Просмотр содержимого документа
«Жалпы билим берүү уюмдарында инклюзивдик билим берүү .»
Тема : Жалпы билим бер ү ү уюмдарында инклюзивдик билим берү ү .
ПЛАН:
- Киришүү
- Инклюзивд ү ү билим бер ү ү
- Угуусу бузулган балдар
- Көрүүсү бузулган балдар
- Сүйлөөсү катуу бузулган балдар
- Психикалык өнүгүүсү бузулган балдар
- Кыймыл аппараты бузулган балдар
- Аутистикалык спектри бузулган балдар
- Даун синдрому менен болгон балдар
- Интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар
- Балдар ү ч ү н оюндар
- Колдонулган адабияттар
Инклюзивдик билим бер ү ү деген?
- Инклюзивдик ( франц.inclusif өзүнө камтуучу) же камтылган билим берүү .
- Бул окутуу жараянын ушундайча уюштуруу, анда бардык балдар, алардын физикалык, психикалык, интеллектуалдык же башка өзгөчөлүктөрүнөн көз карандысыз, билим берүүнүн жалпы тутумуна камтылган жана жашаган жери боюнча өздөрүнүн курбулары менен чогуу бир эле жалпы билим берүүчү мектептерде окутуу болот.
- Инклюзивдүү билим берүүгө башкы түрткү 1994-жылы Испанияда болуп өткөн Өзгөчө керектөөлөрү бар адамдарга билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференцияда берилген (Саламанк декларациясы).
- 10-июнда ал жерде «Өзгөчө керектөөлөрү бар адамдарга билим берүү чөйрөсүндөгү принциптер, саясат жана практикалык ишмердүүлүк жөнүндө» Декларация кабыл алынган. Бул документ мамлекеттерди «бардыгы үчүн мектептерди» түзүү багытында аракеттенүүгө чакырат.
ДМЧ эмнени билдирет?
- ДМЧ чечмелөөсү: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген дегенди билдирет. Бул категорияга физикалык, ошондой эле психологиялык өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар жактар кирет.
- «ДМЧ болгон балдар» деген түшүнүк, балдардын ушул категориясынын жашоосу жана окуусу үчүн атайын шарттарды түзүү керек дегенди билдирет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар
- ө н ү г үү н ү н ар кандай бузулуусу менен болгон балдар: угуусу, көр үү с ү , с ү йлөөс ү , таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу (ТКАБ), психикалык (ПӨБ) жана интеллектуалдык өн ү г үү с ү н ү н бузулуусу (ИӨБ), аутикалык спектрдин бузулуусу, Даун синдрому менен болгон балдар саналат
УГУУСУ БУЗУЛГАН (ЖАБЫРКАГАН) БАЛДАР
- Угуусу туруктуу бузулган балдар эки негизги категорияга бөлүнүшөт: дүлөйлөр жана начар уккан (катуу кулак) балдар .
- Дүлөй балдар кулакка жакындатып катуу айтылган сөздү (добушту) сезет (угат), бирок ушул эле учурда аларды атайын окутуусуз, сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү түшүнүшпөйт.
- Дүлөй балдар үчүн уктуруучу аппаратты же кохлеардык имплантатты пайдалануу милдеттүү болуп саналат.
Кулагы начар уккан (катуу кулак) балдар
- угуусунун ар кандай деңгээлдеринде (жеңил, акыл-эси, олуттуу, оор) – шыбырап сүйлөгөндү кабыл алуудагы кыйынчылыктардан тартып катуу сүйлөгөн сөздөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн катуу чектелишине чейинки кыйынчылыктары менен балдар кирет. Уктуруучу аппараттарды, өзгөчө окууларда жана сабактарда, колдонуунун зарылдыгы жана тартиби, адистер (сурдолог-дарыгери жана сурдопедагог) тарабынан аныкталат.
Жумуш ордун уюштуруу.
- баланы мүмкүн болушунча педагогго жакын отургузуу керек (3 метрден алыс эмес);
- сабакты уюштуруу учурунда (маселенин, тапшырманын номерин жазуу ж.у.с. учурунда) курдашынын дептерин көрүүгө мүмкүн болуш үчүн угуусу начар (бузулган) окуучунун партасы ага ыңгайлуу – жакшы уккан өнөктөш-окуучунун оң жагында жайгашканы жакшы;
Методикалык сунуштар:
- ачык, так жана катуу сүйлөңүз, бирок кыйкырбаңыз;
- эгерде, балага колдонуу үчүн угуучу аппарат берилсе, ал аны колдонуп жатканын, аппарат туташканын, иштеп жатканын текшерип, ага ишеним алуу керек;
- мугалим эмнени айтып жаткандыгы жөнүндө окуучунун түшүнүүсүнө жардам берүү үчүн жаңсоо кыймылы менен бирге жөнөкөй сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү колдонуу керек;
- иллюстративдүү материалды же белгилери бар карталарды колдонуу керек;
- баланы жакшы уккан окуучунун жанына отургузуу керек. Ал керектүү бетти табууга, тапшырманы кайталоого жардам берет;
- ал берилген тапшырманы аткарууну баштаардан мурда, ал тапшырманы түшүнгөнүн же түшүнбөгөнүн текшерүү керек;
- жаңы материал бала үчүн түшүнүктүүбү же жокпу, аны текшерүү керек. Бир-эки суроо берүү менен эле теманын эң башкысын же аны өздөштүрбөстөн, андан ары жылууга мүмкүн эмес болгон деталдарды бала түшүнгөнүн же түшүнбөгөнүн бардык эле педагог бат эле аныктап коет, бирок бериле турган суроолордун өзү баланын кабыл алуусу үчүн түшүнүктүү болушу керектигин унутпаш керек. Аны текшерүү үчүн берилген суроону андан үн чыгарып кайталоосун талап кылуу керек;
- мактоолор, балдардын өз күчтөрүнө болгон ишенимдерин өнүктүрөөрү, окууга карата оң мамилесин жараттары, тапшырманы аягына чыгарууну каалай тургандыгы, жаралган кыйынчылыктарды жеңип чыгаары эсинизде болсун;
- угуусу бузулган (начар) окуучу классташтарынын сөздөрүн көрүп-угуу менен кабыл алуу үчүн кайрылып кароого мүмкүнчүлүгү бар болгондой мейкиндикти уюштуруу керек;
КӨРҮҮСҮ БУЗУЛГАН БАЛДАР
- Көр үү н ү н бузулушу – бул көр үү курчтугунун коррекциясы менен жакшы көргөн көздөн 0,3төн аз жана же кър үү аймагынын 15 градустан аз көр үү курчтугу.
Көрүүсү бузулган балдар төмөнкүдөй категорияларга бөлүнүшөт:
- Сокур көрбөгөн балдар, аларда көрүү сезими толугу менен жок, жарыкты сезүү же калдык көрүүсү бар (жакшы көргөн көзгө карата көрүү курчтугу 0,01ден 0,08 чейин) көрүү курчтугу,
- начар көргөн балдар башка көрүүчү функциялары боюнча абалында четтөөлөрү бар (түстөрдү- жана жарыкты сезүү, перифериялык жана бинокулярдык көрүү (жакшы көргөн көзгө карата коррекция учурунда 0,05тен 0,2 чейин көрүү курчтугу),
- чалыр жана амблиопия менен (0,3төн аз көрүү курчтугу менен) ооруган балдар.
Окутуу мейкиндиги
- Көрүү жөндөмдүүлүгү начар баланын жумуш орду туура жана жетиштүү түрдө жакшы жарык болушу керек.
- Андай баланы биринчи (терезенин жанына) жана экинчи (ортодогу) катарга отургузуу керек.
- Мындан тышкары, алыстан начар көргөн баланы доскага жакын, биринчи же экинчи партага отургузуу керектигин, ал эми алыстан жакшы көргөн баланы, тескерисинче, доскадан алысыраак, акыркы парталарга отургузуунун зарылдыгын эске алуу керек
Методикалык сунуштар:
- педагогдор баланын медициналык картасы менен милдеттүү түрдө таанышып чыгуусу зарыл, анда психологдун, дефектологдун, логопеддин жана педиатрдын өзгөчө сунуштары белгиленет;
- баланы бир ишмердиктен башка ишмердикке бат-баттан которуп туруу керек;
- доскага ири (чоң) шрифт менен жазуу керек;
- улуу киши сөзүн так, жай сүйлөшү керек, зарыл болсо, сөзүн бир нече жолу кайталашы керек. Мугалим, бала эмнени жасаса, анын баарын айтып турушу керек: жазып жатат, сүрөт тартып жатат, тажрыйбасын көрсөтүп жатат ж.у.с., көрсөтмө окуу куралдарында эмне тартылгандыгын (мисалы, «сол жакта үй тартылган» же «үстүндө – асман, күн, ал эми астында - токой») айтып турушу керек.
- балдар педагогдун сөзүнө толук көңүлүн коюп, башка үндөргө алаксыбаш үчүн башка үндөрдү (ызы-чууларды) минимумга чейин төмөндөтүү же аларды таптакыр четтетүү керек;
- зарыл болсо, лупаларды колдонууга болот;
СҮЙЛӨӨ РЕЧИ КАТУУ БУЗУЛГАН БАЛДАР (СКБ- ТНР)
- СКБ (ТНР) – угуусу жакшы сакталган жана интеллекти ченемдүү болгон балдарда белгиленген, сүйлөө системасынын компоненттерин (сүйлөөсүнүн лексикалык жана грамматикалык түзүлүшү, фонематикалык процесстери, үн чыгаруусу, үн агымын просодикалык уюштуруусу) түзүүдөгү туруктуу спецификалык четтөөлөр. Бул категорияга алалия, афазия, ринолалия, дизартрия жана кекечтенген балдар кирет, анда окуу жана жазуу учурунда алардын бузулушуна алып келе турган, сүйлөөнүн (речтин) жалпы өнүкпөй калгандыгы белгиленет.
Сүйлөөречинин бузулушунун жаралган себептери :
- экологиялык кырдаалдын начарлашы;
- йод- жана фтордун тартышыгы;
- боюнда бар учурда патологиялардын санынын көбөйүшү;
- төрөт учурунда жаракаттардын (травмалардын) санынын көбөйүшү;
- балдардын ден соолугунун начарлашы жана балдардын оорууларынын өсүшү;
- ар кандай социалдык себептер.
- Социалдык-психологиялык себептер:
- туура эмес сүйлөгөн чөйрө жана тарбия (бузулган тиби боюнча);
- оң эмоционалдуу чөйрөнүн жоктугу;
- ашыкча катуу үндөр (ызы-чуу);
- психикалык жаракаттар (травмы), үй-бүлөдөгү узак психотравмалык абал.
Методикалык сунуштар:
- СКБ (ТНР) менен болгон балдардын өзгөчөлүктөрүн билип туруп, дидактикалык оюндарды колдонуу менен окутула турган материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн бир нече (угуучу жана көрүүчү, угуучу жана жол (такт) анализаторлорду ишке тартууга умтулуу керек;
- балдар менен сүйлөшүүдө үн бир калыпта кармалган тондо болушу керек. Мүмкүн болушунча үндү жогорулатпастан, так жана жай сүйлөө керек;
- тынч, кыймылдары ишенимдүү, шашылуунун жоктугу, жашоонун бардык учурларында өзүн кармай билүү керек;
- бала менен баштаган ишти ар дайым бардык учурда аягына чыгаруу керек, туруктуулукту көрсөтүү керек.
