СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Жаңы жылым кут болсун!
Саламатсыздарбы урматтуу коноктор! !(Эки окуучу алып баруучу болуп,окуучуларга ирээти менен ырларын айттырып,сабактын аягына чейин көзөмөл жүргүзүшөт.)
“Илгери өткөн заманда”аттуу жомок конкурсуна көңүлүңүздөрдү бурабыз. 1-а классынын
окуучуларынын аткаруусунда “Түлкү менен карышкыр” аттуу жомокту көрүүгө чакырабыз.
Нурайым:
Токтой турсаң Айкөл,биз биринчи кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап албайлыбы.
Айкөл:
Туура айтасың,мен шашып кеткен турбайымбы,
Атсалоому алекум ардактуу биздин аталар,арбаңыздар апалар!
Нурай:
Саламатсыздарбы сүйүктүү агай-эжелер!
Жакындап кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
Элге түйшүк бөксөрбөсүн көңүл шат.
Токчулукка ырыскыга бөлөнүп,
Жергебизге байыр алсын ынтымак!
Көрчү кандай тазалык.
Жаңы жылды тособуз,
Балатыдай жасанып
Жаңы жылга келебиз.
Кубанышсын биз менен,
Ата менен энебиз.
Келип колуң бере гой.
Өзүң менен сырдаштай,
Өзүбүздүн терең ой.
Жаркырак толо тагынган.
Көрк төгөт ёлка суйкайып,
Келгендей жылдыз шаарынан.
Туш-туш жакта жаркырап,
Ырдап,бийлеп элдердин
Күлкүлөрү артылат.
7.Ушул сонун майрамды
Жаңыртабыз ырларды,
Алып келгин биздерге
Жаңы жылым жыргалды.
8. Биз тособуз жаңы жыл
Ырдайбыз да,бийлейбиз,
Ёлканы айланып,
Күлүп шаңдуу сүйлөйбүз
9. Жаркырасын ёлка,
Жайнап жаңы түр менен.
Куттуктайбыз мейманды
Жаңы,жаңы жыл менен!
*10. Жаңы жылым бат келсин,
Жаңыланып шат келсин.
Жаңы көйнөк, жаңы шым,
Жаңы оюнчук көп берсин.
11. Кел жаңы жыл,келегой,
Келип колуң берегой.
Албан,албан иш бүтүп
Аткарылсын тилек ой.
Хор: Балаты.
Кичине балаты.
Үшүдү кышта.
Токойдон алып кедик,
Калтырбай тышка.
Көркөм кооз бутагын
Ылдый ийилген
Шоколад кант берип,
Бизди сүйүнткөн.
Айланып биз аны,
Ырдап бийлейбиз.
Кутмандуу жаңы жыл
Кел,кел дейбиз.
Айкөл:
Кармап аппак таягын,
Кере шилтеп аягын.
Аяз ата белегин
Алып келди карагын.
Нурайым: Жерди чиет чапаны
Кебездей экен сакалы
Кызыл мурут ак каштуу
Көрөлү аяз атаны
12. Ал айтат бизге жаңылык,
Биз калдык аны сагынып.
Токтолбостон жанына,
Тез баралык камынып.
13.Табышмакты айталык,
Тамашага баталык.
Жүргүлө, достор, жүргүлө!
Көрөлү, Аяз атаны!
14. Балатыбыз башкача,
Турат жаркып нур чача,
Асемделип кооздолгон.
Болот кандай мактаса.
15. Буларга катар туралы,
Бий бийлейли буралып.
“Шайыр экен баары”деп
Калсын ата кубанып.
(Аяз ата менен Аяз кыз кирет)
Аяз ата: Кандай сонун ёлка,
Менин келет мактагым.
Дүйнө жүзүн кыдырып,
Мындай сүйкүм таппадым.
Аяз кыз: Кандай сонун даярданышкан!
Раяна.К.( чуркап чыгып) –Отуруңуз Аяз ата,отуруңуз.Узун сапарда жолдо эмнени көрдүңуз,эмнелерге жолуктуңуз бизге айтып берсеңиз.
Аяз ата: Мейли айтып берейин балдар.
Мен шуулдаган токойлордо,тоонун чокусунда жашаймын.Силерге келүү үчүн сан тоолорду ашып,токойду басып,жер кесип,суу кечип,белек камдап келдим.Ошентип жолдон коёндорго жолуктум.Алар бийлеп жатышыптыр.(коён маскасын кийген кыздар бийлеп чыгышат,кыргыз бийи.)Андан бери келе жатсам алдыман түлкү,карышкырлар чыкты.
Түлкү:
Мен кичине пачики,
Баласымын түлкүнүн.
Арасында чоңойдум,
Амал айла күлкүнүн.
Карышкыр: Ырр.рр!
Атамдан үйрөнгөм,
Сүрдүү бекен карачы.
Азуулары арсайган
Курсактары барсайган,
Мен карышкырдын баласы.
Аяз ата:
Дагы келе жатып аюулардын майрамына жолуктум.
Балпаң,балпаң басамын,
Балдарга деп шашамын.
Күндөп-түндөп көз жеткис
Жерден келе жатамын!
(3 бала мамалак деген ырды ырдашат.)
“Мамалак”
Тентек өстү мамалак,
Тентип кетет талаалап.
Энесинен адашып,
Эки жагын каранат.
Мамалак,мамалак,
Ыйлап жатат мамалап.
Топ балдарды аралап
Тоодон терет карагат.
Көп жеп алып ичим деп,
Көзүнөн жаш салаалап.
Мамалак,мамалак,
Ыйлап жатат мамалап.
