СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаңы жылды тосуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаңы Жыл деген түшүнүк биздин доорго чейин төрт миң жыл мурун ар кайсыл өлкөлөрдө жылдын ар кайсы мезгилинде белгиленчү. Кээ бир өлкөлөрдө кар ээрип, талаа жумуштары башталып, бактар гүлдөп, бүрдөй баштаган жаздын март айында жаңы жыл келди деп эсептешчү.

Просмотр содержимого документа
«Жаңы жылды тосуу»

Сокулук району  Военно-Антоновка  окуу-тарбия  комплекс-гимназиясы

Сокулук району Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясы

Социалдык  үйрөтүүчү  долбоор

Социалдык үйрөтүүчү долбоор

Башталгыч  класстын  окуучулары  үчүн

Башталгыч класстын окуучулары үчүн

Долбоордун темасы: Дүйнө  элдери Жаңы Жылды кантип тосушат? Долбоордун координатору башталгыч класстын мугалими Тюлемишева Ж.Ж

Долбоордун темасы:

Дүйнө

элдери

Жаңы Жылды кантип тосушат?

Долбоордун координатору башталгыч класстын мугалими Тюлемишева Ж.Ж

Долбоордун максаты: Жаңы жылдын пайда болуу тарыхы Балатыны кооздоо кайдан чыккан? Аяз ата Аяз кызды ким ойлоп тапкан? Дүйнө эли Жаңы Жылды кантип тосот?

Долбоордун максаты:

  • Жаңы жылдын пайда болуу тарыхы
  • Балатыны кооздоо кайдан чыккан?
  • Аяз ата Аяз кызды ким ойлоп тапкан?
  • Дүйнө эли Жаңы Жылды кантип тосот?
Жаңы жылдын пайда болуу тарыхы Жаңы Жыл деген түшүнүк биздин доорго чейин төрт миң жыл мурун ар кайсыл өлкөлөрдө жылдын ар кайсы мезгилинде белгиленчү. Кээ бир өлкөлөрдө кар ээрип, талаа жумуштары башталып, бактар гүлдөп, бүрдөй баштаган жаздын март айында жаңы жыл келди деп эсептешчү. Ал эми айрым бир өлкөлөрдө түшүмдөр жыйналган күз маалында жаңы жыл келди деп майрамдашчу. Батышта белгиленген жаңы жыл он эки күнгө созулуп, бул учурда эч ким иштебей, оюн-зооктор коштолчу. Эгер кимдир-бирөө иштей турган болсо аны соттоп, жазалачу. Жаңы Жылдык майрамда кулдар мырза болуп, колунда жоктору жаныбарларды туурап кийинишчү.

