СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалкоолук .....

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Жалкоолук .....»

ЖАЛКООЛУК

Сабактын максаты:

Окуучулар ысырапкерчилик жана жалкоолук тууралуу түшүнүккө ээ болушат.

Мындай сапаттардан алыс болууга умтулат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ысырапкерчилик –бул ашыкча каражат, чыгым сарптоо. Бул адам баласын жакыр жашоого алып келет. Эсеп-кысабы жок жашоого үйрѳтѳт.

Ак эмгек менен тапкан акчасын үнѳмдѳп, сарамжалдуулук менен пайдаланууга кѳнүгүшүбүз керек. Бүгүнкү күндѳ ашыкча той-тамашалар, мааракелер кѳптѳгѳн ысырапкерчиликке жол коюуда. Мисалга ала турган болсок, үйлѳнүү тойун ѳткѳрүү үчүн канча миңдеген акчалардын жумшалуусу. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык тойду сѳзсүз кафе, ресторандарда ѳткѳрүү салттуу кѳрүнүш болуп баратат. Колунда барга бир жѳн, колунда жокту куру намыс жүгѳндѳп жатат. “Каргага теңелем деп, каздын буту сыныптыр” дегендей бирин-бири туурап, ашыкча чыгым сарптап той ѳткѳрүп, эртеси жегенге нан таппай калган кѳрүнүштѳр да кездешет. Демек, ашыкча ысырапкерчиликтин акыбети жакырчылыкка алып келет. Окуучум, сен сарамжалдуу жашоого кѳнүк, ысырапкерчиликке жол бербе.

Жалкоолук –коомдук пайдалуу эмгектен безүүчүлүктү жана аны барк албастыкты мүнѳздѳй турган терс сапат. Анын маңызын эмгектенбей, бирѳѳнүн эсебинен күн кѳрүү түзѳт. Бирок бардык эле учурда эмгекчил эл жалкоолукка, жатып ичерликке келишпес мамиле жасап келишкен. Коомдо жалкоолук, жатып ичерлик терс кѳрүнүштѳрдүн кѳбѳйүшү анын чыгармачылык, түзүүчүлүк эмгегинин басаңдашы деп түшүнүү керек. Демек, эмгектен баш тартууну, ынтаасыз, илең-салаң эмгектенүүнү, ѳз эмгегинин санына жана сапатына жараша эмес, кѳбүрѳѳк пайда алууга умтулууну, керт башынын кызыкчылыгы үчүн элдик байлыкты ысыраптоочулук сыяктуу терс кѳрүнүштѳрдү да жалкоолуктун түрлѳрү катары баалоогоболот Демек, жалкоолукту жоюунун негизги шарты –адамдардын чыгармачыл, күжүрмѳн, эмгекчилдик сапатка ээ болуусу.

2-кадам: Текст окулуп, талкууланат.

Жалкоо

Кечинде Рысбек балдарына мындай деди:

-Балдарым, эртең дем алыш ээ? Тоого баралы. Даярдангыла.

-Ураа! –деп кичинекей Мирлан сүйүнүп кетти атасынын сѳзүн угуп. Мен дагы даярданам. Тоого барабыз! Гүл теребиз! Ойнойбуз! Эс алабыз!

-Чоң ата, тоодо эмне кылабыз? Чѳп чабабызбы? –деди улуу баласы Кемел.

-Ооба, балдарым, чѳп чабабыз. Отун жыйнайбыз.

-Мен да барамбы? –деди ортончу уулу Касым.

-Ооба, мен, сен, байкең үчѳѳбүз барабыз.

Атасынын бул сѳздѳрүн угуп, кичинекей Мирлан ага эркеледи:

-Ата, мен эртең бѳбѳгүмдү ойнотойун ээ…

Мирландын бул сѳзүнѳ атасы, апасы, байкелери баары күлүштү.

Суроолор:

  1. Ысырапкерчилик дегенди кандайча түшүндүң?

  2. Жалкоолуктан кантип арылууга болот?

  3. Эмне үчүн Мирлан тоого барам деген ойунан кайтты?

  4. Кичинекей Мирланды жалкоо деп айтууга болобу?

3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Жалкоолук шорду кайнатат,Ак эмгек майды чайнатат.



Жалкоо карап олтуруп чарчайт.



Жалкоо күн батарын күтѳт,

Эмгекчил таң атарын күтѳт.



Жалкоонун жаны таттуу,Эмгектин наны таттуу.



Жалкоонун жаны:

“Алма быш, оозума түш!” дейт.



Ишинде илээнди-

Ысырапчынын тууганы.

Элден

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Майнапсыз тойлордун, маанисиз мааракелердин кереги барбы?” деген темада класста дискуссия уюштургула.

  2. Жалкоолук жѳнүндѳ айтылган элдик жомокторду таап окугула, маанисин айтып бергиле.

  3. Залкар ойлорду талкуулагыла.






















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!