СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаны жылдык ырлар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаны жылдык ырлар

Просмотр содержимого документа
«Жаны жылдык ырлар»

Жаңы жыл жөнүндө ырлар

Жаңы жылда жылма жылда ,

Биз елканы тосуп алган.

Кыргызымдын уул-кызы,

Биз жаштарбыз кубанган.



Жаңы жыл кирип келет жакында,

Жаңы бакыт алып келсин баарына.

Баарын жандан эч ким карап олтурба,

Мындай майрам бир күн эле бир жылда.



Кош бол эми энчиленген эски жыл,

Биз чечиштик ачуу-аттуу нечен сыр.

Арча бешик терметтрип чүрполүү,

Абийир болдун атпай журттан чыкпай чыр.



Нускасын эски жылды үзбөй улап ,

Айрандай аппак болсун асманыбыз .

Эриш-аркак эмгентен арыс чубап,

Каймактай таттуу болсун тапканыбыз.



Жаңы жылда жаңы гулдөр жаңырсын,

Элим көрсун бул турмуштун пайдасын.

Бирге жүрүп бакыт бүткөн эл менен,

Эмгектенсин эч ким артта калбасын.







Жаңы жылым сенде дем бар ажайып,

Жаркып маанай жакындашып жашайлык.

Эскиртишпей салттуу,аруу достуктун,

Эшиктерин кеңирирээк ачалык.



Жылуу жомок тартуулап,

Баарыбызды кубантат.

Аяз атаны чакырат,

Балатыны жандырат.



Жаңы жылда жомоктор,

Тирилет деп айтышат.

Жаңы жылда тилектер,

Орундалат деп айтышат.



Биз куткөнбүз бул кундү,

Толук бир жыл чыдабай.

Каалоолорду алдын ала,

Каалаганбыз баарына.



Ак сакалчан эски жыл,

Кетип баратат улгайып.

Ассалоуму алейкум деп,

Жаңы жылды чакырып.









Куттуу болсун жаңы жыл,

Мыкты болсун жаңы жыл.

Куттуктаймын эл журтум,

Жакшы тилек ой менен.



Кат жазамын аяз атага,

Бардыгы үчүн суранам.

Кайгы капа болбосун,

Күлкү шаңга үй толсун.



Аяз кызды чакыралы,

Кар кишини жасайлы.

Жан-жаныбар чакырып,

Чоң майрамды баштайлы.



Кыш мезгили жыргал ай,

Алып келет шаттыкты.

Жаңы жыл келип кубантып,

Баарыбызды шыктантат.



Коңгуроолор шылдырайт,

Балатыбыз жылтылдайт.

Жаңы жыл менен аяз ата,

Чурпөлөрдү куттуктайт.

Жаңы жылым баарыбызга бакыт берсин,

Ак карга кошуп бакыт берсин.

Токчулук молчулуктун жылы болуп,

Ар бир үйгө ырыскы алып келсин.





Жаңы жыл келди жанырып,

Аппак жоолук салынып.

Чоң куттук айтам элиме,

Дүйнөнү мүлдө жаңыртып.



Ак жолтой болуп жаңы жыл,

Ыймандай сырлар ачылсын.

Акындар жазып жакшы ыр,

Ааламга толук таанылсын.



Аппак карга чулгады,

Ойду тоону талааны.

Кышка рахмат айтышат

Балдар сүйрөп чананы.



Аяз Ата сыйкырдуу,

Тартуулады өнөрүн.

Ар балага ар кызга,

Арнап сунду белегин.



Ороп аппак шейшепке,

Тоо-токойду,бүт жерди.

Көптөн бери күттүргөн,

Биздин жерге кыш келди.





Жааган кардан чочулап, Тааныш кыйын айылды,

Биз да карап турбадык. Бүт аппак кар жамыды.

Дөңдөн төмөн зуулдап, Ак кылычын байланып,

Чана тээп жыргадык. Каарданып чамынды.



Айылыбызга күттүрбөй, Бубак басты бактарды,

Кычыраган кыш келди. Кыш жомогу башталды.

Ары –бери аппак кар, Лыжа,коньки байланган,

Каптап калды бүт жерди. Балдар буга шаттанды.



Ак кебездей кары бар, Курбу менен курдашка,

Обону бар жаңырар. Жыл башка да,ыр башка.

Жаңылаган дүйнонү, Ар бир бөбөк чоңоет,

Жылдын башы январь. Январда бир жашка.



Аяз ата биз менен, Ушул күндү өзгөчө,

Балатыны айланат. Күттү баары сагынып.

Жүздөрундө күлку ойноп, Жаңы жылда болсо экен,

Балдар-кыздар жарданат . Айтып бүткүс жаңылык

















Жаңы жыл

Кобурашып суудан ашып,

Үйгө толуп ырыс алып.

Келди бизге жаңы жыл шашып,

Күүгө толуп,ырга толуп.

Жаңы маанай бакыт конуп,

Жаңы жылды алалы тосуп. (3-жолу)

( КАЙЫРМА)

Бүгүн майрам жеримде,

Ак калпактуу элимде.

Шаңга батсын биздин сүйүүлөр,

Келгин достор бийлейли.

Капалыкты билбейли,

Шаңдуу чыксын биздин күлкүлөр (3-жолу)

Ак ниеттен аяз ата,

Жаңы жылга кылсын бата.

Орун алсын тилектер таза,

Үйлөнүшүп кыз жигиттер.

Тойдо айтылып ак тилектер,

От чачышсын назик илептер. (3-жолу)

(КАЙЫРМА)

Бугүн майрам элимде,

Ак калпактуу жеримде.

Шаңга батсын биздин сүйүүлөр,

Келгин достор бийлейли .

Капалыкты билбейли,

Шаңдуу чыксын биздин күлкүлөр. (3-жолу

(КАЙЫРМА)


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!