СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ысак Барпиев 90 жашта.

Нажмите, чтобы узнать подробности

класс жетекчи үчүн

Просмотр содержимого документа
«Ысак Барпиев 90 жашта.»

Ысак Барпиев 90 жашта.

Ысак Барпиев

90 жашта.

Ысак Барпиев 1934-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 1942-жылы Авлетим орто мектебине кирип, 1953-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Авлетим айылдык клубунун башчысы болуп баштаган. 1957-жылы Авлетим маданият үйүнүн башчысы болуп дайындалган. 1958-жылы райондун борборундагы Токтогул атындагы парктын директору, андан соң ошол эле жылы райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеген.

1961-64-жылдары Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумун, 1973-1978-жылдары Өзбек ССРнин Хамза Хакимзаде атындагы педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1978-жылга чейин райондук партиялык комитеттин чечими менен Тельман атындагы колхоздун жетекчисинин орун басары, жылкы ферманын башчысы, колхоздун профсоюздук комитетинин башчысы болуп иштеген.

Өздүк көркөм чыгармачылык кароо-сынактардын бир нече жолку лауреаты. «Кыргызстан» жаштар союзунун борбордук комитетинин ардак грамотасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун ардак грамотасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын министрлер советинин ардак грамотасы менен сыйланып, 1996-жылы «Эмгек сиңирген артист» наамын алган.

https://youtu.be/32zXklQTsAg?si=qSVYP0apJRtGCSXf

https://youtu.be/32zXklQTsAg?si=qSVYP0apJRtGCSXf

Кезинде айтылуу төкмө акындар А.Айталиев, Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, Т.Абдиевдер менен айтышып жүргөн. 1995-жылы Таласта өткөн “Манас – 1000” мааракесинде, Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесинде салтанаттуу иш-чараларды ачып берген.  Ысак Барпиевдин айтыштары, лирикалык ырлары, арноолору, куттуктоолору камтылган “Айылдан тапкан ырларым” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.

Кезинде айтылуу төкмө акындар А.Айталиев, Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, Т.Абдиевдер менен айтышып жүргөн. 1995-жылы Таласта өткөн “Манас – 1000” мааракесинде, Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесинде салтанаттуу иш-чараларды ачып берген.

Ысак Барпиевдин айтыштары, лирикалык ырлары, арноолору, куттуктоолору камтылган “Айылдан тапкан ырларым” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.

кыргызга белгилүү айылдан чыккан төкмө акын, айтылуу аксылык Ысак Барпиевдин “ Айылдан тапкан ырларым ” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Китепке, биз соз кылып жаткан төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти  Ысак Барпиевдин  айтыштары, куттуктоолору, лирикалык жана арноо ырлары, ошондой эле Абдымомун Калбаев менен болгон кеңири мазмундагы маеги кирген. Жыйнактын ырларын чогултуп, түзгөн, өзүнүн жердеш иниси, акын-жазуучу, чыгаан журналист  Абдымомун Калбаев . Ага “Баш сөздү” Т.Мавлянов атындагы орто билим берүүчү мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими  Сыдык Хайдаров  жазган.

“ Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей, айылда жүрсө да акындын жүрөгү: “ Эртең кандай заман болот, эл эмне болот” деп толгонот? Бул албетте, мыйзам ченемдүү көрүнүш – ошол үчүн ал акын. Эне сыяктуу эле эл алдында акындын өтөй турган өзүнүн улуу миссиясы бар. Китепке ошондой эле акындын лирикалык ырлары да киргизилген. Алардын ичинен төмөнкү ырдын эки куплетин мисал тартуу менен сөзүбүздүн аягына чыгалы. Дегеле болбой жанын жеп,  Дүргүтө берсе чагым кеп  Ансайын ичин куйкала  “Алтындан кымбат чалым” деп ……………………………………………… .. Улгайган менен “сырт” жагы  Укмуш дей бергин “ич” жагы  Ушагын мейли улантып  Удургуй берсин бүт баары (“Улгайгандагы ыр”)

Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей, айылда жүрсө да акындын жүрөгү: “ Эртең кандай заман болот, эл эмне болот” деп толгонот? Бул албетте, мыйзам ченемдүү көрүнүш – ошол үчүн ал акын. Эне сыяктуу эле эл алдында акындын өтөй турган өзүнүн улуу миссиясы бар. Китепке ошондой эле акындын лирикалык ырлары да киргизилген. Алардын ичинен төмөнкү ырдын эки куплетин мисал тартуу менен сөзүбүздүн аягына чыгалы.

Дегеле болбой жанын жеп, Дүргүтө берсе чагым кеп Ансайын ичин куйкала “Алтындан кымбат чалым” деп

……………………………………………… ..

Улгайган менен “сырт” жагы Укмуш дей бергин “ич” жагы Ушагын мейли улантып Удургуй берсин бүт баары (“Улгайгандагы ыр”)