Ж АЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ ТЕХНИКА БӨЛҮМҮ
Тема: Жарыктын жаратылышы.
Жарык булактары.
Тайпа: СРк -2.17
Окутуучу: Бакирова Э.Б.
Сабактын максаты
- Жарыктын жаратылышы жөнүндө илимпоз-
дордун ар түрдүү ойлорун талдашат;
- Жарык булактарын билишет;
- Жарык электромагниттик толкун экенине
түшүнүшөт;
Баалоо критерийлери
- Жарыктын жаратылышы жөнүндө илимпоз-
дордун ойлорун талдай алса;
- Жарык булактарын билсе;
- Жарык электормагниттик толкун экенине
түшүнсө;
- Формуланы колдонуп маселе иштей алса;
Өбөлгө түзүүчү суроолор
- Электр жана магнит талааларынын өз ара
байланышы?
- Электр-магниттик толкун деп эмнени
айтабыз?
- Кандай оптикалык нурдануулар инфра-
кызыл,ультракызгылт-көк деп аталат?
- Электр-магниттик толкундардын булагы?
Илимпоздордун маалыматы:
Исаак Ньютон англис физиги 1675-жылы жарык жөнүндөгү теориясын сунуш кылган. Ал теория боюнча жарык, жаркырак телолордон учуп чыккан жана көзгө көрүү сезимин пайда кылган тез кыймылдагы эң кичине бөлүкчөлөрдүн корпускулалардын агымы болуп эсептелген
(1643-1727)
Роберт Гук
Англис илимпозу жарыктын толкун-дук жаратылышта экендиги жөнүндөгү гипотезасын айткан
(1635-1703)
Генрих Герц
Немец физиги Г.Герц электр-магниттик толкундардын таралуу ылдамдыгы жарык ылдамдыгына барабар экендигин аныктаган.
(1857-1894)
Жарык булактары:
Айланабыз жарык же караңгы экенди-
гине карабай мүмкүн болгон жана кур-
чап турган айлана чөйрөсүнө жарык
чыгарууга жөндөмдүү болгон нерселер
(телолор) жарык булактары деп аталат.
Бөлүнүшү
Жарык булактары
Табигый
Жасалма
Жарык булагын мүнөздөө үчүн жарык күчү деген чоңдук киргизилген.
J = же Ф = J Ω
Ф - жарык агымы
J - жарык күчү
Ω - нерселик бурч
СИ системасында жарык күчүнүн бирдиги:
= 1 св ( свеча )
[ Ω ] = 1 стер ( стерадиан )
[ Ф ] = 1 лм ( люмен )
[ J ] = = 1 св
Жарыктаныш.
Жарык агымынын ал түшүп жаткан бетке
болгон катышы менен өлчөнүүчү чоңдук
жарыктаныш деп аталат.
Е – жарыктаныш
Е = Ф – жарык агымы
Ѕ – жарык түшүүчү бет
СИ системасында бирдиги:
[ Ф ] = 1 лм ( люмен )
[ Ѕ ] = 1 м²
[ Е ] = 1 лк ( люкс )
[ Е ] = = 1 лк
Жарыктануу нурдануусу:
Жыштыгы 7,5 · 10¹⁴ Гц болгон термелүүлөр
кызгылт-көк термелүүлөр.
Жыштыгы 4 · 10¹⁴ Гц болгон термелүүөр
кызыл түстү сездирет.
Жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы:
с = 3 · 10⁸ м/с
Толкун узундук : λ =
Келгиле, ой жүгүртөлү :
1.Магниттик индукция а) U, б) S, ж) В. 2.Бирдиги а) Тл. б) Вб, в) Гн, 3.Магнит агымы с) F, р) Ф. к) Е, 4.Бирдиги о) Н, т) В, ы) Вб. 5.Магнит өткөрүмдүүлүк к) µ. м) ω, л) γ, 6.ЭКК с) Р, п) t , т) ε. 7.Бирдиги а) В. в) А, д) Дж, 8.Индуктивдүүлүк о) С, н) L. к) I, 9.Бирдиги ы) Гн. с)Кл , л) Гц, 10.Кубаттуулук и) Е, ш) Р. о) R ,
1-тапшырма:
1.Нерселик бурчтун ичинде 240 лм жарык
агымы түзүлгөн болсо, 0,6 стер болгон нер-
селик бурчтун чокусунда жаткан точкалуу
булактын жарык күчүн аныктагыла?
2.Узундугу 300 м болгон радиотолкундарды
нурдантуучу ачык термелүү контурунун
термелүү мезгили кандай?
2-тапшырма:
3. 32500 м²шаар аянтын бир калыпта жарык-
тандыруу керек.Аянттын жарыктанышы
4 лк ка барабар болсун үчүн,электр светиль-
никтери кандай жарык агымын түзүүгө
тийиш?
4.Радиостанцияда 75 мГц жыштыкта радио-
берүү болуп жатса,толкун узундугун тап?
3-тапшырма:
1.Эгер театрда колоннанын артында турсаңар
анда артист көрүнбөйт,бирок үнү угула
берет эмне үчүн?
2.Кандай дубалдын артындагылырды көрүүгө
болот?
3.Эмне үчүн сууга түшүрүлгөн манжалар кыс-
ка болуп көрүнөт?
4.Курсагың ачып кетип,нанды айранга туурап
жесең эмне болот?
Жыйынтыктоо:
1.Жарык булактары жана анын бөлүнүшү?
2.Жарык күчү жана анын формуласы,
бирдиги?
3.Жарыктаныш деп эмнени айтабыз?
4.Формуласы жана бирдиги?
5.Жарыктын вакуумдагы таралуу ылдам-
дыгы канча?
Үйгө берилүүчү тапшырма:
Окуу китеби: параграф-31.
Жарык булактары. ( кластер түзүү )
Көңүл
бурганыңыздарга
чооң рахмат