Күлбөгүлө табалап,
Кайра үйдү таап алат.
Тентек кылбай экинчи,
Досум болот мамалак.
Мамалак,мамалак,
Уңулдады апалап.
Аяз кыз:
Жаңы жыл,жаңы жыл,
Бакыт берет турбайбы.
Тизилгиле досторум,
Бийлейли да ырдайлы,-кана эмесе, өнөрүңөрдү көрөлү!
16. Ушул түнү бүт ой максат,
Орундалып калат дейт.
Кут,береке, чоң ырыскы,ынтымак,
Биздин үйгө берип кет.
17. Атакеме чың ден соолук,
Күч-кубатын берип кет.
Тунук күлкү эч кетпеген жүзүнөн,
Апакеме берип кет.
18. Менин бактым- ата-энемде
Бөбөгүмдө, үйүмдө,
Жаңы жылым,тилек кылып сурадым,
Бек ишенип өзүңө!
19. Жаңы жыл келди- жаш балбан
Кайраттанган шаттанган,
Лыжа байлап бутуна
Узак сапар аттанган
20. Мына, шаңдуу келесиң!
Мынча сүйкүм элесиң
Эмне менен кубантып
Бизге эмне бересиң?
21. (Жаңы жыл айланып кирет)
Камдуу келдим мен быйыл.
Кубандырчу баарыңды,
Бүтөт көп иш эң кыйын.
Мол түшүм берем талааңа
Көп берем төлдү малыңа.
Жеген менен түгөнгүс,
Жемиш берем багыңа.
Көбөйтөм,дайра сууларын,
Көбөйтөм,көлдун кууларын.
Көтөрүп келдим мынакей
Тынчтыктын шаңдуу тууларын.
Хор: Кел-кел жаңы жыл!
Асманда ак кар себелеп,
Айлана укмуш керемет.
Жан жыргап жаңы жыл тоссок,
Бул күнгө эмне тең келет.
Кубаныч күнү тең мына,
Жүрөктө турсун желелеп.
Ак карды жакшы көргөндөй,
Ак күндөр мага келе элек.
Кайырма: Кел,кел,кел келсин жаңы жыл!
Күлкүлөр тынбай жаңырсын.
Майрамда элим майрамда,
Көчөгө батпай агылсын.
Тилеген тилегимди бер,
Бактылууу болуп жашайлы.
Кел,кел,кел келсин жаңы жыл,
Ак кардан аяз жасайлы.
*Көңүлүм кушка айланып,
Көкөлөп учат жанданып.
Күткөнүм жылда бир келет,
Быйыл да турам камданып.
Жүргүлө достор көчөгө,
Эшикте бүгүн ай жарык.
Жаңы жыл келди жаңырып,
Ак дилден тилек айталык!
Кайырма:( кайталайт)
Айкөл: Кыздарыбыз макал,жаңылмачтарды да жакшы айтышат,анда кезекти макал айтууга берели.
Макал
Кыздуу үйдө кыл жатпайт.
Адептүүлүк-адам көркү.
Жакшы болсоң жатык бол.
Улук болсоң кичик бол.
Билбеген уят эмес,билгиси келбеген уят.
Жаңылмач
Ак мончок,көк мончок.
Аябай көп мончок.
Көп мончок ичинде,
Көгүлтүр көз мончок.
Белес-белес беш бала,
Белестеги беш баланы кара.
Белестеги беш балада, Белекке келген баш чара
Нурайым: Аяз ата,биздин балдар Манасты да жакшы айтышат.Айкөл сен Манас айтып бербейсиңби.
Манастан үзүндү айтат.
Жеке номерлер:
Бий: “Мына минтип”
“ Кара жорго”
Ыр: “Жылгаяк “ (4,6 окуучу)
“ Көк жылгаяк”
“ Балаты” (Айбийке,Саида)
Нурайым: Айкөл,сен жомокту көрөлү дебедиң беле,
Айкөл:Туура айтасың Нурайым,биз конкурска даярдап жатпадык беле,аз да болсо көрүп коёлу.
“Түлкү менен карышкыр” Мырзабек,Сезим,Айбарчын,Нурисламдар аткарышат.
Арам тамак аш болбойт!
Алдамчыга бак конбойт!
Нурайым: Азаматсыңар,абдан жакшы аткардыңар!
Аяз ата: Өнөрлүү балдар көп экен,Кел жаңы жыл,майлуу- сүттүү жыл болгун,
Кайгы бербей,жергебизге тынчтык орноткун!
Кел жаңы жыл,ден соолук бер,ырыскыңды ала кел.
Ийгилик коштоп, жакшылыкка мол болгун!
*Ушул жылы наристе күткөндөр наристелүү болсун!
* Ар бир үйдө наристенин каткырыгы жаңырып турсун!
* Баарыбызга бактылуу балалык каалайм!
* Ата-энелерибиздин өмүру узун болсун!
* Жакындарыбыз эч качан оорубасын!
* Дасторконубузда береке болсун!
* Жүрөгүбүз ыйманга толсун!
Аяз кыз: Азаматсыңар, өзүңөрдүн милдетиңер болгон окууңарда ийгиликтер көп болсун!Саламатта болгула!
Айкөл: Ушуну менен “Жаңы жылым кут келгин!”
аттуу класстык саатыбызды аяктап жатып,жаңы жылда-
Сиздерге чын ден соолук, узун өмүр,жергебизге тынчтык,элибизге ынтымак каалайбыз!
Чогуу: Жаңы жылыңыздар менен!
© 2020, Жунусакунова Майрам Токоновна 1166