Жаңы жылдын пайда болуу тарыхы

  • Жаңы Жыл деген түшүнүк биздин доорго чейин төрт миң жыл мурун ар кайсыл өлкөлөрдө жылдын ар кайсы мезгилинде белгиленчү. Кээ бир өлкөлөрдө кар ээрип, талаа жумуштары башталып, бактар гүлдөп, бүрдөй баштаган жаздын март айында жаңы жыл келди деп эсептешчү. Ал эми айрым бир өлкөлөрдө түшүмдөр жыйналган күз маалында жаңы жыл келди деп майрамдашчу. Батышта белгиленген жаңы жыл он эки күнгө созулуп, бул учурда эч ким иштебей, оюн-зооктор коштолчу. Эгер кимдир-бирөө иштей турган болсо аны соттоп, жазалачу. Жаңы Жылдык майрамда кулдар мырза болуп, колунда жоктору жаныбарларды туурап кийинишчү.
Негизи Жаңы Жылды эң биринчи жолу гректерде белгилеп, андан кийин Батыш Европага жайылган деп айтылат. Гректер жаңы жылды жайдын эң узун күнү 22-июнда белгилешчү экен. Ал эми Байыркы Египетте жайдын башталышында майрамдашчу.
  • Негизи Жаңы Жылды эң биринчи жолу гректерде белгилеп, андан кийин Батыш Европага жайылган деп айтылат. Гректер жаңы жылды жайдын эң узун күнү 22-июнда белгилешчү экен. Ал эми Байыркы Египетте жайдын башталышында майрамдашчу.
Ал эми Юлиан календары боюнча эсептегенде эски Жаңы Жыл 13-январдан он төртүнө караган күнү башталат. 13-январды Сербия, Швейцария жана башка өлкөлөрдө да азыркы күнгө чейин Жаңы Жыл катары майрамдашат.
  • Ал эми Юлиан календары боюнча эсептегенде эски Жаңы Жыл 13-январдан он төртүнө караган күнү башталат. 13-январды Сербия, Швейцария жана башка өлкөлөрдө да азыркы күнгө чейин Жаңы Жыл катары майрамдашат.
Балатыны кооздоо кайдан чыккан? Жаңы Жылда балатыны кооздоо адаты биринчи жолу Латвияда пайда болгон. 1510-жылы Риганын борбордук аянтына “Ригадагы биринчи жаңы жылдык балаты 1510-жыл” деген жазууну сегиз тилде жазып илип коюшкан. Бул тарыхый факт азыркыга чейин Латвиянын мамлекеттик архивинде сакталуу. 1510-жылы Жаңы Жылды башкача белгилөө үчүн аянтка балатыны алып чыгып, эски жыл менен коштошуу үчүн аны өрттөп, тегеренип бийлешкен.

Балатыны кооздоо кайдан чыккан?

  • Жаңы Жылда балатыны кооздоо адаты биринчи жолу Латвияда пайда болгон. 1510-жылы Риганын борбордук аянтына “Ригадагы биринчи жаңы жылдык балаты 1510-жыл” деген жазууну сегиз тилде жазып илип коюшкан. Бул тарыхый факт азыркыга чейин Латвиянын мамлекеттик архивинде сакталуу. 1510-жылы Жаңы Жылды башкача белгилөө үчүн аянтка балатыны алып чыгып, эски жыл менен коштошуу үчүн аны өрттөп, тегеренип бийлешкен.
Ал эми немистердин дин кызматкери Мартин Лютер 1517-жылы асмандан балатыга түшкөн кооз карларды көрүп, абдан суктанган. Ошондон кийин балатыны кооздоо керектигин ойлоп, ага бир нече шам жаккан.
  • Ал эми немистердин дин кызматкери Мартин Лютер 1517-жылы асмандан балатыга түшкөн кооз карларды көрүп, абдан суктанган. Ошондон кийин балатыны кооздоо керектигин ойлоп, ага бир нече шам жаккан.
Жаңы жылдык оюнчуктар кайдан келди? (уламыш) Илгери абдан жакыр жашаган адам токойдон отун жарып келатса жолдон жылаңач болуп үшүгөн ачка баланы көрүп, үйүнө ала кетет. Үйгө алып келип, курсагын тойгузуп, уктатып койсо эртең менен ал бала жок, анын ордуна түркүн түстүү оюнчуктар пайда болуп калыптыр. Жылаңач балага жардам бергендиги үчүн ага Христос ушинтип ыраазычылык билдирген дешет.

Жаңы жылдык оюнчуктар кайдан келди? (уламыш)

  • Илгери абдан жакыр жашаган адам токойдон отун жарып келатса жолдон жылаңач болуп үшүгөн ачка баланы көрүп, үйүнө ала кетет. Үйгө алып келип, курсагын тойгузуп, уктатып койсо эртең менен ал бала жок, анын ордуна түркүн түстүү оюнчуктар пайда болуп калыптыр. Жылаңач балага жардам бергендиги үчүн ага Христос ушинтип ыраазычылык билдирген дешет.
Аяз Ата, Аяз Кызды  ким ойлоп тапкан? Аяз Атанын образы бизге жомоктордон келген. Чыгыш славяндары ар кандай жомокторду ойлоп таап, Аяз Атаны адегенде сууктан чыккан «арбак» деп аташкан. 19-кылымдын аягында мээримдүү, боорукер Аяз ата деген кейипкер пайда болгон. Ошол кезде майрамдык балатыга баштык көтөргөн абышка келип, белек берет дешкен.

