СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалаң жана жайылма сүйлөм

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жалаң жана жайылма сүйлөм»

Сабактын темасы – Жалаң сүйлөм жана анын түзүлүшү (8-класс)

Сабактын максаттары:

а) билим берүүчулүк максаты: Окуучуларга жалаң сүйлөм боюнча жалпы түшүнүк берүү.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулардын кабыл алуусун, эске тутуусун жана реакциясынын тездигин өнүктүрүү.

в) тарбия берүүчүлүк максаты: Окуучуларды туура сүйлөөго, бири-биринин оюн угуп, аларды сыйлоого тарбиялоо.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу:

а) жалаң жана жайылма сүйлөм боюнча жалпы түшүнүк алса;

б) жалаң жана жайылма сүйлөмдөрдү өздөштүрө билсе;

в) бири-биринин оюн угуп, туура сүйлөөго тарбияланышса.

Сабактын тиби: Жаны билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: Айтып берүүчүлүк түшүндүрүүчүлүк, интерактивдүү методдун айрым стратегиялары.

Сабактын жабдылышы: Лозунгдар, схемалар, дидактикалык карточкалар.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу

2.Ѳткөн теманы кайталоо.

-Саламатсынарбы, балдар? Бүгүнкү сабакка болгон маанайыңар кандай?

-Кана эмесе, сабагыбызды баштайлы.

Ѳткөн теманы «Акыл чабуулу» методунун жардамы менен кайталайбыз.

1. Жөнөкөй сүйлөм деп эмнени айтабыз?

2. Жөнөкөй сүйлөмгө мисал келтиргиле.

3. Кандай сүйлөм татаал боло алат.

Окуучулар:

- Бир гана сүйлөмдөн түзүлсө, анда ал жөнөкөй сүйлөм болот. М.: Мен сабакка келдим.

Эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөн турса, анда алар татаал сүйлөм болот.

Мугалим: Азаматсынар, балдар! Анда келгиле, бүгүн күнгө кайсы күн? Баарыбыз доскага көңүл болобуз! Жаны теманы түшүндүрөрдөн мурун үч топко бөлүнүп алалы.

1-топ: «Айкөл» тобу.

2-топ: «Мурас»тобу.

3-топ: «Манас тобу.

Мугалим: - Балдар, бүгүнкү биздин сабагыбыздын темасы

- «Жалан сүйлөм». Жөнөкөй сүйлөмдөр тутумунда айкындооч мүчөлөрдүн бар экендигине же жок экендигине карай жалаң жана жайылма сүйлөм болуп экиге бөлүнөт. Баш мүчөлөрдөн гана, башкача айтканда, ээ менен баяндоочтон гана түзүлгөн сүйлөмдөр жалаң сүйлөм деп аталат.





  • Ээ менен баяндоочтон турат (жалан сүйлөм)

  • баш жана айкындооч мүчөлөрдөн турат(жайылма сүйлөм)



М.: Момун таарынбайт (Ч.А).

Ажар чочуп кетти.

Журогу туйлай баштады (К.Б).

Бул жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ээси – Ажар, жүрөгү деген сөздөр, ал эми баяндоочтору чочуп кетти, туйлай баштады.

Демек, мындай сүйлөмдөрдө айкындооч мүчөлөрү катышпайт, жалаң баш мүчөлөрдөн гана жасалгандыктан, жалаң сүйлөм деп аталат.

- Түшүндүңөрбү, балдар? Эми силер менен окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү иштейбиз.118-көнүгүүнү окуп,

1-топтогу окуучулар жалаң сүйлөмдөрдү,

2-топ жайылма сүйлөмдөрдү аныктагыла жана алардын эмне үчүн жайылма же жалаң экендигин түшүндүргүлө.

3-топтогу окуучулар болсо, 119-көнүгүүдө берилген жалаң сүйлөмдөрдү жайылма сүйлөмдөргө айландыргыла.

Бул тапшырманы аткаруу учун 5 минут убакыт берилет

Көнүгүү боюнча жооптор алынат. Кемчиликтери толукталат. Окуучулар оюнга көңүл бөлүшөт

Мугалим: Азаматсынар, балдар! Андан кийин мугалим ар бир топко тапшырма берет.

1) «Айкөл» тобу: Жалаң сүйлөм боюнча кластер түзгүлө.

2) «Мурас» тобу: Жайылма сүйлөм боюнча кластер түзгүлө.

3) «Манас» тобу: Венндин диаграммасын түзгүлө.

Убакыт бүткөн сон, окуучулар өз тапшырмаларын айтып беришет. Андан соң окуучулар сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзүшөт. Сүйлөмдөгү жалаң жана жайылма сүйлөмдөрдү табышат.

Балдар менен 3 мин грамматикалык оюн ойнотулат. «С» тыбышы менен башталган жалаң сүйлөм катышкан жөнөкөй сүйлөм түзгүлө. Оозеки

жооптор алынат 5-6 жолу кайталанат. Сабакты бышыктоо: ϴтүлгөн тема боюнча суроолор аркылуу бышыкталат.

Yйгө тапшырма берүү

Окуучулардын билимин баалоо: топторду жана анын мүчөлөрүн баалоо менен ишке ашат.

Сабакты жыйынтыктоо


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!