыз Барсбек болгон – өз мезгилинин саясий ишмери болгон. . VII кылымда түрктөргө каршы тышкы саясат жүргүзгөн. 711-жылы курман болгон.
Мукаммед – Кыргызстанды Монголстандын бийлигинен бошотуп алуу үчүн күрөшкөн. Ысык-Көлдүн жээгинде Барскоондун жанынан тосуп, 1526- жылы монголдорду Кашкарга сүрүп чыгарган.
Тайлак баатыр – 1832 –жылы Кокондун беги Нарын, Ат-Башы, АкТалаа, Тогуз-Торо өрөөнүнөн бой жеткен сулуу кыздарды өстүрүп, балдарды шылтоо менен жылкы, кой, тоо, баалуу таштарды чогултуп, 50 жоокер алып кетмек болот. Ошондо Тайлак баатыр жигиттери менен Назар бекти өлтүрүп, кыздар, балдарды бошотуп, үйлөрүнө жиберет.
Атаке баатыр - XVIII кылымда бир жагынан Цинь (кытай) баскынчылары, экинчи жагынан казак султандары, үчүнчү жактан Кокон хандыгы кыргыз жерин басып, элин көз каранды кылууга аракеттенет. Элин сакташ үчүн Россия менен ымала түзгөн. А алфавитинде жазган каты Омск шаарындагы архивде азыркы күндө да сакталып турат.
Атакенин баласы – Карабек, Карабектен – Жантай, Жантайдан Шабдан төрөлгөн. Шабдан баатыр – өз мезгилинин кеменгер эл башчысы, элдин ынтымагы деп жанын аябай кызмат кылган. Бей-бечараларга кайрымдуу, кенпейил, патриот адам болгон. Байлык топтоого, атак-даңкка умтулган эмес.
Ормон хан – XIX кылымдын орто ченинде түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө киришет. Жыйын чакырып, Сарбагыш, Бугу, Саяк, Солто, Саруу, Кушчу, Черик урууларынан биримдик түзөт. Казак султандарын жөнгө салат.
Байтик баатыр – Чүй өрөөнүн Кокон хандыгынын бийлигинен куткарууда чоң эмгек сиңирген. Капитан чини жана орден менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары: 1941-1945- жылдарда дүйнөгө дүрбөлөң салган коогалуу согуш башталды. Элин-жерин душмандан сакташ үчүн кыргыздын улан-кыздары согуш майданына аттанышкан. Чолпонбай Түлөбердиев – душмандын дзотун денеси менен жаап, эл-жери үчүн жанын берген.
Дүйшөнкул Шопоков – 1941-жылы Москваны коргогон 28 панфиловчулардын ичинде болгон. Салгылашуу учурунда ок тийип, оор жарадар болсо да бир нече гранатаны алып, келе жаткан танканын алдына боюн таштаган.
Ооганстандагы коогаланда Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер катышкан. Алардын 30 га жакыны туулган жерине кайтып келген эмес. Сулайманов Аблас – 56 жолу согуш операциясына катышкан, 1982-жылдын 20-августунда душмандын курчоосунда курман болгон.
Эл аралык терроризмге каршы күрөштө Баткен жергеси жана баткендиктер «эрдик» медалына ээ болгон. Алар Тажидин Тайлаков - айыл өкмөтүнүн башчысы, Шахабидин Моложанов – милициянын лейтенанты, Мелис Торобеков, Расул Рахматуллаев - жоокерлер. Мындай бирдиктүү, ынтымактуу элди эч бир душман жеңе албасын Баткен окуясы далилдеди.
Мугалим: Мына балдар биз кичине болсо да баатырлар жөнүндө маалымат уктук. Эми бул суроого жооп бергилечи:
Мугалим: - Баатыр деген ким? Бул жеке кызыкчылыктарды жеңип, элдин эркиндигине, жакшы жашоосуна, тынччылыгына кам көрүп, бардык күч аракетин ошого жумшаган кишиге гана статус катары эл тарабынан берилет. Демек, баатыр элдин бактысына жаралып, тынчтыгы үчүн күрөшкөн адам.