Аяз Ата, Аяз Кызды ким ойлоп тапкан?

  • Аяз Атанын образы бизге жомоктордон келген. Чыгыш славяндары ар кандай жомокторду ойлоп таап, Аяз Атаны адегенде сууктан чыккан «арбак» деп аташкан.
  • 19-кылымдын аягында мээримдүү, боорукер Аяз ата деген кейипкер пайда болгон. Ошол кезде майрамдык балатыга баштык көтөргөн абышка келип, белек берет дешкен.
Өлкө Аяз атанын аталышы   Кыргызстан Аяз Ата   Швеция Юль Томтен   Англия   Финляндия Фазер Крисмас Жулупукки   Кытай Дун Че Лао Рен   Италия Ла Бефана   Түркия Ноэль баба   АКШ Санта Клаус   Орусия Дед Мороз Адегенде аны Ыйык абышка, Балаты абышка жана башка деп ар түрдүү атай башташкан. Азыр алар мындайча аталат.

Өлкө

Аяз атанын аталышы

  Кыргызстан

Аяз Ата

  Швеция

Юль Томтен

  Англия

  Финляндия

Фазер Крисмас

Жулупукки

  Кытай

Дун Че Лао Рен

  Италия

Ла Бефана

  Түркия

Ноэль баба

  АКШ

Санта Клаус

  Орусия

Дед Мороз

  • Адегенде аны Ыйык абышка, Балаты абышка жана башка деп ар түрдүү атай башташкан. Азыр алар мындайча аталат.
Ал эми Аяз Кыздын образы 19-кылымда пайда болгон. Бул деле элдик жомоктордо айтылып жүргөн суукка тоңуп өлгөн кыздын тирилгени тууралуу айтылат. Адегенде Аяз Кыз, Аяз Атанын кызы деп айтылчу, кийинчерээк небереси болуп калган.
  • Ал эми Аяз Кыздын образы 19-кылымда пайда болгон. Бул деле элдик жомоктордо айтылып жүргөн суукка тоңуп өлгөн кыздын тирилгени тууралуу айтылат. Адегенде Аяз Кыз, Аяз Атанын кызы деп айтылчу, кийинчерээк небереси болуп калган.
Дүйнө Жаңы Жылды кантип тосот? Дүйнө элдеринде кеңири таралган эң кубанычтуу, көңүлдүү майрам - Жаңы Жыл майрамы. Айрым өлкөлөрдү эске албаганда басымдуу элдер 31-декабрдан 1- январга караган түнү тосушат. Ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин жыл узатуу, жыл тосуу салттары бар. Анда биз азыр айрым өлкөлөрдүн Жаңы Жыл тосуу салттарынан айтып берели.

Дүйнө Жаңы Жылды кантип тосот?

  • Дүйнө элдеринде кеңири таралган эң кубанычтуу, көңүлдүү майрам - Жаңы Жыл майрамы. Айрым өлкөлөрдү эске албаганда басымдуу элдер 31-декабрдан 1- январга караган түнү тосушат. Ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин жыл узатуу, жыл тосуу салттары бар. Анда биз азыр айрым өлкөлөрдүн Жаңы Жыл тосуу салттарынан айтып берели.
Болгарияда Жаңы Жыл деп сааттын жебеси 12 ни какканда үй бүлө мүчөлөрү, коноктор чогулуп, жарык үч мүнөткө өчүрүлөт. Бул “Жаңы Жылдык өбүшүү мүнөттөрү” деп аталып, андагы сырды караңгылык өзүнө катат деп ишенишет.

