СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жапайы жана үй жаныбарлары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жапайы жана үй жаныбарлары»

Сабактын темасы: ЖАПАЙЫ ЖАНА ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫ.

Сабактын тиби: жаны теманы тушундуруу, билимдерди калыптандыруу, жалпылоо, кайталоо, бышыктоо, билимдерин текшеруу, аралаш.

Сабактын формасы: стандарттык сабак, стандарттык эмес сабак(оюн, конкурс, диспут, конференция, экскурсия, топто иштөө, жупта иштоо, ролдоштурулган, семинар, теле копуро, кадам артынан кадам.

Сабактын усулу: тушундуруу, кластер тегерек стол, венндин диограммасы, перфокарта менен иштоо, синквейн тузуу, зигзаг, анализ, синтез, топто иштоо, жупта иштоо.

Колдонуучу ресрустар: карточкалар, схемалар, фигуралар, чиймелер, маселенин шарттары._________________________________________________________________________

Сабактын максаты: кутулуучу натыйжа:

1.Билим беруучу максаты:


Жаныбарлардын топторунун аталыштарын таанышат, жапайы жана үй жаныбарларын айырмалай алышат.

Үй жана жапайы жаныбарларды айрып таанып билишет жана топторго бөлуштурө билишет.

2. Өнуктуруучу максаты:


Жапайы, үй жаныбарларынын жашоо - тиричилиги менен тааныша алышат

Үй жана жапайы жаныбарлардын жашоо-тиричилиги тууралуу айтып бере алышат.

3. Тарбия беруучулук максаты


Жаныбарлардын адамга тийгизген пайдасын биле алышат

Жаныбардлардын адамдарга берген пайдасын айтып беришет.

Негизги компетенттуулуктор:

  1. Маалыматтык

Жаны тема менен таанышышат.

  1. Социалдык –коммуникациялык:

Темага карата суроолорду бере алышат

  1. Оз ишин уюштуруу жана койгойлорду чечуу:

Өз алдынча жумуш аткара алышат.

Предметтик компетенттуулук:

ПК 1: Таанып билуу компотенттуулугу, илимий суроолор а) издениши мумкун болгон койгойлорду которуу. Б) Маалыматтарды издоо учун керек боло турган создорду аныкташат. В) табигы илимий изилдоолордун негизинде озгочолонгон муноздомолорун таба билуу.

ПК 2: кубулуштарды илиимий тушундуруу: а) мындай жагдайларда билимди колдонуу. Б)кубулуштарды тушундуруу мумкун боло турган озгортуулорду болжолдоо. В)тушундуруу, жаратылыш обьектилерин жана кубулуштарды таанып билуу.

ПК 3: илимий тыянактарды колдонуу: а)фактыларды маалыматтарды чогултуу жана тыянактарды чыгаруу. Б)тыянактын негизинде жаткан фактыларды, маалыматтарды таап чыгуу. В) коомдо технологияларды колдонуунун жыйынтыктарын баалоо.


Сабактын жүрүшү: А) уюштуруу

Ачык дайым кабагың,

Дайым даяр сабагың.

Саламаттык каалаймын,

Саламатсынарбы балдарым!

Анда эмесе сабагыбызды баштайбыз! (окуучулар топтор болуп ураан айтышат.

  1. Сабакты биз баштайбыз конокторду сыйлайбыз!

  2. Сабакты биз баштайбыз эң мыкты жооп беребиз!

  3. Сабакты биз баштайбыз активдүү катышабыз!

Б) Өткөн теманы кайталоо:

Мугалим: Бөлмөдө өстүрүлгөн гулдөр маданий өсүмдүкбү же жапайы

өсүмдүкпү?

Балдар: Маданий өсүмдүк.

Мугалим: Эмне үчүн?

Балдар: Анткени бөлмө гүлдөрүн адамдар өстүрушөт.

Мугалим: Бөлмө гүлдөрүн кантип карайбыз? Же гүлдөрдүн өсүшүнө жардам берүүчү кандай эрежелерди билдик? (эрежелерди айтышат)

В) Жаңы теманы түшүндүрүү:

Ангемелешүү (видео көрсөтүлөт)

Жаныбаларды эки топко бөлүшөт:

  • Жапайы жаныбарлар;

  • Үй жаныбарлар;

Мугалим: Жапайы жана үй жаныбарлары дегенге кандай түшүнөсүңөр?

Балдар: Үй жаныбарларын адамдар өздөрү көбөйтүшөт жана багышат. Жапайы жаныбарлар өздөрү тамак таап жеп, талааларда жана тоолордо жашашат.

Мугалим: Анда эмесе, сурөттөгү үй жаныбарларын атагыла.

Балдар: Уй, ат, эшек, ит кой жана башка.

Мугалим: Жапайы жаныбарларды атагылачы.

Балдар: Арстан, маймыл, бугу, аюу, карышкыр, чөө ж.б.

Мугалим: Туура, эми китептен да окуп билеличи.

Китеп менен иштөө, 39-бет.

Мугалим: “Ким биринчи табат?” (балдар текстке үңүлуп карашып, издеп табышат, ким биринчи тапса ал баланы окутуу керек)

Мугалим: Балдар биз билген кээ бир жаныбарларды үй жана жапайы жаныбар деп адаштырбашыбыз керек. Билип жур текстин окуп чыккыла.

Дене тарбия көнүгүүсү: Музыкалык көнүгүү менен балдар бийлешет.

Инсценировка: Ат менен эшек.

Мугалим: “Күчү адал, сүту арам” дегенге кандай түшүнөсүнөр?

Балдар: Эшек оор жүк көтөрөт, адамдарга көп жардамы тиет, ошол үчүн адал. Эшектин сүтүн адамдар ичишпейт, ошон үчүн арам.

(окууччулар Эшек менен ат тууралуу инсценировканы окуп тушунушот.

Г) Бышыктоо: Мугалим: Үй жана жапайы жаныбарлары деп кайсы жаныбарларды айтабыз?

Мугалим: Кескелдирик кандай жаныбар?

Балдар: Жапайы жаныбар.

Мугалим: уйлар кандай жаныбар?

Балдар: үй жаныбары.

Д) Үй иши: Тексти окуп келип түшүнүк айтуу жана пластилинден үй жаныбарларын жасап келүү.

Күтүлүүчү натыйжа: Жаныбарлар жандуу жаратылыш жана алар менен адамдардын айырмасын тааныйт. Адамдардын тиричилиги үчүн негизги сырьё экендигин билишет.