СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жапайы жана үй жаныбарлары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаныбарлар 

Просмотр содержимого документа
«Жапайы жана үй жаныбарлары»

Сабактын темасы: Жаныбарлар жазында.

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын формасы: ШТК (шайырлар, тапкычтар командасы)


Сабактын максаттары:

Индикаторлор:Жогорудагы максаттар ишке ашат

Эгер окуучу:

Билим берүүчүлүк жагы:

Окуучулар “Жаныбарлар жазында” деген темада түшүнүк алышат.



-Жаңы тема боюнча жакшы түшүнсө

Өнүктүрүүчүлүк жагы:

Окуучулар жапайы жаныбарларды таанып билет, ойлоосун, эске тутуусун, сүйлөө кебин өстүрүшөт.


-Сынчыл ой жүгүртүп,өз оюн эркин далилдүү айта алса.

Тарбия берүүчүлүк жагы:

Жаныбарларды коргоого,аларга аяр мамиле жасоого,топтор менен ынтымактуу иштөөгө тарбияланышат.

- Жаныбарларды коргоого,аларга аяр мамиле жасоого,топтор менен ынтымактуу иштөөгө тарбияланышса



Сабактын жабдылышы: слайд көрсөтүү, түстүү сүрөттөр, интерактивдүү доска, ватман, скотч, маркер, клей, кайчы, карточкалар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

Этабы


Убактысы

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Уюштуруу-чулук

3 минут

Окуучулар менен салам-дашып классты толуктап, 3топко бөлүп алуу

Окуучулар сүрөттөр боюнча бөлүнүшөт

Жагымдуу маанай

3минут

Алтын эрежени түзүп алуу

-Балдар бүгүнкү сабагыбыз жакшы өтүшү үчүн бири-бирибизге жагымдуу маанай каалап алсак.

Керемет көч ырына окуучулар менен биргеликте кыймылдуу бийлөө.

Үй тапшырмасын суроо

7 минут

Карточкалар аркылуу сурап алуу

Жапайы канаттуулар.

3 топко 3 канаттуунун сайраганын уктуруу. Окуучулар кайсы канаттуу экенин табышат.


Үй тапшырмасын бышыктоо

5 минут

Топторго канаттуулардын сүрөттөрүн таратуу.Доскада илинип турган канаттуулардын жашоочу, уя салуучу жерлери көрүнүп турат,силер кайсы канаттууга тиешелүү экендигин көрсөтүп жабыштырасынар.


Ар бир топ өздөрүнүн сүрөттөрү боюнча канаттуунун уясын таап сүрөттү жабыштырышат.

Жаңы тема боюнча түшүндүрүү:

Тап-тап табышмак оюну


2 минута

1.Абайла ага тийбе,үстү толо ийне.

2.Узун куйрук кызгылт жүн, шек алдырбай жойлогон

Айбан туруп өтө куу

Ал эмне ойлогун.

3.Узун кулак алан көз,өзу коркок элендейт.

4.Аны адамдын жолдошу дейбиз бүт,

Корообузду кайтарып берүүчү ....

5.Чычкан көрсө чуркаган күйүп-бышып,

Жетсе басып чыйылдатып жеген.


Окуучулар табышмактардын жандырмагын табышат

Жаңы тема боюнча слайд көрсөтүү

10 минут

Демек, бүгүнкү өтүлүүчү жаны тема “Жаныбарлар жазында” деген темада сөз кылабыз. Жазында жаныбарлар төлдөп, көбөйүшөт экен. Мисалы, Тыйын чычкан 3төн 9га чейин кичинекей балдары туулат.Коен 5тен 18 ге чейин бала тууп,эмизип багат .Анда эмесе,барынардын көнүлүнөрдү дагы кандай жаныбарлар болот экранга бурабыз.

-эмнелерди көрө алдынар?

-Жаныбарлар силерге жагабы?


Окуучулар жаныбарлар жөнүндө видео көрүшөт

Сабакты бышыктоо:

5 минут

Мына азыр жазында жаныбарлар балалап, көбөйүп жатышат экен, эгерде силер кичинекей жаныбарлардын балдарын көрүп калсанар, энесин кантип таап бересинер?


Окуучулар тесттерге жооп берүү менен энесин таап беришет.


Үйгө тапшырма берүү

3 минут

Жакшы көргөн жаныбарынардын сүрөтүн тартып келүү.

Окуучулар үй тап-шырмасын күн-дөлүккө жазышат


Сабакка ак-тивдүү катыш-кан окуучу-ларды баалоо.

2 минута

Алган упайларын эсептөө. Топтук жана жекече баалоо


Окуучулар алган упайларын эсептешет