Болгарияда

  • Жаңы Жыл деп сааттын жебеси 12 ни какканда үй бүлө мүчөлөрү, коноктор чогулуп, жарык үч мүнөткө өчүрүлөт. Бул “Жаңы Жылдык өбүшүү мүнөттөрү” деп аталып, андагы сырды караңгылык өзүнө катат деп ишенишет.
Францияда Жаңы Жыл түнү жергиликтүү Аяз Ата Пер Ноэль Жаңы Жыл түнү балдардын чокойлоруна белектерди калтырат.

Францияда

  • Жаңы Жыл түнү жергиликтүү Аяз Ата Пер Ноэль Жаңы Жыл түнү балдардын чокойлоруна белектерди калтырат.
Германияда Германияда Санта Клаус эшек минип келет деген ишеним бар эмеспи. Ошондуктан, балдар уктаар алдында үстөл үстүнө белек үчүн идиш коюшуп, чокойлоруна Санта Клаустун эшегине деп жем салып коюшат.  

Германияда

  • Германияда Санта Клаус эшек минип келет деген ишеним бар эмеспи. Ошондуктан, балдар уктаар алдында үстөл үстүнө белек үчүн идиш коюшуп, чокойлоруна Санта Клаустун эшегине деп жем салып коюшат.
  •  
Мьянмада Бул өлкөдө Жаңы Жыл майрамы мээ кайнаткан ысык мезгилге туура келет. Бул өлкө Жаңы Жылды “суу фестивалы” менен тосуп алышат. Балким сиз Мьянмада Жаңы Жыл майрамын тосуп калсаңыз, кимдир бирөө үстүңүзгө суу чачып кетсе, чочубастан , кайра сиз да үстүнө суу чачып жиберишиңиз керек. Бул күнү көчөдө кийими кургак жүргөн адамды көрүү таң калыштуу сезилет. Суу чачышуу жөрөлгөсү жаңы-жылга бакыт каалоо деп эсептелинет.

Мьянмада

  • Бул өлкөдө Жаңы Жыл майрамы мээ кайнаткан ысык мезгилге туура келет. Бул өлкө Жаңы Жылды “суу фестивалы” менен тосуп алышат. Балким сиз Мьянмада Жаңы Жыл майрамын тосуп калсаңыз, кимдир бирөө үстүңүзгө суу чачып кетсе, чочубастан , кайра сиз да үстүнө суу чачып жиберишиңиз керек. Бул күнү көчөдө кийими кургак жүргөн адамды көрүү таң калыштуу сезилет. Суу чачышуу жөрөлгөсү жаңы-жылга бакыт каалоо деп эсептелинет.
Италияда Бул өлкөдө эски буюмдарды ыргытуу жыл тосууда салтка айланып калган. Көбүнчө үй чарба буюмдары ыргытылып, алардын ордуна дароо жаңысы ээлейт. Ошондой эле бул өлкө жыл тосууда дасторкон жасалгалоого өзгөчө көңүл буруп, ден-соолукка пайдалуу жемиштерди, жакшылык алып келүүчү даамдарын көп сатып алышат.

Италияда

  • Бул өлкөдө эски буюмдарды ыргытуу жыл тосууда салтка айланып калган. Көбүнчө үй чарба буюмдары ыргытылып, алардын ордуна дароо жаңысы ээлейт. Ошондой эле бул өлкө жыл тосууда дасторкон жасалгалоого өзгөчө көңүл буруп, ден-соолукка пайдалуу жемиштерди, жакшылык алып келүүчү даамдарын көп сатып алышат.
Шотландия     31-декабрдан 1-январга өткөн түндө шотланддар жанына бир кесим таттуу нан, шарап жана бир даана таш көмүр алып, достору менен жакындарынын үйлөрүн кыдырып чыгышат. Нан менен шарап – токчулуктун, ал эми таш көмүр – жылуулуктун белгиси. Шотланддар өз колу менен жасаган шамдарды жагып, Жаңы Жыл кирээрде чоор тартышат.

