СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кептин стилдери 2

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кептин стилдери 2»

КЫРГЫЗ ТИЛИ БОЮНЧА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫНА ДАЯРДЫК ТЕСТТЕРИ

ТЕСТ 31



Тема: Кептин стилдери

1. Кептин негизги стилдери:

а) сүйлөшүү жана жазуу стили

б) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

в) оозеки, жазуу, иш кагаз стили

г) көркөм, илимий, публицистикалык


2. Такталган, эрежеге баш ийип, нормага салынган кептин стили

а) оозеки б) жазма

в) илимий г) иш кагаз


3. Кептин функционалдык стилдери

а) 2 б)3 в) 5 г) 4


4. Аккуласын алкынтып, Манас баатыр келе жаткансыйт. Сүйлөмдүн стили

а) илимий б) публицистикалык

в) көркөм г) иш кагаз стили


5. Көркөм стиль мүнөздүү сүйлөм:

а) Муз эрип жатканда, анын температурасы өзгөрбөйт.

б) Көңүл буруңуздар, Сиздер түз эфирден угуп жатасыздар.

в) Бул справка, тиешелүү жерге көрсөтүү үчүн берилди.

г) Сабакты класс, парталар

Шыбырап турчу билбесем.


  1. Жогорудагыларды угуп жана талкуулаш, класстык чогулуш токтом кылат.

Алды сызылган сөздөргө карай сүйлөмгө мүнөздүү стиль

а) публицистикалык б) илимий
в) иш кагаз стили г) көркөм


7. Чогулуштун токтому, маалымдама, кулактандыруу кирген иш кагаздарынын түрү

а) официалдуу эмес б) официалдуу

в) иш кагаз г) илимий


8. Биз төмөндө … түзүп, кол коюучулар

Көп чекиттин ордуна койгондо иш кагаз стилине кире турган сөз:

а) токтом б) түшүнүк кат
в) акт г) ишеним кат



9. Кептин сүрөттөө тиби мүнөздүү стили

а) илимий б) публицистикалык

в) көркөм г) оозеки сүйлөө


10. Акын, жазуучулар колдоно турган стиль:

а) илимий б) иштиктүү

в) көркөм г) жөнөкөй


11. Кулактандыруу, мүнөздөмө кирген иш кагаздарынын түрү:

а) официалдуу иш кагаздарына

б) официалдуу эмес иш кагаздарына

в) илимий стилге

г) иш кагаздарынын стилине


12. Газета-журналдардын, радио-теле берүүлөрдүн тил өзгөчөлүгүнүн стили:

а) коомдук-публицистикалык

б) официалдуу иш кагаздарынын
в) илимий

г) көркөм


13. Кептин стили деген...

а) тилдин колдонуш өзгөчөлүгү

б) белгилүү максатка ылайык оозеки же жазма формада тилдин колдонулуш өзгөчөлүгү

в) көркөм адабияттын тили

г) илимий адабияттардын тили


14. Жазма кептин стилинин мүнөздүү белгилери ...

а) көпчүлүккө арналгандыгы

б) жазма түрдө болгондугу

в) сөздөр тике мааниде колдонулат

г) адабий тилдин нормасында, эрежелер менен герминдерди колдонуп жазуу






15. Мен бул көйнөктү сатып алдым. Жөн эле кийип жүрүү үчүн. Кандай экен?

Сүйлөмдүн стили ...

а) жазма

б) оозеки кеп

в) публицистикалык

г) бардык стилдин белгилери бар


16. Терминдерге көбүнчө мүнөздүү стиль:

а) оозеки б) илимий

в) көркөм г) иш кагаз


17. Сүйлөшүү стилине мүнөздүү чөйрө:

а) китеп б) газета

в) журнал г) үйдө


18. Көркөм стилдин чыгармалары:

а) илимий чыгармалар

б) рецензиялар

в) тамсилдер гана кирет

г) көркөм адабий чыгармалар


19. "Сабакты класс, парталар,
Шыбырап турчу билбесек..."

Сүйлөмгө мүнөздүү стиль:

а) репортажга б) публицистикалык

в) көркөм г) лирикалык чыгармаларга


20. Биз төмөндө ... түзүп, кол коюучулар. Көп чекиттин ордуна келүүчү сөз:

а) программа б) акт

в) арыз г) буйрук












Жооптору:

  1. а

  2. б

  3. г

  4. в

  5. г

  6. в

  7. а

  8. в

  9. в

  10. в

  11. б

  12. а

  13. б

  14. г

  15. б

  16. б

  17. г

  18. г

  19. в

  20. б



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!