5-класс.Математика
Тема:
Жөнөкөй бөлчөктөр, алардын
окулушу жана жазылышы
Саттарова Г.А
Сабактын максаты:
Жөнөкөй бөлчөктөр жөнүндө
түшүнүк алуу, жөнөкөй
бөлчөктөрдүн окулушун,
жазылышын үйрөнүү
1-маселе. Апам бир тандыр нандын
жарымын иним экөөбүзгө бөлүп
берди. Бизге канчадан нан тийди?
Нандын жарымы-эки барабар бөлүктүн
бирөө. Аны кыскача экиден бир деп
атайбыз.
Нандын чейреги-төрт барабар бөлүктүн
бирөө. Кыскача төрттөн бири деп
айтылат.
экиден бир
төрттөн бир
2-маселе. 12 санынын алтыдан бир жана
алтыдан эки үлүштөрүн салыштыргыла.
12 нин алтыдан бир үлүшү-2, алтыдан
эки үлүшү-4. Демек алтыдан эки үлүшү чоң.
3-маселе. Квадратты төрт барабар
бөлүккө бөлүп, алардын үчөөнү боёшкон.
Квадраттын аянты болсо, боёлгон
бөлүгүнүн аянтын тапкыла.
36 нын төрттөн үч үлүшү-27.
боёлгон
Ар бир маселеде кандайдыр бир бүтүндүн
бир же бир нече үлүштөрү чагылдырылган.
Мына ошондой үлүштөрдү туюнтуучу
сан бөлчөк деп аталат.
Демек, бөлчөк бирдиктин бир же бир нече
үлүшүн туюнтат. Ошондуктан бөлчөктү
кээде бөлчөк сан деп да аташат.
бештен үч, он экиден жети,
тогуздан төрт, сегизден бир
Ар бир бөлчөк канча сөз менен берилген?
Биринчи сөз эмнени түшүндүрөт? Экинчисичи?
Биринчиси-бүтүн канча бирдей
үлүшкө бөлүнгөнүн, экинчиси-
ошондой үлүштөрдөн канчасы
алынганын көрсөтөт.
алтыдан беш, 6 -бөлчөктүн бөлүмү,
5 - бөлчөктүн алымы, сызык бөлчөк
сызыгы деп аталат.
Бөлчөктү окуганда адегенде анын бөлүмү
чыгыш жөндөмөдө, андан кийин алымы айтылат.
№ 380. Бөлчөктөрдү окугула:
төрттөн эки
бештен бир
ондон беш
жетиден эки
№ 381. Бөлчөктү жазгыла: бештен төрт; ондон сегиз;
алымы 2, бөлүмү 3; алымы 3, бөлүмү 5.
бештен төрт -
ондон сегиз -
алымы 2, бөлүмү 3 -
алымы 3, бөлүмү 5 -
Тест №1
А) сегизден он жети,он жетиден сегиз,жетиден тогуз
Б) сегизден жети,он жетиден сегиз,тогуздан жети
В) жетиден сегиз,сегизден он жети,жетиден тогуз
Туура жооп: Б
Тест №2
ондон жети, он жетиден эки, төрттөн бир
Туура жооп: В