Шотландия

  •   31-декабрдан 1-январга өткөн түндө шотланддар жанына бир кесим таттуу нан, шарап жана бир даана таш көмүр алып, достору менен жакындарынын үйлөрүн кыдырып чыгышат. Нан менен шарап – токчулуктун, ал эми таш көмүр – жылуулуктун белгиси. Шотланддар өз колу менен жасаган шамдарды жагып, Жаңы Жыл кирээрде чоор тартышат.
  Жапония   Бекеринен Жапонияны күн чыгыштын өлкөсү деп аташпаса керек. Башка өлкө­лөр­дөн айырмаланып, Жапонияда Жаңы Жылды түнкү саат 12де эмес, таң атып келе жатканда тосушат. Таң атканда жапондуктар бири-бирин куттуктап, “такара бунэ” деп аталган белек тапшырышат. Бул – ичинде күрүч толтурулган кеме түрүндөгү идиш.

  Жапония

  • Бекеринен Жапонияны күн чыгыштын өлкөсү деп аташпаса керек. Башка өлкө­лөр­дөн айырмаланып, Жапонияда Жаңы Жылды түнкү саат 12де эмес, таң атып келе жатканда тосушат. Таң атканда жапондуктар бири-бирин куттуктап, “такара бунэ” деп аталган белек тапшырышат.
  • Бул – ичинде күрүч толтурулган кеме түрүндөгү идиш.
  Куба   Кубалыктар саат 12де шампан ачып ичээрден мурун бокалдарга суу толтурушат да, ал сууну терезеден сыртты көздөй серпишет. Бул – эски жылдын ийгиликтүү, тынч аякташынын белгиси. Ошондой эле суу Кубада актыктын, тазалыктын да символу катары кабыл алынат. Дагы бир салт катары кубалыктар айнек табактарды жерге таштап талкалашат. Ар бир талкаланган айнек үйгө береке алып келет.

  Куба

  • Кубалыктар саат 12де шампан ачып ичээрден мурун бокалдарга суу толтурушат да, ал сууну терезеден сыртты көздөй серпишет. Бул – эски жылдын ийгиликтүү, тынч аякташынын белгиси. Ошондой эле суу Кубада актыктын, тазалыктын да символу катары кабыл алынат. Дагы бир салт катары кубалыктар айнек табактарды жерге таштап талкалашат. Ар бир талкаланган айнек үйгө береке алып келет.
  Монголия   Монголияда Жаңы Жыл дагы бир майрам менен катар майрамдалат. Ал – мал чарба майрамы. Ошондуктан, удаа келген эки майрамда жалаң эттен жасалган тамактар даярдалат. Ыр-бийдин ордуна монголдор шамдагайлыгын көрсөтүү үчүн түрдүү спорттук жарышууларды уюштурушат. Монголдордун да өз Аяз Атасы бар. Бирок, ал кызыл-тазыл чапан эмес, териден жасалган чабандын кийимин кийип жүрөт. Увлин Увгун

  Монголия

  • Монголияда Жаңы Жыл дагы бир майрам менен катар майрамдалат. Ал – мал чарба майрамы. Ошондуктан, удаа келген эки майрамда жалаң эттен жасалган тамактар даярдалат. Ыр-бийдин ордуна монголдор шамдагайлыгын көрсөтүү үчүн түрдүү спорттук жарышууларды уюштурушат. Монголдордун да өз Аяз Атасы бар. Бирок, ал кызыл-тазыл чапан эмес, териден жасалган чабандын кийимин кийип жүрөт.
  • Увлин Увгун
Румыния     Бул өлкөнүн өкүлдөрү тазалыкты жактырышат. Жаңы Жылда үйлөрүн тазалап чыккандан кийин шыпыргы-калактарды эшиктин алдына таштап коюшат. Ал эми дасторкон үстүндөгү ар түркүн тамактар кү­түлбөгөн белектерге толгон. Тагыраак айтканда, ар бир тамактын ичине акча, шакек, ачкыч же ачуу калемпир сыяктуу нерселерди салып коюшат. “Шакек таап алган адам сөзсүз өз бактысына кезигет, ал эми калемпир жеп алган киши өмүр бою байлыкка бөлөнүп жашап өтөт” деген ишеним бар. Мош Жериле

