СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Тарбиялык сабак
Тарбиялык саат. Сабактын темасы: Ак илбирс тоо кожоюну
Сабактын максаты |
||
Билим беруучулук |
Онуктуруучулук |
Тарбия беруучулук |
*Окуучулар ак илбирс жонундо маалымат алышат. *Ак илбирстин кандай жаныбар экенин билишет. |
*Окуучулар ак илбирс жонундогу сурооолорго жооп беришет *Ак илбирсти коргоо зарыл экенин тушунушот |
*Жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого тарбияланышат *Жаратылышты суйууго тарбияланышат *Топтордо ынтымактуу иштешет |
Корсоткучтър |
||
Билим беруучулук |
Онуктуруучулук |
Тарбия беруучулук |
Сабактын максаты ишке ашат, эгер окуучулар; |
||
*Окуучулар ак илбирс жонундо маалымат алышса *Ак илбирстин кандай жаныбар экенин билишсе. |
*Окуучулар ак илбирс жонундогу сурооолорго жооп беришсе *Ак илбирсти коргоо зарыл экенин тушунушсо |
*Жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого тарбияланышса *Жаратылышты суйууго тарбияланышса *Топтордо ынтымактуу иштешсе |
6–класс
Сабактын усулу: Интерактивдуу
Сабактын ыкмалары: Мээге чабуул, топтордо иштъъ
Сабактын жабдылышы: Слайд, ватман, маркер, скотч, суроолор жазылган карточкалар, ак илбирс жонундо маалымат жазылган таркатмалар.
Сабактын журушу
Уюштуруу:
Мугалим: Саламатсыёарбы балдар. Маанайынар кандай? Алдынардагы карточкалардын жардамы менен мага маанайынарды корсотуп койгулачы. Рахмат!
Эшикте аба ырайы ачык, класс жылуу жана таза э балдар, демек сабак да оз максатын жетет деп ойлойм.
Келгиле бири –бирибизге жагымдуу маанай тартуулап коюу учун жаныбызда отурган шериктерибизге жакшы муноздорун айтабаз. Мисалы: Айдай акылдуу, Билимбек боорукер ж.б
Сабакка даярсыёарбы балдар?
Ъткън тема боюнча суроо:
Мугалим: Балдар ъткън сабакта «Жаратылыш жан дуйном» деген макаланы окуганбыз. Эсинердеби? Жаратылышка кандай мамиле кылышыбыз керек?
Сурот тартып келуу тапшырмасы берилген э. кана суротторунорду корсотуп, эмнени тартканынар жонундо айтып бергилечи?
Жаны тема: Ак илбирс тоо кожоюну
Ал эми бугун биз ушул темага улай эле кыргыз элинин символикасы болгон, жаратылыштын падышасы ак илбирс жонундо сабак отобуз
Мээге чабуул
-Ким ак илбирсти коргон, албетте телевизордон же зоопарктардан?
-Ал кандай жаныбар?
-Ал кайсы жакта кездешуусу мумкун?
- Ак илбирс жонундо кандай кинолорду коргонсунор?
- Ак илбирстин тукуму деген созду кандай тушуносунор? (окуучулардын ойлору ватманга жазылат
Окуучулардын болжолдуу жообу:
1-окуучу: Теледен коргонбуз, ак тусто болот.
2-окуучу: Тоодо кездешет
Мугалим: Азаматсынар балдар.
Мугалимдин маалыматы: Слайддын жардамы менен ак илбирс жонундо айтып берет.
«ИЛБИРС» ДЕГЕН СӨЗ «БАТ ЧУРКООЧУ БАРС» ДЕГЕНДИ ТҮШҮНДҮРӨТ
«Илбирс» сөзүн орус соодагерлери XVII кылымда түрк тилдүү аңчылардан угуп, өз тилдерине ыңгайлаштырып «ирбис» атап алышкан. Илимий эл аралык аталышы – Uncia uncia (синонимиPanthera uncia).
