СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалпылоо сабагы

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химия - химиялык элементтердин жана заттардын түзүлүштөрү, касиеттери, заттардын бири-бирине айлануулары жана бул айланууларды коштоп жүрүүчү закон ченемдүүлүктөрдү үйрөтүүчү илим. 

Просмотр содержимого документа
«Жалпылоо сабагы»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Жалпылоо сабагы

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жалпылоо сабагы

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химия предмети, заттар жана алардын касиеттери, заттардын көп түрдүүлүгү, химиялык теӊдеме, химиялык реакциянын типтери, атомдун түзүлүшү, химиялык байланыш, органикалык эмес заттар алардын ортосундагы генетикалык байланыш боюнча алган билимдерин бышыкташат.

  • Химия предмети;

  • заттар жана алардын касиеттери;

  • химиялык теӊдеме;

  • химиялык реакциянын типтери;

  • атомдун түзүлүшү;

  • химиялык байланыш;

  • органикалык эмес заттар алардын ортосундагы генетикалык байланыш боюнча өз оюн айтып бере алышса

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Химия илиминин тармактары, химиянын турмушубуздагы орду, химия илиминин башка илимдер менен байланышы, химиялык реакция, заттардын касиеттери, заттардын алынышы, заттардын колдонулушу, турмуш тиричиликтеги химиянын орду боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышты сүйүүгө, аяр мамиле жасоого тарбияланышыт.

  • Химия илиминин тармактарын;

  • химиянын турмушубуздагы ордун;

  • химия илиминин башка илимдер менен байланышын айтып бере алышса.

  • Жаратылышты коргоо, булганышынын алдын алуу боюнча түшүнүгүн айтып бере алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Химия предмети;

  • заттар жана алардын касиеттерин;

  • Заттарды таанып билишет;

  • Заттардын түрлөрүн таанып билишет;

  • Заттардын касиетин айтып мүнөздөп беришет;

  • Заттардын агрегаттык абалы боюнча таанып билишет;

  • зат менен нерсенин ортосундагы айырмачылыкты билишет;

  • Химия илиминин жашоодогу, турмуш тиричиликтеги ролун билишет,

  • Химиялык жолдор менен алынган заттарды таанып билишет.

  • Химия илиминин тармактары;

  • химиянын турмушубуздагы орду;

  • химия илиминин башка илимдер менен байланышын боюнча өз ойлорун толук жеткиликтүү айтып бере алышат.

  • Жаратылышты коргоо, булганышынын алдын алуу боюнча түшүнүгүн айтып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Заттар, заттардын түрлөрү боюнча маалымат алышат. Заттардын касиети , заттардын агрегаттык абалы, зат менен нерсенин ортосундагы айырмачылыкты окуп үйрөнүшөт.

Химия илиминин жашоодогу, турмуш тиричиликтеги ролу боюнча маалымат алышат. Химиялык жолдор менен алынган заттар боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): заттар, алардын түрлөрү, заттардын агрегаттык абалы, химиялык элементтер, атомдор, жаратылыш, жаратылышты коргоо боюнча түшүнүктөрү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү: Жанында отурган түгөйлөрүнө комплимент айтуу менен жагымдуу маанай түзүү.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.HF HCl HBr HI катарындагы бирикмелердин бекемдиги кандай өзгөрөөрүн аныктагыла

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):

Химия - химиялык элементтердин жана заттардын түзүлүштөрү, касиеттери, заттардын бири-бирине айлануулары жана бул айланууларды коштоп жүрүүчү закон ченемдүүлүктөрдү үйрөтүүчү илим.

Химия башка табигый илимдер менен, айрыкча, физика, биология, геология илимдери менен тыгыз байланышкан. Азыркы мезгилде химия бир топ өз алдынча бөлүктөргө, атап айтканда, заттардын эки негизги классына жараша органикалык эмес жана органикалык химия деп бөлүнөт. Нефтинин жаратылыш запастарынын азайып бара жаткандыгына байланыштуу, химиялык өнөр жайлардан өндүрүлүп жаткан синтетикалык отундарды пайдалануу улам өсүүдө. Таш көмүрдөн жана күрөн көмүрдөн суюк отундарды өндүрүп алуунун жаны технологияларын ишке киргизүү маанилүү химиялык сырье болуп саналган нефтини үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Дары-дармектердин көпчүлүк бөлүгү жасалма жол менен синтезделинип алынгандыктан, фармацевтикалык өнөр жайлардын өнүгүшү химиялык изилдөөлөр менен байланыштуу. Химиялык өнөр жайлар айлана-чөйрөгө көбүрөөк зыян келтирген тармактардын ичинен төртүнчү орунда (жылуулук энергетикасынан, металлургиядан жана автомобиль транспортунан кийин) турат. Алдынкы технологиядагы химиялык өнөр жайлардын үлүшүшүнүн өсүшү менен айлана - чөйрөнү коргоого байланыштуу болгон экологиялык көйгөйлөр чечилүүдө. Жергиликтүү жер байлыктарынан элге керектүү болгон материалдарды алуу, келечекте жаны технологиядагы химиялык өндүрүштөрдү түзүү окучулардын химия илимине болгон кызыкчылыгын жогорулатуу менен жетишилет.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

1.Химия илими эмнени окутат

2.Химиялык реакция деп эмнени айтабыз?

3.Зат деп эмнени айтабыз?

4.Заттын касиети деген эмне?

5.Заттын физикалык касиети деген эмне?

6.Заттын канча агрегаттык абалы бар?

7.Заттын химиялык касиети деп эмнени айтабыз?

8.Нерсе менен заттын кандай айырмасы бар?

9.Кандай химиялык реакцияларга мисал келтире аласынар?

а)жаратылышта б)өндүрүштө в)күндөлүк турмушта

10.Атом жөнүндө эмнени билесиӊер?

Үйгѳ тапшырма: Жалпы 8-класстын материалын кайталоо




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!