Румыния

  •   Бул өлкөнүн өкүлдөрү тазалыкты жактырышат. Жаңы Жылда үйлөрүн тазалап чыккандан кийин шыпыргы-калактарды эшиктин алдына таштап коюшат. Ал эми дасторкон үстүндөгү ар түркүн тамактар кү­түлбөгөн белектерге толгон. Тагыраак айтканда, ар бир тамактын ичине акча, шакек, ачкыч же ачуу калемпир сыяктуу нерселерди салып коюшат. “Шакек таап алган адам сөзсүз өз бактысына кезигет, ал эми калемпир жеп алган киши өмүр бою байлыкка бөлөнүп жашап өтөт” деген ишеним бар. Мош Жериле
  Португалия   Бул өлкөдө эски жылды узатуу салты бар. Түнкү 12ге аз калганда (өзгөчө жер үйлөрдө) үйдөгү эң улуу кишинин колуна кум саатты, карагайдын сабактарын карматып, эски жылды узатып жаткандай үйдүн арткы эшигин ачып коё беришет. Ал эми саат 12ни урганда алдыңкы эшик ачылып, үйбүлөнүн эң кичинекей мүчөсү Жаңы Жыл болуп кирип келет.

  Португалия

  • Бул өлкөдө эски жылды узатуу салты бар. Түнкү 12ге аз калганда (өзгөчө жер үйлөрдө) үйдөгү эң улуу кишинин колуна кум саатты, карагайдын сабактарын карматып, эски жылды узатып жаткандай үйдүн арткы эшигин ачып коё беришет. Ал эми саат 12ни урганда алдыңкы эшик ачылып, үйбүлөнүн эң кичинекей мүчөсү Жаңы Жыл болуп кирип келет.
Испания     Мында туугандар бири-биринин үйлө­рүн кыдырышат. Алар сөзсүз ичинде бир шампан жана таттуу болгон себет белек кылышат. Саат туура 12ни көрсөткөн маалда ар бир испан 12 даана жүзүмдү жегенге шашылат. Жүзүмдүн данектери жаңы тилектин орундалышына алып келет. Жүзүмдүн ордуна куурулган жумуртка же кургатылган өрүк жесе болот. Себеби, мунун баары алтын тыйындарга окшош.

Испания

  •   Мында туугандар бири-биринин үйлө­рүн кыдырышат. Алар сөзсүз ичинде бир шампан жана таттуу болгон себет белек кылышат. Саат туура 12ни көрсөткөн маалда ар бир испан 12 даана жүзүмдү жегенге шашылат. Жүзүмдүн данектери жаңы тилектин орундалышына алып келет. Жүзүмдүн ордуна куурулган жумуртка же кургатылган өрүк жесе болот. Себеби, мунун баары алтын тыйындарга окшош.
 Нидерланддар     Мында шампан ордуна бокалдарга эң популярдуу жаңы жылдык суусундук болгон слем ичимдиги куюлат. Ал биздин эле сүттүү кызыл чайга окшош. Мындан сырткары нидерландылыктар эски жыл менен бардык жаманчылык чыгып кетсин дегенсип, эски эмерек, кийим-кечектер, идиш-аяктарды ыргытууга шашылышат. Ал эми 1-январдан тартып жаңы кийим кийүү – жакшы салт.

