СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

8класс менделеевдин омуру

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өмүр жолу Дмитрий Иванович Менделеев 1834-жылы 8-февралда Тобольск гимназиясынын директорунун үй-бүлөсүндө туулган. Гимназиядан кийин Петербургдагыпедогогикалык институттун физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүнө кирип, аны алтын медаль менен (1855-жылы) бүтүргөн. Эки жыл мугалимдик кесипте, кийин 1857-жылы Петербург университетинде иштеген. Эмгектери 1861-жылы анын “Органикалык химия” деген китеби жарыкка чыгып, Петербург Илимдер Академиясынын Демидов сыйлыгына татыктуу болгон. Жаш окумуштуунун чет өлкөлөргө командировкада болушу анын өмүрүндөгү өтө маанилүү окуя болот. Ал Карлсруэде өткөн. Бүткүл дүйнөлүк химиктердин сьездинде катышып, Дальтон атом массасы жөнүндөгү идеяны айтып чыгат. Бирок анын, атом массаларын белгилөө методу туура эмес болуп, бул идея химиктердин арасында оңой менен элдешпей турган ар кандай пикирлерди туудурган. Атомдун бар экендигин жокко чыгарган пикирлерди чечиш үчүн кайрадан Карлсруэде сьезд чакырылып, андай атомдук окууга каршы чыккандарга катуу сокку берилет да, элементтердин салыштырмалуу атом массаларын аныктоонун талашсыз жолдору табылат. Көп узабай эле Менделеев “Спирттин суу менен кошулушу жөнүндө ой” деген темада диссертация жактаган. Ушул илимий иштен баштап ал эриген зат эриткич менен туруксуз бирикмелерди түзө тургандыгы менен эрүүнү түшүндүрүүчү эритмелердин химиялык теориясын өнүктүргөн. 1864-1866-жылы Петербург технология институтунда иштеп, Петербург университетинин профессору (1876) болуп, Петербург Илимдер Академиясынын мүчө-корреспондентине шайланган. Окумуштуунун 500 дөн ашык илимий эмгектери бар, алар айыл чарбасынын экономикасына, химия, химиялык технология, физика, метрология жана башка маселелерге арналган. Улуу окумуштуу кандай гана иштин үстүндө иштебесин, бардык эмгектеринде теория менен практика үзгүлтүксүз айкалышып, анын илимий максаты өтө кең болгон. Академик Бах Менделеевдин эмгегин жогору баалап: “Химиялык физикалык, геологиялык техникалык жана башка изилдөөлөрдө мезгилдик система алыс жолду көрсөтүүчү жылдыз нурундай кызмат кылып келди жана кызмат кыла бермекчи” – деп айткан. Ал так өлчөөнүн техникасына, абада учуу теориясына, физикага, химиялык технологияга терең негиз салган. Илимдин негизги максаты-илимий алдын-ала айта билүү жана анын жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу деп эсептеген. Дмитрий Иванович Меделеевдин илимий жана техникалык идеялары совет жана чет өлкөлүк окумуштуулардын эмгектеринде өнүгүп, практикада иш жүзүндө ашырылып жатат. Д.Менделеев 90дон ашык академиялык илимдин, илимий коомдун, ар кайсы өлкөлөрдөгү университеттердин мүчөсү болгон. Менделеевдин таблицасы Д. И. Менделеев 1869-ж. элементтер атом массасы жана химиялык окшоштуктарына негизделген элементтердин мезгилдик системасын сунуштаган. ул мыйзам ченемдүүлүк мезгилдик системага негиз болгон. Системада бул ачылышка чейин башаламан изилденген химиялык элементтер дүйнөсү тартипке салынып, андагы ырааттуу мыйзам ченемдүүлүктөр белгиленген. Д. И. Менделеевдин мезгилдик системасы менен окуучулар жогорку класстарда, химия сабагында таанышат. Өз системасына таянып, Менделеев али белгисиз бир нече химиялык элемент бар деп алдын ала айткан жана алардын эң маанилүү касиеттерин күн мурдатан көрсөткөн. Кийин бул элементтердин баары ачылды. Бул химия илиминдеги эң алгачкы илимий алдын ала айтуу болгон. Адам иш-аракетинде Д.И. Менделеев кызыкпаган тармакты табуу кыйын. Ал нефть кендерин, нефтинин курамын изилдеген. Дмитрий Иванович Менделеев Менделеевдин1907-жылы Петербургда дүйнөдөн кайткан, өлүмү жалпы журтту кайгыртты. Аны акыркы сапарга – Петербургдагы Волков көрүстөнүнө миңдеген адамдар узатышты. Сөөк коюу процессиясынын эң алдында элементтердин мезгилдик системасынын зор таблицасын алып келе жатышты. Ал улуу илимпоздун болочок окумуштуулар үчүн калтырган мурасы сыяктуу кабылданды. Физика жана химия илимдери боюнча көрүнүктүү иштерге СССР Илимдер Академиясы ыйгаруучу Менделеев сыйлыгы бар. Москвадагы химия-технология жана Тобольск мамлекеттик пединститутуна окумуштуунун ысымы берилген. Дмитрий Иванович Менделеевдин ысымы 1964-жылы дүйнөдөгү улуу окумуштуулардын Брижпорт университетиндеги (АКШ) Ардак тактасына жазылган. Ал орус жана чет өлкөнүн орден, медалдарынын, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн сыйлыктарды алган.

Категория: Химия
12.04.2020 11:25


Рекомендуем курсы ПК и ПП