СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жат жазуу 5-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жат жазуу 5-класс.Билимдерин текшерүү

Просмотр содержимого документа
«Жат жазуу 5-класс»

Жат жазуу 5-класс.Орус класстар үчүн

Гүлдөр

Гүлдөр- жаратылыштын көркүн ачкан эң кооз өсүмдүктөр. Кичинекей сары гүлдөрдө же каакымда, эгиндин арасында көрүнбөй өскөн тармал чөптө, же кызгалдактын гүлүндө адамдын көңүлүн эргитер керемет күч, шаттык камтылган. Жемиш багында гүлдөп турган бадалдын мээримдүү көрүнүшү, токойдогу кызыл-тазыл жайнаган ачык аянтчалардагы гүлдөр көңүлдү көтөрүп, жан сергитип, ой –тилектерди алга сүрөп, жогорку максаттарга үндөйт, табияттын сулуулугуна болгон сүйүү сезимин ойготот. Эгер адамдын ички маданияты менен табити тубаса болсо, анда ал көзгө көрүнгөн гүлдөрдүн баарын эле үзө бербейт. Анткени ал ошол гүлдөрдүн сулуулугун баалай билет. Жаратылыштын көркүн ачып, адамдарга ырахат тартуулап өсүп турган “сулуулукту” тамыры менен жулуп салыш наадандыкка барабар.

Өлкөбүздө гүлдөр көбөйсүн, алар өскөн жерлерде мүмкүн болушунча узакка сакталсын. (108 сөз)

Грамматикалык тапшырма:

1) Жөндөмө мүчө уланган сөздөрдү уңгу мүчөгө ажырат, кайсы жөндөмө мүчө экенин аныкта.__________________________________________

Атооч.

Илик

Барыш.

Табыш.

Жатыш.

Чыгыш.