Нидерланддар

  •   Мында шампан ордуна бокалдарга эң популярдуу жаңы жылдык суусундук болгон слем ичимдиги куюлат. Ал биздин эле сүттүү кызыл чайга окшош. Мындан сырткары нидерландылыктар эски жыл менен бардык жаманчылык чыгып кетсин дегенсип, эски эмерек, кийим-кечектер, идиш-аяктарды ыргытууга шашылышат.
  • Ал эми 1-январдан тартып жаңы кийим кийүү – жакшы салт.
Италия     Бул өлкөдө кызыл өң бакубаттыктын символу болгон үчүн италиялыктарда бири-бирине кызыл түстөгү ич кийим берүү салтка айланган. Албетте, бул салт чоңдор арасында гана тараган. Эң кызыктуусу, Жаңы Жылга аз калганда италиялыктар бирин-бири менен урушат. Бул салттын “бардык талаш-тартыш эски жылда калып, келе жаткан жылга жаман сөздөр жетпей калсын” деген мааниси бар.

Италия

  •   Бул өлкөдө кызыл өң бакубаттыктын символу болгон үчүн италиялыктарда бири-бирине кызыл түстөгү ич кийим берүү салтка айланган. Албетте, бул салт чоңдор арасында гана тараган.
  • Эң кызыктуусу, Жаңы Жылга аз калганда италиялыктар бирин-бири менен урушат. Бул салттын “бардык талаш-тартыш эски жылда калып, келе жаткан жылга жаман сөздөр жетпей калсын” деген мааниси бар.
Англия     Чоң-кичинеси дебей англиялыктар Аяз Атага белектердин тизмеси жазылган кат жазышат да, аны күйүп жаткан отко салып ийишет. Кат күйүп кетпестен, мор аркылуу учуп чыгып, Аяз Атанын өзүнө бараарына ишенишет. Мындан сырткары, Англияда бири-бирине баасы бирдей болгон белектерди тапшыруу туура деп эсептелинет .

Англия

  •   Чоң-кичинеси дебей англиялыктар Аяз Атага белектердин тизмеси жазылган кат жазышат да, аны күйүп жаткан отко салып ийишет. Кат күйүп кетпестен, мор аркылуу учуп чыгып, Аяз Атанын өзүнө бараарына ишенишет. Мындан сырткары, Англияда бири-бирине баасы бирдей болгон белектерди тапшыруу туура деп эсептелинет .
Исландия     Исландиялык кичинекей бөбөктөр 1-декабрдан 24-декабрга чейин өздөрүн өтө тартиптүү алып жүрүшөт. Себеби, так ушул күндөрдүн биринде күтүлбөгөн жерден Аяз Ата келип, аларды текшерип кетет. Тентектик кылбаган балдар-кыздар Жаңы Жылда каалаган белектерди алышат. Ал эми эң тентек балдарга Аяз Ата жыртык батинке алып келет экен.

Исландия

  •   Исландиялык кичинекей бөбөктөр 1-декабрдан 24-декабрга чейин өздөрүн өтө тартиптүү алып жүрүшөт. Себеби, так ушул күндөрдүн биринде күтүлбөгөн жерден Аяз Ата келип, аларды текшерип кетет. Тентектик кылбаган балдар-кыздар Жаңы Жылда каалаган белектерди алышат. Ал эми эң тентек балдарга Аяз Ата жыртык батинке алып келет экен.
Орусияда  XV кылымга чейин, балким андан да мурда болушу мүмкүн Орусияда жаңы жыл 1-мартта келчү тура. Кийинчерээк, 1348-жылы Москвада жаңы жылды мартта эмес, 1-сентябрга жылдырышкан. Бул майрам ХV кылымдын аягына чейин уланган. ХVI кылымда жаңы жылды тосуу адатка айланып, расмий түрдө майрамдай баштаган. Жаңы жылдын биринчи күнү 1-январь деп 1700-жылы ПетрI дин буйругу менен Орусияда майрамдалып, ал бүткүл европага тараган. Ошондон ушул күнгө чейин 1-январь жаңы жылдын биринчи күнү болуп эсептелет.