- жагымдуу кырдаалды, жумшак режимди түзүү керек;
ПСИХИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮ БУЗУЛГАН (ПӨБ)БАЛДАР
- Психикалык өнүгүүнүн бузулушу − бул баланын психикасынын өнүгүү темпинин басаңдоосу, жалпы билим запасынын жоктугу, ой жүгүртүүсүнүн жетишсиздиги, оюн кызыкчылыктарынын басымдуулугу, интеллектуалдык иштен тезчарчагандыгы менен билинет. ПӨБ ченемдүүлүк жана акылдын жетишсизигинин ортосундагы ара абал болуп саналат. Бул түшүнүк туруктуу, айыкпас психикалык өнүкпөгөндүк жөнүндө эмес, бул бала мектепке окууга кирген учурда көбүнчө байкала турган темптин басаңдашы жөнүндөгү түшүнүктү айтып турат.
К. С. Лебединская тарабынан сунушталган классификацияны карап чыксак, анда ПӨБнын 4 клиникалык тиби белгиленген .
- Конституциялык жактан жаралган ПӨБ – бузулуунун ушундай түрү тукум-куучулук табиятында кездешет.
- Соматогендик жактан жаралган ПӨБ – узакка созулган өнөкөттүү оорулар, туруктуу астениялар (баш мээсинин клеткаларынын нервдик-психикалык жактан алсыздыгы) ПӨБгө алып келет.
- Психогендик жактан жаралган ПӨБ. Балдар физикалык жактан ченемдүү өнүккөн, мээ системасы толук кандуу иштейт, соматикалык жактан ден соолугу жакшы.
- Балдардын шал оорусунан жаралган ПӨБ (катуу билинген бузулуулар). Интеллекттин жана инсандыктын өнүгүүсүнүн темпинин бузулушунун себеби болуп, мээ түзүмдөрүнүн жетилишинин одоно жана туруктуу локалдуу бузулушу саналат. Мында ал бат чарчоого, дискомфортту көтөрө албоого, ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, көңүл коюуга карата концентрациясынын начарлоосуна , эске тутуусунун төмөндөшүнө, таанып-билүү ишмердигине алып келе турган шал астениясынын кубулушу белгиленет.
Методикалык сунуштар:
- ПӨБ балдардан туура эмес жоопту ошол жерде өзгөртүүнү талап кылууга болбойт, андан көрө кайсы бир убакыттан кийин анын жооп беришин өтүнгөн жакшы;
- тапшырмаларды аткаруу учурунда ар кандай кошумчаларга, тактоолорго, нускамаларга окуучунун көңүлүн буруп алагды кылууга жол берилбейт, себеби аларда башкага кайра өтүү процесси өтө төмөн;
- көрүү таянычын (картиналарды, схемаларды, таблицаларды) колдонуу менен окуу ишмердигин жеңилдетүүгө умтулуу керек, бирок ашыкча колдонууга болбойт, себеби анын кабыл алуу көлөмү төмөндөгөн ;
- бардык анализаторлордун (кыймылдык, көрүүчү, угуучу, кинестетикалык) ишин активдештирүү керек. Балдар угушу, көрүшү, кайталап айтып турушу ж.у.с. айтып керек;
- өзүн-өзү контролдоосун өнүктүрүү, өзүнүн жана курдаштарынын каталарын өз алдынча табууга мүмкүнчүлүк берүүгө, бирок аны оюн ыкмаларын колдонуу аркылуу өтө тактыкта жасоо керек;
- ар бир баскыч менен иштөөнүн алдында ага кылдат даярдык керек. Тездик жана жасалган саны анчалык маанилүү эмес, эң жөнөкөй тапшырмаларды тыкыр жана туура аткаруу абдан маанилүү;
- мындай балдардын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр жөнүндө мугалим унутпашы керек, чарчоонун алдын алуу макстында эс алуу үчүн кыска убакытка мүмкүндүк берүү, бир калыптагы динамикалык тыныгууларды (10 минутадан кийин) сабакка киргизүү керек;
ТАЯНЫЧ-КЫЙМЫЛ АППАРАТЫ БУЗУЛГАН (ТКАБ) БАЛДАР
- Балдардын шал оорусу борбордук нерв системасынын татаал оорусу болуп саналат, ал бир гана координациялоочу - кыймыл органдарынын ооруларына, кыймылдын темптерине, алардын көлөмүнүн жана күчүнүн чектелишине гана алып келүүчү эмес, ал акыл-эстин өнүгүүсүнүн кечигүүсүнө же патологиясына, сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына, угуу, көрүүнун бузулушуна ж.у.с. бузулууларга алып келет.