Чыныгы ар намыстуу адамдар бүгүнкү күндө да бар, ошондой эле кыргыз элибиздин тарыхында көп болгон. Алардын ар намыстуулугу эл ичинде адеп-ахлакты сактаса, эл четинде жоодон коргогон. Алты сан аман турганда, Ыйык кыргыз жеримди, Душмандын буту баскыча, Асыл кыргыз элимди, Тебелетип бөтөнгө, Кор кылып карап жаткыча, Туулбай туна чөгөйүн, Тирүү жүрбөй өлөйүн, Аткарбасам антымды, Төшү түктүү жер урсун! Көкө Теңир өзү урсун!!! Манас атанын ушул улуу идеясы менен мекенибиздин уулкыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин, Исках Раззаковдон тартып, Чолпонбай Түлөбердиевге чейин аба менен дем алгандай дем алып, элинин ар намысы үчүн өз жанын аябай, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен.
Согуштун ардагерлери кырчындай жаш куракта согушта кан кечип, төшүн окко тосуп курман болсо, кээ бири жеңиштин желегин желбиретип өз мекенине кайтып келишкен. Өзүнүн эли, жери үчүн күрөшкөн баатырлардын өлбөс, өчпөс эрдиктери элдин түбөлүк үлгүсү болуп, жүрөктүн түбүндө бекем сакталып калмакчы. Экинчи дүйнөлүк согуштун өзгөчө эрдик көрсөткөн панфиловчу баатырлары жөнүндө бүгүн да эскерип, аларга таазим этишибиз керек.
Азыр балдар мен силерге баатырларды коштогон сапаттарды айтып берем.
Кайраттуулук — баатырдыктын түйшүгүн көтөрө ала турган негизги сапат. "Байлыгыңды жоготконуң эч нерсе жоготконуң, намысыңды жоготконуң көп нерсе жоготконуң, кайратыңды жоготконуң бардыгын жоготконуң" деген кеп бар. Баатырдык жолу катаал болгондуктан түмөн түйшүк башка келет. Андайда кайраттуулук менен тагдырды жеңе билүү — чыныгы баатырдык.
Көрөгөчтүк — акыл-эстин барлыгынан кабар берет. Көрөгөч баатыр баарын алдын ала көрөт, аңдайт, түшүнөт, билет. Учурунда акыл менен, керек жерде сезим менен иш жасап, көрөгөчтүгү көп түйшүктөн сактайт, жакшылыкка жетелейт.
Баатырдыкты коштогон шаарлык, сөз билгилик, адамгерчилик, каниеттүүлүк өңдөнгөн дагы башка сапаттар да толтура. Бирок баатыр болуу баарынын эле тагдырына буйрубаса керек.
Бышыктоо. Суроо: “Баатырлар эл сыймыгы” ушул макалды кандай түшүндүңөр, балдар? Баатырлар жөнүндө кандай макал-лакаптарды билесиңер?
Сабактын жыйынтыгы: Суроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
1. “Ата Мекенибизди сүйүп, эли-жери үчүн жанын берген кандай баатырларды билесиңер?
2. Баатыр деген ким?
3. Баатырлардын кандай сапаттарын билесиңер?
4. Кандай адам эл камын ойлойт?
Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз “Баатырлар эл сыймыгы” деген темада кеп кылдык. Демек, силер кичине кезиңерден өз Ата-Мекениңерди сүйүп, эл-жериңердин даңкын чыгарып, патриот болушуңар керек. «Эл-жери үчүн кызмат кылуу – бардык кызматтардан улуу» - дегендей ар-бирибиз Ата Мекенибизди сүйүп, эл-жер үчүн жан тарткан атуулдардан бололу.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма: “Баатырлар эл сыймыгы” жөнүндө макалдардан жаттап келгиле.