| Ромб. Аныктама: Бардык жактары барабар болгон параллелограмм ромб деп аталат. Ромб параллелограммдын айрым учуру болгондуктан, параллелограммдын бардык касиеттери жана ал жөнүндөгү теоремалар тик бурччтук үчүн да орун алат. 40-теорема: ромбдун диагоналдары өз ара перпендикулярдуу жана алар бурчтарын тең экиге бөлөт. 41-теорема: эгерде параллелограммдын диагоналдары перпендикулярдуу болушса, анда ал ромб болот. №1 ромб параллелограммдан кандай айырмаланат? Жооп: ромбдун бардык жактары барабар болот. №2 а=6,5дм, Р=? Чыгаруу: Р=(6,5+6,5)*2= 13*2=26дм №3 Р=36,4дм. а=? Чыгаруу: Р=(а+а)*2 а+а=Р/2, 2а=Р/2 а=(36,4:2):2= 18,2:2=9,1дм текшерүү: Р=(9,1+9,1)*2=18,2*2=36,4дм. |