- Балдардын шал (ДЦП) оорусунун жаралышына алып келе турган негизги себептер болуп, - бул кош бойлуу кезде да, төрөт учурунда да, бир нече жагымсыз факторлордун айкалышы саналат.
Шал менен ооруган (ДЦП) балдар менен иштөөдө:
- жүрүм-турумдун жана зарыл болгон иштерди жүргүзүү (буюмдардын көбүрөөк ачык так көргөзмөсүнүн) мисалдарын колдонуу менен нускамаларды берүү керек;
- так, жай жана кыска сүйлөмдөр менен сүйлөө керек. Терминдерди колдонбогула;
- баланын каалоосун эске алуу керек, катуу талап кылбай, стимул берүүчү же мотивациялоочу шарттарды түзүү керек;
- сабактарды жана иш-чараларды өткөрүү учурунда баланы элдин көзүнчө мактоо керек;
- алар балдардын кызыкчылыгын түзө турган методдорду жана ыкмаларды, мисалы – иштин оюн формаларын колдонуу керек;
- катуу кыйкырыкка же тыюу салууларга, урушууга, алардын мотивдери түшүнүксүз болгон жүрүм-турум үчүн нускама берүүгө жол берилбейт;
- чарчап кетишине жол берилбейт, өз убагында эс алуу жана алаксуу үчүн убакыт берүү керек (20 минут иштейт,5 минут эс алат);
Методикалык сунуштар:
- ата-энелери менен тыгыз байланыш түзүшү жана кызматташуусу керек;
- психофизиологиялык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле окуу материалына ээ болгон учурда жарала турган типтүү кыйынчылыктарын билиши керек;
- таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар бат чарчай тургандыгы менен айырмаланышат. Бат-баттан дене-тарбия-паузаларын жасагыла, иштердин түрлөрүн алмаштыргыла;
АУТИКАЛЫК СПЕКТРИ БУЗУЛГАН БАЛДАР
- Аутизм же аутикалык спектрдин бузулушу- (грек тилинен auto – өзүм) – байланыштардын бузулушунун акыркы формаларын, реалдуулуктан, анда аутистикалык ой-жүгүртүүнүн аффективдүү керектөөлөрүнө баш ийген, анын эркин уюштуруусу бузулган, өзүнүн ички санаа дүйнөсүнө кеткендигин белгилөө үчүн бул терминди швейцариянын психиатры жана психологу Э. Блейлер (1857-1939-жж.) киргизген. Мындай бузулуулар негизинен үч чөйрөдө: маектешүүдө, сүйлөшүүдө, жүрүм-турумунда байкалат .
