Тема: Зат атооч жана анын маанилик түрлөрү
Зат атоочтун морфологиялык жана синтаксистик белгилери
Зат атоочтун бөлүнүшү
Тубаса жана туунду зат атоочтор
Жалпы аттар жана энчилүү аттар
Адамзаттык жана адамзаттык эмес зат атоочтор
Конкреттүү жана абстрактуу зат атоочтор
Зат атоочтун морфологиялык
белгилери
Зат атооч заттардын, кубулуштардын, окуялардын, түшүнүктөрдүн аттарын билгизет. Зат жөнүндө билгизип, жөндөмө, сан, таандык, бир кыйласы жак менен өзгөргөн, сүйлөмдүн ар кайсы мүчөсү боло алган, ким? эмне? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү зат атооч деп аталат.
Зат атоочтун морфологиялык белгилери төмөнкүлөр:
жөндөмө менен жөндөлөт
жекелик жана көптүк санда айтылат таандык мүчөлөр менен өзгөрөт
жак мүчөлөрүн кабыл алат
Зат атоочтор синтаксистик жактан төмөнкү милдеттерди
аткарат:
Ээлик: Адам бакытты бекер жатып таппайт, эмгек менен табат. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Баяндоочтук: Бирдин иши - чөл, миңдин иши-көл.
Толуктоочтук: Ачууну акыл жеңет.
Аныктоочтук: Адамдын акылы бардык нерсени жаратат.
Бышыктоочтук: Айылда эң сонун жаңылыктар болуп жатат.
Зат атоочтун бөлүнүшү
Зат атоочтор морфологиялык түзүлүшүнө карай тубаса жана туунду,
заттарды атоо касиети боюнча энчилүү жана жалпы
адамзаттык жана адамзаттык эмес
табияты боюнча конкреттүү жана абстрактуу
түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт.
Тубаса жана туунду зат атоочтор
Морфемаларга ажыратууга мүмкүн болбогон зат атооч сөздөр тубаса зат атоочтор деп аталат.
Мисалы: ата, бала, кол, баш, тегирмен, Акыл, Сайкал, Нарын ж.б.
Туунду уңгу же бириккен уңгулардан турган зат атоочтор туунду зат атооч деп аталат. Булар курандылар аркылуу же уңгу бирикмелери менен жасалган сөздөр болуп эсептелет.
Мисалы: окуучу, жылкычы, китепкана, кийим, таята, кайнага, Ат-Башы ж.б.
Жалпы аттар жана энчилүү аттар
Жалпы аттар бир тектеги заттарды, жан-жаныбарларды ж.б. жалпы жонунан бириктире атайт. Мисалы: гүл, дарак,
токой, адам, түн, күлкү, тартип, карышкыр ж.б.
Энчилүү аттар кандайдыр бир тектеги заттардын, жан-жаныбарлардын ж.б. ичинен бирөөн бөлүп көрсөтөт, б.а. ал ат ошол затка энчиленип коюлат. Мисалы: Жамийла, Ажар,
Данияр, Акбара, Кумайык, Бишкек, Түркия, «Манас» эпосу «Даңк» ордени, Марс ж.б.
Адамзаттык жана адамзаттык эмес зат атоочтор
Адамзаттык зат атоочтор дайыма адамды билдирет, же адамга тиешелүү болот да, ким? деген суроого жооп берет.
Мисалы: бала, байке, эже, карындаш, жеңе, студент, инженер, комузчу, Алтын, Майрам, Карабагышова ж.б.
Адамзаттык эмес зат атоочтор адамдан башка бардык зат атоочтор болуп, эмне? деген суроого жооп берет.
Мисалы: аюу, коён, бүркүт, кызгалдак, булут, суу, бакыт, ой, санаа, Тайтору, Ташчайнар, Буудайык ж.б.
Конкреттүү жана абстрактуу зат атоочтор
Конкреттүү зат атоочтор көз менен көрүп, кол менен кармап, элестерин, образдарын көз алдыга келтирүүгө мүмкүн болгон заттарды билгизет.
Мисалы: алма, жүзүм, таш, кум, чагылган, жалбырак, жип ж.б.
Абстракттуу зат атоочтор көз менен ачык-айкын көрүүгө, кол менен кармап билүүгө мүмкүн болбогон, бирок ой жүгүртүү аркылуу аныктала турган заттык түшүнүктөрдү атайт.
Мисалы: акыл, билим, ой, турмуш, мамиле, таасир, адамгерчилик, жакшылык, жамандык, жаңылык ж.б.
Жыйынтык
Жогоруда айтылгандай зат атоочтор морфологиялык жана синтаксистик жолдор менен жасалат.
Ошондой эле, заттардын, буюмдардын, жан-жаныбарлардын, абстракттуу түшүнүктөрдүн, ар кандай көрүнүштөрдүн, кубулуштардын аттарын билдирип ким? жана эмне? деген
суроолорго жооп берген сөздөр зат атоочтор деп аталат.
Зат атооч - атооч сөз түркүмдөрүнүн ичинен эң негизгиси жана кыргыз лексикасынын басымдуу бөлүгүн зат атоочтор түзөт.