СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир кедей абышканын жалгыз уулу жана жалгыз түп алмасы болгон экен. Алма дарагынын эң башына жалгыз алма түйүлүп, ар жылы бышкан кезде абышка кемпир аны жеп, жашарып турушчу.
Бир жылы алмасы быша элек кезинде белгисиз бирөө жеп кетет. Алманын ким үзгөнүн билбей, алар айраң-таң болушуп, кезек менен кайтарууга алшат. Биринчи жылы алманы абышка кайтарат. Бир түнү уктап калып, дагы үздүрүп жиберет. Экинчи жылы алманы кемпир кайтарат. Бир күнү ал даны уктап калып, үздүрүп жиберет. Үчүнчү жылы алманы кайтаруу кезеги балага келет. Абышка кемпирдин баласы чырм этип кирпик талдырбаган, чычканга кебек алдырбаган чыйрак бала экен. Бала уктабай карап жатса, бир алтын куш учуп келип, алмага конуп, жей баштайт. Бала жаасы менен атып, куштун бир тал канатын түшүрүп калат.
© 2019, Залымова Айжамал Кабылжановна 1597