Аутизм оорусу бар балдардын өзгөчө билим алуу муктаждыктары
- Класста окутуу абалына аны акырындык менен ченемдүү киргизип баштоо керек;
- Журум-турумунда кыймылдарынын бузулгандары бар болсо, жардамчынын, мугалимдин же тьютордун (кырдаалдан чыгууга жардам берүүчү атасы , энеси же тарбиячы) коштоосу керек;
- Болуп жаткан окуяны түшүнүү үчүн ага жардам берүүгө мүмкүндүк берүүчү, бала менен эмоционалдык байланышты түзүү жана аны өнүктүрүү боюнча мугалим болгон күчүн жумшоосу керек;
- Баланга сенсордук жана эмоционалдуу ыңгайлуулукту камсыздоочу окуу шарттарын түзүү керек;
- Баланын жашоосуна жаңы талаптарды жана тапшырмаларды акырындык менен киргизүү керек;
- Баланын ишке жөндөмдүүлүгүн жана темпин эске алуу менен окууну жүгүн өлчөп берүү керек;
- Баланын окуу ишмердигин колдой турган, билим берүу чөйрөсүндө өзгөчө так жана тартипке келтирилген ырааттамалардын (расписания) (өзгөртүүлөрдүн саны минималдуу) болушу зарыл;
- Окуунун жекече программасын, анын ичинде анда болгон тандалып алынган жөндөмдүүлүктөрүн (математика, музыка, сүрөт тартуу ж.у.с.) социалдык өнүгүүсүндө колдонуу үчүн түзүүгө болот;
- Аутизм оорусу бар баланы коштоо боюнча адистердин мугалимдер менен өз ара иштөөсү зарыл;
Методикалык сунуштар:
- аутизм оорусу бар балага чоңдордун туруктуу колдоосу, дүйнө менен активдүү жана татаал мамилелерге өтүү үчүн ага түрткү берүү жана жактыруу керек;
- аутизм оорусу бар бала менен тыныгуу учурунда алар сүйлөшө алгандай болушу үчүн мугалим балдар менен ишти ошондой уюштуруусу зарыл;
- күн тартибин так сактап колдонууга;
- аутист-баланын өзгөчөлүгү, мезгили менен жалгыз калууга карата анын зарылдыгы да саналат, ошондуктан кээде аны жалгыз калтырууга балага мүмкүнчүлүк берүү керек. Андай бала үчүн ал жерде ал жалгыз отургандай, жана эч ким анын тынчын албагандай болгон орунду алдын ала караштыруу зарыл.
ДАУН СИНДРОМУ МЕНЕН БАЛДАР
- Даун синдрому (Күндүн балдары) – бул генетикалык абал, ал 21-парда (жупта) кошумча хромосомдун катышуусу аркылуу жаралат. «Синдром» − бул ооруу эмес, бул тышкы келбеттин жана өнүгүүнүн белгилеринин топтому же мүнөздүү айырмачылык белгилери. Бирок Даун синдрому менен болгон балдардын башка балдардан айырмачылыктарына караганда алардын жалпы окшоштугу көбүрөөк.
Даун синдрому менен болгон балдар үчүн төмөнкү белгилер мүнөздүү:
- мурдунун үстү жалпак, көздөрү кайчылаш жана эриндери калың;
- терең узун сызыгы менен жазы келген тили;
- башынын өлчөмү кичинекей;
- моюндун териси катталып бырышып турат;
- кулагы кичине жана анын формасы бир аз өзгөргөн;
- көзүндөгү тактар (Брушфельд деп аталган тактар);
- алакандарында туурасынан кеткен бир эле сызык;
- булчуңдарынын тонусу төмөн;
- ар бир балада жүрөгүндөгү тубаса болгон кемтиги;
- Даун синдрому менен болгон балдар өнүгүүсү артта калгандыгына карабастан, мектептен окуй алышат жана көпчүлүк учурда билим, кесип алып чыгышат,
кошумча стимуляцияны колдонуу жана түзүү керек:
- кайра суроо, сөздү кайталоо,
- жактырууну билдирүү жана андан аркы иш-аракетти («жакшы», «андан ары) деген сөздөр менен стимулдоо,
- бала эмне үчүн тигил же бул тапшырманы аткарды деген сыяктуу суроолорду берүүгө,
- багыттоочу суроолорду берүүгө же сындоо сөздөрүн айтууга,
- айтып турууга, кеңеш берүүгө, тигиндей же мындай ыкма менен иштөөгө,
- иштерди көрсөтүүгө жана аларды өз алдынча кайталоосун өтүнүүгө, тапшырманы кандай аткаруу керектигине үйрөтүүгө.
- Иштин ийгиликтүүлүгүнүн кийинки шарты – ата-энелер менен өз ара туруктуу иштешүү, окулуп жаткан материал боюнча жекече консультацияларды өткөрүү, жетишкендиктери жана ийгиликсиздиктери жөнүндө маалымдоо, аларды жеңүүнүн жолдорун талкулоо жана тандоо.
