СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жумушчу стол жана анын элементтери

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жумушчу стол жана анын элементтери

Просмотр содержимого документа
«Жумушчу стол жана анын элементтери»

Компьютердик сабаттуулук ийриминин ачык саатынын иштелмеси

Ийрим жетекчи Маанова Ч.П.

Датасы: 24.10.2018-ж

Өтүлүүчү орду: компьютер каанасы

Сабактын темасы: Жумушчу стол жана анын элементтери


Сабактын максаттары


Күтүлүүчү натыйжалар, көрсөткүчтөрү

Билим берүүчүлүк: Жумушчу стол жөнүндө терең маалымат берүү. Ой жүгүртүүсүн өстүрүү


Жумушчу стол жөнүндө маалымат алышат. Жумушчу столду билишет.

Өнүктүрүүчүлүк: Мисалдар аркылуу жумушчу столдо иштөөгө, анын элементтерин башкарууга көнүктүрүү. Билим, билгичтигин калыптандыруу


Жумушчу столдо өз алдынча иштей алышат, элементтерин айырмалап, колдоно алышат.

Тарбиялык: сабакта тынч отурууга, бирин-бири угууга, группада иштөөгө, көнүл бурууга, компьютерде туура отуруунун эрежелерин сактоого тарбиялоо

Теманы жакшы түшүнөт, бири-биринен үйрөнөт, компьютерде туура отурат жана иштейт.


Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,

билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Краткий самоучитель работы на

компьютере» Москва 2009 г.

«Көңүлдүү оюндардагы информатика» Бишкек 2016

Мамбетакунов У.Э. Ибирайым кызы А.

Жабдылыштар: компьютер, проектор, доска, маркер, тетрадь, ручка, сүрөттөр,

жылдызчалар

Сабактын методу: Интерактивдүү, аңгемелешүү методу

Сабактын формасы: Комбинирленген сабак

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын жүрүшү

Этап

убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компотенттүүлүк,

баалоо

уюштуруу


3 мин

Жылмаю менен саламдашып, окуучуларга комплимент

айтуу менен окуучулардын

психологиясын сабакка даярдайт.

Сабактын алдынан окуучуларды эки топко бөлөт. Принтер жана сканер командалары

Жагымдуу маанайда саламдашат. Өзүн-өзү, окуу куралдарын сабакка даярдайт.

Мугалимдин оң тарабында отурган окуучулар Принтер командасы, ал эми мугалимдин сол тарабында отурган окуучулар Сканер командасы болуп бөлүнүп калат. Эки топ бет маңдай жайгашат.


К1



К2

Аракетии үчүн мактоо

Билимин актуалдаштыруу


4

мин

Командалардын аталышы тууралуу суроо менен кайрылат. Айткылачы

-принтер кандай кызмат аткарат?

Демек, принтер бул (сүрөтүн көрсөтүп) компьютерден маалыматты кагаз бетине чыгаруучу түзүлүш. Информацияны чыгаруучу түзүлүшкө кирет э.

- ал эми сканер бул кайсы түзүлүшүнө кирет?

Азаматтар, эми балдар бул компьютердин аппараттык түзүлүштөрүнүн сүрөттөрүнөн информацияны чыгаруучу түзүлүштөрүн принтер командасы топтойт, ал эми информацияны компьютерге киргизүүчү түзүлүштөрүн сканер командасы топтойт. Силерге 1 минута убакыт берилет. Кеттик анда.

. Сүрөттөрдүн аталыштарын сурайт.

Мугалимдин берген суроолоруна билген окуучулар жооп берет. Ал эми билбеген окуучулар жооп берген окуучулардан үйрөнөт (билип алат).

Алдана коюлган компьютердин аппараттык бөлүктөрүнүн сүрөттөрүнөн принтер командасы маалыматты чыгаруучу түзүлүштөрдүн сүрөттөрүн чогултса, сканер командасы компьютерге маалыматты киргизүүчү түзүлүштөрдүн сүрөттөрүн чогултат. Мында группада канча окуучу болсо баары иштейт.

Ар бир окуучу сүрөттөрдүн аталыштарын айтышат, хор менен да айтышы мүмкүн.


К1



К2

Аракетии үчүн мактоо

Өтүлгөн теманы кайталоо


3

мин

Азаматтар! Өткөн сабакта кандай тема өткөнбүз?

