СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кенеш
Кылымдарды карыткан ,ажарлуу жер тапкан ,
Уюткулуу кыргыз эли арыбаңыздар .
Саламдашып сиздерге таазим этип ,
Үй-бүлөнүн улуу кызы мен Мурзаева Гулиза.
Суулар өакты токтобой ,
Өмүр өттү ,эч бир жанды жоктобой.
Мектепти бүттүм
Үй-бүлө күттүм ,
Баа жеткис төрт перзенттүү болдум.
Таалайыма жазылган ырыс бешикти,
Жаңыдан таптым асыл кесипти .
Таалим берип окутууга балдарды,
Тандап алдым алдым мугалимдик кесипти.
Кулачымды кенен жайып келечекке ,
Иштеп жатам "Кеңеш" орто мектепте,
Күн сыяктуу нурун чачып балдарга,
Айландым мен мөмөлүү даракка.
Окуучуну туура жолго талпынтып,
Олимпиада да , сахнада да баарын бирге багынтып.
Аракет кылдым изилдедим жетиштим
Тажырыйбамды мектебиме,районума,областыма жайылтып.
Жылуулук күн тийип жаркылдаса,
Мээримимди ар дайым төккүм келет.
Ыссык көлдүн чалкып жаткан суусундай,
Таптаза дили таза болгум келет.
Тулпардай күрөштөрдө жалтанбаган,
Тайманбас педагог болгум келет.
Балдарым билимге чаңкап турса ,
Билгендерим балдарга бергим келет.
Кыргыз тили,эне тилим -дал ошол сөз менен окуучумдун канын ойгонушуна,акылынын арышташына,сезиминин ойгонушуна аракет жасаймын. Ар бир доордун ,ар бир кылымдын инсандары эл жери үчүн,өз тарыхы үчүн, эне тили үчүн жанын аябаганын жеткиземин.Кыргыз тарыхынын эртенки тарыхы эмне болот деген ой менен терең ойго чөмүлтөмүн. Эгер балдар өз тарыхын билбесе ,анда алар келечектин кадырына жетпей жашаганын айтуу менен. Келечекте кыргыз тарыхынын кулачынын жайылышына жалпыбыздын салымыбыз чоң экенин айтамын.
Мугалим сен жашаган аймакта,
Бала сүйүп ,мектеп эшигин аркалаган.
Мажүрүм тал шактарындай ийилип,
Мээрим төгүп , окуучуну калкалаган.