Методикалык сунуштар :
- нускамаларды түшүндүрүү, жүрүм-турумдардын мисалдарын колдонуу жана керектүү иштерди жүргүзүү (буюмдардын ачык тартылган, көбүрөөк көрсөмөлөрүн колдонуу керек);
- баланын каалоосун эске алуу керек, талап кылбастан, стимулдоо же мотивациялоо шарттарын түзүү зарыл;
- балдардын кызыгуусун жарата турган методдорду жана ыкмаларды, мисалы, иштин оюн түрлөрүн колдонгон жакшы;
- ар бир баланын өзүнүн психологиялык көйгөйлөрү (травмалары) бар экендиги ар дайым мугалим эсинде болушу керек. Балдардан алардын өткөн жашоо-турмушу жөнүндө сурамжылоого жана ага аянычтуулук менен мамиле жасоого, жана аны ачык көрсөтүүгө болбойт.
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ӨНҮГҮҮСҮ БУЗУЛГАН БАЛДАР (ИӨБ)
- Интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар – бул баш мээсинин функцияларынын айыккыс бузулуулары менен болгон балдар.
- Өзүнүн өнүгүүсүндө алар курдаштарын кууп жете алышпайт.
- Ошондуктан билим берүүчү уюмдарда аларды окутуу боюнча милдет, алардын социумда көнүп кетиши үчүн жашоого карата керектүү компетенциясын түзүү болуп саналат.
ИӨБ менен ооруган балдардын көңүл коюсу:
- көңүл коюсу туруксуз, бат эле чыдабай кетүүсү, ашыкча алаксуусу, кыймыл-аракетинин токтотуудан жазылышы байкалат, көңүл коюсунун эркиндигин төмөн деңгээли баланын эркинин сапаттарынын жетишсиз өнүгүшү менен байланышкан, балдар чыдамсыздыгын көрсөтүшөт, сабактын темасына кирбеген суроолорду беришет, кыйкырып чыгышат .
- Кабыл алуусунун жетишсиз өнүгүшү айлана-чөйрө жана өзү жөнүндө туура элестетүүнү алууга мүмкүндүк бербейт, буюмдар менен кубулуштардын ортосундагы окшоштуктарды жана айырмачылыктарды илип алуусу жетишсиз, түстөрдүн түрлөрүн билбейт, буюмдардын ар кандай касиеттеринин терендиги жана көлөмү жаңылыш бааланат.
- ИӨБ менен ооруган балдарга сунушталган материалды кабыл алуу үчүн көп убакыт талап кылынат, тамгаларды, сандарды билүу темпи өтө жай, алар түсү, чоңдугу, формасы боюнча аз айырмаланган объекттерди айырмалоо алар үчүн кыйын .
Методикалык сунуштар:
- тышкы стимулдар канчалык аз болсо – ошончолук жакшы.
- эгерде, тынчы жок бала болсо, партага ал бала өтө ала турган жерди тосуп кала турган жана андан көлөмдүүрөөк бала менен отургузуу зарыл.
- бөлмөдө басып жүрүүгө мүмкүндүк бере турган (карандаштарды таратуу, иштерди чогултуу сыяктуу) тапшырмаларды ага берүүгө болот.
- интеллектуалдык өнүгүүсү жетишпеген балдар алар менен бир күндө бир канча мүнөт жекече тартипте иштөөгө муктаж, аны башка балдар ойноп жатканда же алар өз тапшырмаларын аткарып жатканда, жүргүзүүгө болот.
- сүйлөө нускамаларынын ордуна демонстрацияларды (көрсөтмөлөрдү) колдонгон жакшы. Жөнөкөй сүйлөмдөрдү колдонгула жана нускамаларды жаңсоолор же сүрөттөр менен коштоңуз.
