СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Асман тиреген эң кооз сегиз имараттар

Нажмите, чтобы узнать подробности

“Крайслер-билдинг”, Нью-Йорк

Бул имарат дүйнөдөгү эң бийик асман тиреген курулуш атын 1930-жылдан 1931-жылга чейин, болгону он бир ай алып жүрдү. Бирок ал Нью-Йорктун жашоочулары менен архитектураны жакшы көргөн ар өлкө өкүлдөрүнүн жүрөгүндө бүгүн да өзгөчө орунду ээлейт. Уильям ван Элендин долбоору ар-деко стилинин классикалык үлгүсү болуп калды.

“Бурж-Халифа”, Дубай

Бул имарат дүйнө жүзү боюнча талашсыз эң бийик. Аны бийиктиги үчүн гана эмес башкы тизмелерге кооздугу үчүн да киргизсе болот. 828 метр бийиктиктеги мунара имарат курулуштагы жана архитектурадагы чоң секирик жана аны жаратуучулардын алыска кеткен дымагынын далили болуп калды

Наныцзин-Гринлэнд имараты.

Кытайдагы Наныцзин-Гринлэнд имараты бийиктиги боюнча дүйнөдө

10-орунду ээлейт. 66 кабаттан турган имараттын бийиктиги-450 метр

Петронас мунарасы.

Малайзиядагы Петронас мунарасы 9-орунда. 88 кабаттуу имараттын бийиктиги 451,9 метр

Эл аралык коммерсиялык борбор.

Гонконг шаарындагы бул имараттын бийиктиги 484 метр, 118 кабаттан турат. Курулуш 2002-жылы башталып, 2010-жылы пайдаланууга берилген. Бийиктиги боюнча 8-орунда.

Шанхай бүткүл дүйнөлүк финансылык борбор.

Бул имарат 101 кабаттан туруп, бийиктиги 492 метр. 1998-жылы башталган курулуш 10 жылда бүткөн. Бийиктиги боюнча 7-орунда.

Тайбэй 101.

Кытай Республикасында жайгашкан бул имараттын бийиктиги – 509,2 метр. 101 кабаттан турат. 2004-жылы ачылган. Бийиктиги боюнча

6-орунда.

Эл аралык финансылык борбор. Гонконг шаарында жайгашкан. Бул имараттын бийиктиги 537,5 метр. 103 кабаттан турат. 2010-жылы ишке берилген. 2006-жылы толук курулуп бүткөн. Бийиктиги боюнча 5-орунда.

Бүткүл дүйнөлүк соода борбору 1.

Нью Йорк шаарында курулуп, бул имараттын бийиктиги 541 метр, 104 кабаттан турат. 2014-жылы ачылган. Дүйнөдө 4-орунду ээлейт.

Абрадж Аль-Бейт. Сауд Аравия өлкөсүндө тургузулган бул имарат 120 кабаттан турат. Бийиктиги 601 метр. Мекке шаарында жайгашкан. Дүйнөдө бийиктиги боюнча 3-орунду ээлейт.

Шанхай мунарасы. Шанхай шаарынды жайгашкан бул имараттын бийиктиги 632 метр, 128 кабаттан турат. 2015-жылы колдонууга тапшырылган. Архитектору- Маршалл Страба. Бул имарат бийиктиги боюнча 2-орунду ээлейт.

Бурдж-Халифа. Араб-Эмиратта жайгашкан бул имарат бийиктиги боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Бийиктиги 828 метр, 163 кабаттан турат.

Категория: Информатика
29.02.2020 09:16


Рекомендуем курсы ПК и ПП