Өтүлгөн тема боюнча суроо берет:

  • Операциондук система деген эмне?

  • ОСнын кандай түрлөрү бар?

  • Windows ОСсын кайсы фирма иштеп чыккан?

  • Телефондун ОСсы кандай?

  • Windows ОСсынын өзгөчөлүгү эмнеде?

  • Интерфейс деген эмне?

Мугалимдин суроолоруна ар бир окуучу кызыгуу менен, шамдагайлык манан жооп берип, командасына жылдызча топтойт.

Эгерде жооп туура эмес болуп калса, кийинки команда жооп беришет.

Баардык окуучулар жооп бере алат, аракеттенишет.


К3

Туура жоопко бирден жылдызча берилет

Максатын жарыялоо

2 мин

Окуучуларга суроо менен кайрылат:

- ОСма ишке кирери менен компьютердин экранында эмнени көрөсүңөр?

Туура айтасыңар, демек, биз бүгүн эмнени үйрөнөт экенбиз?

Жумушчу стол жана андагы элементтерди үйрөнөбүз. Теманы доскага жазат.

Ойлонуу менен мугалимдин суроосуна жооп берет.

Кээ бири жооп берет, калгандары угуп, көнүл бурат.

Теманы тетратына жазышат.



Жаңы тема түшүндүрүү


15 мин


Окуучулардын тема боюнча билимин билип алуу максатында тема боюнча сурап алат.

Окуучулардын оюн угат.

Тема боюнча маалымат берет.

Мугалим төмөндөгүлөргө токтолуп кетет:

-Жумушчу стол,

-жумушчу столдун

жасалгасын тандоо,

Силер билесинерби? Жумушчу столдун артындагы картинкасын кантип өзгөртөбүз? Компьютерден келип көрсөтүп берсенер болот.

Азаматтар, мугалим өзү кайрадан көрсөтүп түшүндүрөт.

Эми жумушчу столдо эмнелерди көрүп турасыңар?

-Жумушчу столдун

элементтери боюнча толук

маалымат берет.

Компьютерден жумушчу столдун элементтерин бөлүп көрсөтүп берет.


Мугалимдин берген суроолоруна тартынбай өз ойлорун, билгендерин айтышат.

Мугалимден тема боюнча маалымат алышат. Керектүү информацияны тетратына жазышат.

Мугалимдин берген суроолоруна жооп беришет. Өз билими менен мугалимдин берген маалыматын салыштырат. Бири-биринен үйрөнүшөт.


Билген окуучу компьютерден жумушчу столдун картинкасын өзгөртүп берет. Калгандары үйрөнүп алат.



Проектордон көрсөтүлүп жаткан информацияны толук кабыл алат. Өз алдынча жумушчу столду башкара алат.


Жумушчу столдун негизги элементтерин айырмалай алышат.


К1



К2

Аракетии үчүн мактоо, Туура жоопко бирден жылдызча берилет

Бышыктоо

10 мин

Бүгүнкү тема боюнча суроо барбы мага?

Жок болсо анда менде суроо бар. АНАГРАММА оюнун ойнойбуз.(бүгүнкү темага байланыштуу аралашкан тамгалардан тууга сөздөрдү таап, аныктамасын кошо айтышат.)

ЛАЙФ, АППАК, ЛЯКЫР, НАЗРИКО, НОТИРМО, ШУМЖУУЧ СЛОТ.

Суроо жок, баары түшүнүктүү.

Окуучулар көңүл буруп, кызыгат.

Логикалык ой жүгүртөт, өтүлгөн теманы өздөрү кайталайт. Эсине сактайт.


К2

Жылдызча берилет

Үйгө тапшырма

Баалоо

3 мин


Жумушчу столду сортировкалоо


Өз алдынча үйрөнүшөт, изденет, аракеттенет


К3

Жылдызчаларын эсептөө. Женген команданы аныктоо, аракеттери үчүн мактоо









































Лейлек райондук «Баластан» балдардын билим берүү, чыгармачылык борбору

Компьютердик сабаттуулук ийрими











Ачык сабактын иштелмеси



Темасы: Жумушчу стол жана анын элементтери





Ийрим жетекчиси: Маанова Чынара













Исфана шаары


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!