Түрк тилине тектеш тилдерде бул жаныбарды «барс» деп аташчу. Кийин «ил» уңгусу кошулуп (ылдам, бат деген мааниде), илбирс аталып кеткен.
ЖАЛГЫЗДАП ЖАШАШАТ Илбирстер – денеси ичке, узун, ийкемдүү келип, дабышсыз, ылдам, шамдагай жүргөн жаныбарлар. Алар деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктикте жайгашкан, жашынууга ыңгайлуу аска-зоолуу, жарлуу жана анча чоң эмес бадалдуу тоолорду байырлайт. Башкача айтканда, "ак карлуу тоонун кожоюндары" десек жарашат. Токойлуу жерлерге тоого кар калың жааган учурда тамагын оңоюраак таап жеш үчүн же бир өрөөндөн экинчисине көчкөндө түшөт. Түнөгү (байырлоочу үңкүрү) болуп үңкүрлөр, аскалардын жаракалары, салаңдаган аскалардын алды эсептелет. Бир эле түнөк жайын бир нече жыл пайдаланышат. Жаш курагы жетилген эркектери жалгыздап жашашат жана жашаган аймагын башкалардан корушат. Бир же эки-үч ургаачысы менен бир аймакта жашаган эркек илбирстер өтө чанда кезигет. Ал эми ургаачылардын жанында, албетте, балдары болот.
Азыр биз 3 топко болунобуз
1-топ изилдоочулор
2-топ коргоочулар
3-топ мергенчилер
Эми балдар азыр мен силерге илбирс жонундо жазылган таркатмаларды берем, силер топтордо окуп чыгып, алган маалымтттарынарды болушосунор.
1-топ Изилдоочулор
Турпаты
Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см. Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см. Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.
Жашоо аймагы жана саны
Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Ооганстанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда таралган. Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес. Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыштын фондунун маалыматтарына ылайык түрдүн жалпы саны бардык жашоо ареалдарынын алкагында 3500 - 7500 чейин.Дагы 200 чамалуу илбирс дүйнө өлкөлөрүнүн зоопарктарында кармалып капаста тукумдашат.
Жыныстык жактан 3-4 жылдан кийин жетилишип, жупташуу мезгили эрте жазга туш келет. Ургаачылары 2 жылда бир төлдөйт. Балдарын курсагында 90-100 күн көтөрүп, жарыкка 1-3 баласын (чанда гана 4-5) алып келет. Алар 500 граммдын тегерегинде көздөрү жумулуу туулат. Арадан 6-8 күн өткөндө гана көздөрү ачылат. Айрым эне илбирстер балдарынын алдына өздөрүнүн жүндөрүнөн жулуп төшөп коюшат. Алгачкы 6 аптада энесинин сүтүн эмип, анан эт жегенге акырындап аралашышат. Жайды ортолоп энеси менен аң уулоого чыгып калышат. Өз алдынча жашоого өмүрүнүн экинчи жазында өтөт.
2-топ Коргоочулар
САНЫ КЫСКАРУУДА Илбирстерге жем болуучу жаныбарлардын азайып баратышы, малдын көбөйгөнүнөн улам малчылардын тоого улам өйдөлөп чыгып алардын тынчын алып жаткандыктары, климаттын өзгөрүп баратышы, баалуу териси үчүн өлтүрүү – илбирстердин санынын кыскарышына жеткирүүдө. Жакынкы мезгилдерде Кыргызстанда бир нече спутниктик-радиокаргы (GPS)сатып алып, алардын моюнуна тагып коё берүү пландалууда. Спутниктик-радиокаргы аркылуу илбирстердин ээлеген аймагын, миграциясын изилдөө иштери жүргүзүлүп, ошого жараша аларды сактоо чаралары көрүлөт.
