СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаш мугалимге насаат.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаш мугалимге насаат.»

Жаш мугалимге насаат.Акчал Атагулов.

Мугалимдин жумушу абдан жоопкерчиликтүү,жумуш.Анткени баланын жан дүйнөсүүн өнүгүшүндө,анын инсан болуп калыптанышында мугалимдин таасири чоң.Жалкоо мугалим канчалаган окуучулардын жан дүйнөсүн бүлдүрүп,коомубуздагы чала сабат,түркөй, ач көз,митаам,кытмыр,мансапкор,дүнүйөкор,өзүмчүл адамдардын санын көбөйтүшү мүмкүн.Андайлардан кудай сактасын.Менин сенден ата катары өтүнөөрүм,өз кесибиңди жоопкерчилик менен аркалап,балдарга аяр мамиле жасап көн.Алар жердин жандуу гүлдөрү экенин унутпа.Окуучулар балалык кыял менен эмнелерди гана жасабайт.Мугалим канчалык токтоо,сабырдуу,чыдамкай,кечиримдүү,көтөрүмдүү болсо,ошончолук окуучуларга алымдуу болот.Окуучунун тилин таап,аны өзүңө тарта билишиң керек.Окуучуга эч убакта эрегишпе.Эрегишкен адам эч качан жакшы мугалим боло албайт.Айрым мугалимдер окуучуларды директорго,завучка айтам деп коркутушат же окуучуну директорго,завучка жетелеп келишет.

Бул туура эмес.Колдон келсе,ар бир мугалим өз көйгөйүн өзү чечкенге аракет жасаш керек.Тил-оозу,акыл-эси бар бала баарын түшүнөт.Бар болгону ага туура мамиле жасай бил.Окуучунун сабака болгон кызыгуусун арттыруу бул мугалимдин өзүнө байланыштуу.Андыктан ар бир мугалим өтүүчү сабактарына жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек.