Математика
6- класс
Тема: Жыштык таблицасы
“ Достук” орто мектеби
Математика мугалими : Сатыбалдиева Космира
Маанайынар кандай балдар?
Аба ырайы эн сонун
Келгиле, баарыбыз жагымдуу маанайда жылмаюу менен сабакты баштайлы.
Сабактын алтын эрежеси:
- Сабакты кунт коюп көрүү
- Дептерге мисалдарды жазуу
- Жоопкерчиликти сезүү
- Дистанттык окууга активдүү катышуу
- Билбегенин тартынбай суроо
Үй тапшырманы кайталоо
Ортоломонун түрлөрүн атагыла?
Медиана жана Мод
Сандардын медианы деп эмнени айтабыз?
Сандардын тобун өсүү же кемүү тартиби боюнча иреттесек, анда алардын так ортосунда турган сан анын медианы болот
Мод деп эмнени айтабыз?
Сандардын тобунун ичинде эң көп жолу жолуккан санды топтун моду деп атайбыз.
Физминутка
- Ордубуздан турабыз
- Оң колубузду артка карай
- Сол колубузду алдыга карай
- 3 жолу айлантабыз
- Эми тескерисинче, оң колду алдыга, сол колду артка карай айлантабыз
Маалыматтарды уюштуруу
Жаны тема
Жыштык таблицасы
Сабактын максаты
Окуучулар жыштык таблицасын түзүүнү үйрөнүшөт
Окуучулар таблица менен иштөөгө көнүгөт
Окуучулар маалыматтарды уюштура билүүгө жана иретүүлүккө тарбияланат
Эгерде силер маалыматтарды жыйнасаңар, анда аларды уюштуруу керек болот. Уюштуруунун бир ыкмасы бул жыштык таблицасы
Маселе
5-класстагы тесттин натыйжалары үчүн жыштык таблицасын түзгүлө:
30, 40,20, 30, 10, 40, 50, 20, 10, 40, 50, 30 .
Чыгаруу: Жыштык бул канча адам белгилүү натыйжа алганын көрсөтөт. Мисалы, 2 адам 10 баллдан алышты. Бардык натыйжаны таблицага жазалы.
Тесттин натыйжалары
Жыштык
10
2
20
2
30
3
40
3
50
2
№ 393 Максим өзүнүн классташтарынын бут кийиминин өлчөмдөрүн жазды:
20, 18, 22, 19, 20, 18, 15 , 16 , 17 , 18, 21, 22, 16 , 15, 16 , 17
Өлчөм
Жыштык
15
2
16
3
17
18
19
20
21
22
А) Бут кийимдин өлчөмдөрүнүн жыштык таблицасын түзгүлө
Б) Канча окуучунун бут кийиминин өлчөмү 20дан кичине?
В) Канча окуучунун бут кийиминин өлчөмү 18ден чоң?
Үйгө тапшырма
№ 394.Малика өзүнүн достору жакшы көргөн түстөрдү жазды: көк , кызыл , сары , жашыл , жашыл , сары , кызыл , көк , сары, кызыл , көк , көк , кызыл , сары , жашыл, жашыл .
Түстөрдүн жыштык таблицасын түзгүлө
Көңүл бурганыңар үчүн чон рахмат!