Орусияда

  • XV кылымга чейин, балким андан да мурда болушу мүмкүн Орусияда жаңы жыл 1-мартта келчү тура. Кийинчерээк, 1348-жылы Москвада жаңы жылды мартта эмес, 1-сентябрга жылдырышкан. Бул майрам ХV кылымдын аягына чейин уланган. ХVI кылымда жаңы жылды тосуу адатка айланып, расмий түрдө майрамдай баштаган. Жаңы жылдын биринчи күнү 1-январь деп 1700-жылы ПетрI дин буйругу менен Орусияда майрамдалып, ал бүткүл европага тараган. Ошондон ушул күнгө чейин 1-январь жаңы жылдын биринчи күнү болуп эсептелет.
Кыргызстанда   Ал эми бир катар Ислам динин карманган өлкөлөрдө жыл тогошуу күнү деп 21-март белгиленет. Алардын ичинде бизде-Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө бул күн улуттук майрам катары майрамдалып келет.

Кыргызстанда

  •   Ал эми бир катар Ислам динин карманган өлкөлөрдө жыл тогошуу күнү деп 21-март белгиленет. Алардын ичинде бизде-Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө бул күн улуттук майрам катары майрамдалып келет.
Айрым бир маалыматтарда
  • Айрым бир маалыматтарда "Нооруз - Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси" деп берилет. Ал эми ислам дининде "Нооруз - периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан" деген да маалыматтар бар. Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге соко салып бара жаткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.
Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, эски жылды узатуу, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылга көрүп келген. Таарынычы барлар чын дилден бирин-бири кечирип,
  • Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, эски жылды узатуу, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылга көрүп келген. Таарынычы барлар чын дилден бирин-бири кечирип, "бардык чыр-чатак, араздашуу эски жыл менен кетти" деп эсептешкен. Ошондуктан бул күнү бардык көйгөйдү унутуп, таарыныч, капачылыктарды артка таштап, Улуу күндү жагымдуу маанай менен тосуп келишкен.
  • Кыргызстанда Жаңы жылды жалган куран (март) айынын 21де күн менен түндүн теңдешүүсүндө майрамдашат.
  • Ал эми 1-январда Жаңы жылды белгилөөнү кыргыздар Кыргызстанга орустар келгенден баштап (өзгөчө совет доорунан тартып) майрамдап калышкан.
  • Жаңы жылда кадимкидей эле балатыны кооздоп, улуттук тамактарды даярдап үй бүлө менен кече уюштурушат.
  • Кеченин башкы коногу Аяз Ата.
Жыйынтык:   Жаңы Жыл дүйнөдө калктын басымдуу бөлүгү белгилеген майрамдардын бири.  Жаңы Жылды тосуу боюнча ар бир өлкөнүн кылым карыткан каада-салты бар. Бирок бардык элде бири-бирине – кубаныч, ишеним, ак тилектерди каалоо бирдей, окшош. Бардык эле дүйнө элдери келе жаткан Жаңы Жылдан чоң үмүт менен жакшылыктарды жаңы ийгиликтерди, жаңы өзгөрүүлөрдү күтүшөт. Балким, ошондуктан Жаңы Жыл бардык элдердин сүйүктүү майрамы болсо керек.

Жыйынтык:

  •   Жаңы Жыл дүйнөдө калктын басымдуу бөлүгү белгилеген майрамдардын бири.
  • Жаңы Жылды тосуу боюнча ар бир өлкөнүн кылым карыткан каада-салты бар. Бирок бардык элде бири-бирине – кубаныч, ишеним, ак тилектерди каалоо бирдей, окшош.
  • Бардык эле дүйнө элдери келе жаткан Жаңы Жылдан чоң үмүт менен жакшылыктарды жаңы ийгиликтерди, жаңы өзгөрүүлөрдү күтүшөт. Балким, ошондуктан Жаңы Жыл бардык элдердин сүйүктүү майрамы болсо керек.