«ӨЛКӨДӨГҮ ИЛБИРСТЕРДИН БОЛЖОЛДУУ САНЫ 311» – Статистикага кайрылсак, Кызыл китепке кирген илбирстердин саны өлкөдө 2008-жылы 231ди, ал эми 2015-жылдын 20-апрелиндеги маалымат боюнча, болжолдуу түрдө 311ди түздү. Облустар боюнча айтсак, Баткенде 10, Ысык-Көлдө 111, Жалал-Абадда 49, Нарында 27, Ошто 21, Таласта 15, Чүйдө 78 илбирс байырлайт. Илбирстерге мыйзамсыз аңчылык кылгандар (браконьер) боюнча фактылар жок. Андайларга салынуучу айыптын өлчөмү – 500 000 сомду түзөт.
3 –топ мергенчилер
Илбириске аңчылык
Илбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу жүрүүлөрү керек. Мындай адамдарды элде «илбирс кармоочулар» деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармоочулар чоңдорун капкан менен кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышып сатышат.
Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Бул түрдүн мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет
КУРМАНДЫГЫН МУУНТУП ЖЕ МОЮНУН СЫНДЫРЫП ӨЛТҮРҮШӨТ Аңчылыкка таң эрте жана кечки күүгүмдө чыгат. Өзүнүн салмагынан 3 эсе оор жаныбарларга кол салуудан жүрөксүнбөйт. Негизинен тоо эчки, аркар-кулжа, бугу-марал, элик, каман сыяктуу тоо жаныбарларын жейт. Улар, кекилик, кыргоол, коён менен да азыктанышат. Жайында менюсуна өсүмдүктөрдү кошуп коюшат. Курмандыгын буктурмада аңдып жатып, ал жакындаганда чагылгандай ылдамдык менен басып жыгылат. Же жашырынып дабыш чыгарбай жакындап барып, анан 5-7 метр алыстыктан секирип барып кармайт. Чоң жаныбарды тамагынан кармап муунтууга, моюнун сындырууга аракет кылат. Өлгөн соң далдоо жерге сүйрөп барып жейт. Бир жегенде 2-3 килограмм эт жейт. Ач калганда үй жаныбарларына кол салат. Дүйнө боюнча аюуга кол салган 2 учур жазылган. Союз мезгилинде Алматыга жакын капчыгайда 2 ирет адамдарга кол салган факт катталган. Бирок ал илбирстердин кутурма менен ооруганы аныкталган. Негизи адамдарга жарадар болгондо гана атырылары белгилүү. (Окуучулар алган маалыматарын окуп чыгып, доскада презентация жасашат.)
Мына балдар биз бугун ото манилуу маалымат алдык.Силер жаратылыштын падышасы ак илбирс жонундо окуп чыгып, айтып бердинер.
Бышыктоо
-Балдар ак илбирсти биз кантип коргоп алабыз?
Анын тукуму курут болуп кетпоосу учун кандай алдын ала иштерди жургузууго тийишпиз?
1. Ар бирибиз жаратылышты суйууго милдеттуубуз.
2. Ак илбирс жашаган аймактар тынч болуусуна кам коруу (мамлекеттик денгээлде)
3.Ак илбирс Кыргызстанда жашаганына сыймыктанабыз
4. Ак илбирс эр журоктуулуктун символу деп белгилейбиз ж.б
окуучулардын ойлору доскага жазылат
Балдар, эгер бугунку сабакта мен силерге бир аз болсо да ак илбирс жонундо маалымат берип, силер келечекте жаратылышты, жаныбарларды коргоогогнго тарбияланган болсонор, менин сабагым максатына жетти деп эсептейм.
Уйго тапшырма : Ак илбирстин суротун тартып келесинер жана кызыктуу маалыматтарды китептен, интернеттен таап келесинер.
Баалоо: Бугун сабакта активдуу катыштынар, эми баалоо баракчаларына оз тобунарда иштеген окуучуларга баа коюп мага тапшыргыла.
Сабак бутту, конул бурганынарга чон рахмат! Саламатта баргыла
© 2020, Ыбышова Кундузкан Жаркынбаевна 2977