СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабактын текстти

Нажмите, чтобы узнать подробности

ТАРЫХ САБАГЫ БОЮНЧА АЧЫК САБАК ҮЧҮН КОЛДОНУЛГАН ТЕКСТ_

Ак жеринен жазага тартылгандарды актоонун башталышы. 1953-ж. сентябрда Н. С. Хрущёв КПСС БКнын биринчи катчысы болуп шайланган. Анын демилгеси жана түздөнтүз жетекчилиги менен атайын лагерлердин башкармасы, соттон тышкаркы органдар, өзгөчө кенешмелер, «үчтүктөр», ички иштер министрлигинин аскердик трибуналдары жоюлган. Күнөөсүз жазаланган адамдардын ишин караган ата­йын комиссия иштей баштаган. Кыргызстандан да күнөөсүз жазаланган, камакта жаткан миндеген адамдар акталган. Алардын арасында өткөндөгү көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер: А. Орозбеков, И. Айдарбеков, Б. Исакеев, М. Л. Белоцкий, М. К. Аммосов, М. Салихов, Ж. Саадаев, Т. Айтматов, О. Алиев жана башкалар бар эле. Түрмөлөрдө жана лагерлерде камалып жаткандардын тирүү калгандары бошотулуп, алардын бардык укуктары калыбына келтирилген. Мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге коюлган саясий айыптоолор жалган жалаа болуп чыккан. Бирок бул иш ал жылдарда аягына чыкпай, 60-жылдардын башында иш жүзүндө токтоп калган.

Согуш жылдарында Кыргызстандын аймагына күч ме­нен көчүрүлүп келинген карачай, балкар, чечен элдери өз мекенине кайтып кетишкен. Алардын өз мекенине уюшкандык менен кайтып кетишине республикалык жетекчилик да көмөк көрсөткөн. Ал эми айрымдары Кыргызстанды мекендеп калышты.

Исхак Раззаков 1910-ж. азыркы Лейлек районундагы Коросон кыштагында туулган. 1918-жылдан Хоженттеги балдар үйүндө тарбияланган. 1931-ж. Ташкендеги педагогика техникумун, 1936-ж. Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн. 1936-1938-жж. Озбек ССР мамлекеттик-пландоо комитетинде экономист, төраганын орун басары, төрага, 1946-1950-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин терагасы, 1950 1961-жж. Кыр­гызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

1961-жылы Турдакун Усубалиев Кыр­гызстан Компартиясынын Борбордук Ко- митетинин биринчи катчысы болуп шай- ланат.

Эл чарбасындагы реформалардын башталышы. 50-жылдардын башында эл чарба проблемаларынын ичинен, айыл чарба өндүрүшүнүн проблемалары биринчи орунда турду. Айыл чарбасынын өнүгүү темпи өнөр жайынын өнүгүшүнөн кескин төмөндөгөн. Айыл чарба өндүрүшү калкты азык-түлүк продуктулары, тамак-аш жана женил өнөр жайын сырьё менен жеткиликтүү деңгээлде камсыз кыла албады. Айыл чарбасынын башкы тармактарынын бири болгон мал чарбачылыгы өзгөчө артта калды. Талаачылыктагы абал да начар эле. Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү согушка чейинки деңгээлден эки эсе, ошондой эле, эгиндин, пахтанын түшүмдүүлүгү да кыйла төмөндөп, картошка, жашылча өстүрүүнүн көлөмү кыскарган.

Согуштан кийинки жылдарда айыл чарбасын техника менен жабдуу жакшыргандыгына карабастан алга жылыш болбоду. Айыл чарба өндүрүшө жумшалган капиталдык салымдардын кайтарымы төмөн болду. Жетекчиликтин буйрукчул - акимчил системасы колхоз-совхоздордун ишине майдa - чүйдөсүнө чейин кийлигишүү, айыл-кыштактардагы башкаруунун демократиялык нормаларын бузуу, материалдык кызыктыруунун принциптеринин бузулушу айыл чарбасынын өнүгүшүнө тоскоол болду.

Айыл чарбасынын абалы жана бул тармактагы өтө курчуп кеткен маселелер 1953-ж. сентябрь айындагы КПСС БКнын Пленумунда талкууланган. Анда Н. С. Хрущёв ошол мезгил үчүн чоң мааниге ээ болгон сунуштарды киргизген. Айыл чарба продукцияларынын мамлекеттик сатып алуу баасы жогорулаган. Мурдагыга салыштырганда эттин баасы - 5,5 эсеге, сүт менен май - 2 эсеге, дан эгиндери - 50 пайызга көбөйгөн. Бул чаралар айыл чарбасын толук кыйроодон сактап калган. Сатып алуу баасын жогорулатуу ме­нен катар эле колхозчулар өздүк чарбаларынан милдеттүү тапшыруулардын, айыл чарба салыгынын өлчөмү азайтылып, өздүк чарбалардан алынуучу салыктардан өткөн жыл­дарда жыйналбай калгандары толугу менен алынып таш- талган. Эми колхозчу дыйкандар өздүк чарбаларынан алынган айыл чарба продукцияларын базарда эркин сатууга укуктуу болушкан. Колхоздордун мамлекетке карыздарынан куткарылган.

Колхозчулардын эмгегин ай сайын же квартал сайын авансалоо жана колхоздогу эмгеги учун кошумча акы төлөө киргизилген. Буга чейин аларга жылына бир жолу гана акы төлөнүүчү. Бул чаралардын натыйжасында колхозчулардын кирешелери өсүп ал 1957-1958-жж. чейин уланган.

Хрушёвдун демилгеси менен дың жана кептен бери айдалбай жаткан жерлерди өздөштүрүү башталган. Ал дан эгиндеринин жалпы дүң жыйымын тезирээк көбөйтүү максатын көздөгөн. Бул өнүгүүнүн экстенсивдүү жолу болгон. Агротехниканы өркүндөтүү жолу менен талаалардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу интенсивдештирүүнүн багытына жеткиликтүү маани берилген эмес. Ошондой болсо да, дың жерлерди өздөштүрүү калкты азык-түлүк продуктулары менен камсыз кылууда маанилүү роль ойногон.

Биздин республикада дагы 140 мин гектардан ашык дың жана көптөн бери айдалбай жаткан жерлер өздөштүрүлгөн. Сан- Таш, Кенес-Анархай, Суусамыр, Арпа, Ак-Сай жайлоолорунда тоют топтолуп, 700дей турмуштук-маданий жана өндүрүштүк имараттар курулган. Ушул жылдарда Отуз-Адыр, Чоң-Чүй каналы сыяктуу ири сугат системаларынын курулушу бүткөрүлгөн.

Категория: История
01.03.2020 06:41

Рекомендуем курсы ПК и ПП