- андайга мүмкүн боло турган учур болсо, сүрөттөрдүн ордуна буюмдарды колдонуңуз. Окуу материалы менен реалдуу турмуштун ортосундагы байланышты түзгүлө (мисалы, эсепти үйрөнүүдө - «Дүкөнчү оюну»).
- мурдагы тапшырманы аяктамайынча, жаңы тапшырма бербеңиз.
- тапшырманы бөлүктөргө бөлүңүз, анын аткаруунун планы боюнча «бир сыйра карап чыгыңыз».
«КӨПӨЛӨК» ОЮНУ
- Максаты:
- Топчуларды топчулоого балдарды үйрөтүү.
- Колдордун майда кыймылдарын өнүктүрүү.
- Оюнга оң эмоционалдык мамилесин түзүү.
- Буюмдар менен иш-аракеттердин максаттуулук багытын өнүктүрүү.
- Бөлүктөрдөн бүтүндү түзүү менен буюмдун бүтүн образын түзүү.
- Түстөрдү айырмалоого, оюнда түскө олуттуу белгиге катары багыт алууга үйрөтүү.
Жабдуулар:
- Картондон кесилип алынган жана кездеме менен тышталган, түстүү тилке лента менен тигилген көпөлөктүн денесинин бөлүктөрү, ошол эле бөлүктөрдөн (ар кандай формадагы топчулардын жардамы менен бөлүктөр өз ара биригишет) аткарылган көпөлөктүн бүтүн фигурасы.
Оюндун жүрүшү:
- Педагог көпөлөктүн фигуркасын көрсөтөт, айрым бөлүктөрүнө:
- башына, ар кандай өлчөмдөгү канаттарына, денесине көңүл бөлүү менен башы үстү жагында, денеси башынын алдында, канаттары капталдарында жайгашкандагын түшүндүрү менен аны балдар менен бирге карап чыгат.
- Андан кийин педагог анын айрым бөлүктөрүнөн түзүү аркылуу ушундай эле көпөлөктүн кантип жасала тургандыгын көрсөтөт.
- Биринчиден, бардык бөлүктөрдү столдун үстүнө туура жайгаштырат, андан кийин алар чачылып кетпес үчүн бардык бөлүктөрдү бири-бири менен бириктирүү менен топчулайт. Педагог бөлүктөрдүн комплектисин балдарга таратып берүү менен балдардын так ушундай көпөлөктү жасоосун аларга сунуштайт.
- Балдар чондордун контролунун алдында алардан бүтүн көпөлөктү түзүү менен бөлүктөрдү акырындык менен коюштурат, андан кийин топчуларды топчулашат. Андан кийин балдар көпөлөктөр менен өз алдынча ойной алышат.
«Кулак-мурун».
- Сол кол менен мурундун учун кармап, ал эми оң кол менен – ага карама-каршы турган кулакты кармоо керек. Анан аларды кое берип, алакан чаап, анан колдордун абалын алмаштырып көнүгүүнү кайталоо керек.
«МЭЭ ГИМНАСТИКАСЫ» ФИЗКУЛЬТМИНУТКА
- 1 . Башты чайкоо (көнүгүү ой-жүгүртүү процесстерин стимулдаштырат): терең дем ал, ийинди бош кой, башты алдыга ташта. Дем алуунун жардамы менен чыңалуу кеткенге чейин баштын бир тараптан экинчи тарапка жаай чайкалуусуна жол бер. Ээк моюндун бошоңдошуна жараша көкүрөктө жеңил ийилген сызыкты чиет. Көнүгүүнү 30 секунд аткаруу керек.
- 2. «Жалкоо сегиздер» (көнүгүү эске тутууну камсыз кыла турган, мээнин түзүмүн активдештирет, көңүл буруунун туруктуулугун жогорулатат): ар бир кол менен үч жолудан, андан кийин эки кол менен тең, горизонталдуу түздүктө «сегиздин» сүрөтүн абада тартуу керек.
Көң ү л
Бурганыңыздарга
чоң рахмат !