СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баалонун түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

11.4. Баалоонун кандай түрлөрү бар?

Диагноздоочу баалоо. Кыргыз тили сабагында диагноздоочу баалоодо – окуучулардын билимдеринин, билгичтик, көндүмдөрүнүн (ББК), компетенттүүлүгүнүн алгачкы калыптануу деңгээли аныкталат. Баалоонун бул түрү окуу жылынын башында же теманы алгачкы ирет өтүүдө, бөлүмдүн башындагы биринчи сабакта төмөнкүдөй максатта жүргүзүлөт:

– теманы өздөштүрүүдө ырааттуулукту камсыздоо;/

– окуп-үйрөнүү процессин окуучунун мүмкүнчүлүгүнө, муктаждыктарына ылайык алдын ала пландоо;

– окутула турган тема же бөлүмдүн башталышында окуучулардын кызыкчылыгына, максатына канчалык жакын же алыс экендигин аныктоо;

– мугалимдин окуу планына окуучулардын муктаждыгына жооп бергидей же алар туш боло турган кыйынчылыктардан чыгууга жардам бергидей оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк түзүү.

Диагноздоочу баалоодо иштерди текшерүүнүн баасы класстык журналга түшүрүлбөйт.

Калыптандыруучу (формативдик) баалоо же окуп-үйрөнүүнү жакшыртуу үчүн баалоо – кыргыз тилин инсанга багыттап окутуп-үйрөтүүнү жүзөгө ашыруучу мамиле болуп саналат. Мында мугалимдин ролу өзгөрүш керек. Инсанга багытталган технологиялар, усулдар окутууну мугалим менен окуучунун ортосундагы кызматташтык аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт. Баалоо тынымсыз жүргүзүлүп турат да, жемиштүү жыйынтыкка карай жакындоо процессинин өзү бааланат. Бул окуучунун жанында туруп, ийгиликке жетелөө деген маанини туюндурат. Эгерде калыптандыруучу баалоо туура жүргүзүлсө, анда:

  • ƒ окуучунун кыргыз тилине карата кызыгуусу пайда болот;
  • ƒ окуучу билимге ээ болуунун баасын аңдап биле баштайт;
  • ƒ окуучу өзүн өзү баалай билүү менен күн санап өсө баштайт;
  • ƒ мугалим менен окуучунун ортосундагы кайтарым байланыш ишке ашат;

ƒ баалоонун жыйынтыктары менен мугалим өзүнүн ишине өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо белгилүү бир убакыт аралыгында окуучулардын билим-дерди өздөштүрүү деңгээлин, о.э. билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин белгилейт жана алынган натыйжалардын окуу программасына, стандартка шайкештигин аныктоо менен, окуу процессинин тиги же бул баскычында пайдаланылуучу баалар жалпылаштырылып, бир кыйла жогорку деңгээлдеги көндүмдөрдү текшерүү зарыл болот. Жыйынтыктоочу баалоодо текшерүү иштеринин ар кандай түрлөрү камтылат.

11.5. Баалоо үчүн тапшырмаларга коюлуучу негизги талаптар

Баалоодо окуп-үйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжаларга жана көрсөткүчтөргө басым жасалууга тийиш.

Ар бир натыйжа көрсөткүчтөрдүн жардамы менен текшерилет. Баалоодо дайыма эң маанилүү эки суроо пайда болот:

– тапшырмалардын ишенимдүүлүгүн кантип камсыз кылууга болот? Тапшырмаларды бир эле окуучу кайталап аткарууда бирдей эле натыйжа алынса, анда аларды ишенимдүү деп айтабыз.

– валиддүүлүктү (жарамдуулукту, шайкештикти) кантип камсыз кылабыз? Тапшырмалардын

текшерүүнүн максатына дал келүүсү. Эмнени текшерүү максат кылынса (билим, билгичтик жана көндүм), тапшырмалардын ошого шайкеш келүүсү.

Тесттик тапшырмалардын валиддүүлүгү жана ишенимдүүлүгү татаал маселелерден болуп саналат.

11.6. Баалоодо окуучулардын билимин текшерүүнүн жолдору

Кыргыз тили сабагында мугалим окуучулардын билимин баалоодо текшерүүнүн төмөнкүдөй жолдорун билүүсү зарыл:

1. Оозеки: оозеки суроо, оозеки текшерүү иштери, диалог түзүү, маектешүү;

2. Жазуу:жазуу түрүндө суроо: жазуу иштеринин түрлөрү (баяндама, дилбаян ж.б.);

3. Практикалык иштер:кептин түрлөрү жана стилдери боюнча текст түзүү, монолог, диалог, полилог түзүү, грамматикалык, стилистикалык талдоолор, стилистикалык эксперименттер ж.б.

Кыргыз тили сабагында тилдик, кептик компетенттүүлүктөрдү баалоо үчүн көбүнчө практикалык иштер, портфолио колдонулуп, окуучунун жасаган иши бааланат.

Баалоонун бир эле жолун колдонуу натыйжа бербейт. Ар түрдүү техниканы колдонуу окуучуга өзүнүн ийгиликтерин ар кыл жолдор менен көрсөтүүгө түрткү берет. Мисалы, бир окуучу жат жа-зууны жакшы аткарып, баяндаманы мыкты жазса, экинчи бир окуучу эркин темада дилбаянды мыкты жазат, ал эми үчүнчү окуучу грамматикалык талдоодон өзүн көрсөтө алат ж.б.

11.7. Баалоонун обьективдүүлүгү

Баалоонун обьективдүүлүгү – бул критерийлердин негизинде баалоо дегенди туюндурат. Баалоонун бардык түрлөрүндө, айрыкча калыптандыруучу баалоодо окуучулардын иштерин баалоону уюштуруу үчүн атайын иштелип чыккан критерийлер колдонулат. Критерий – бул баа берүүгө, бир нерсени аныктоого, жана классификациялоого негиз болуучу белги, баанын ченеми. Критерийлерди пай-далануу менен баалоо анын жалпыга ачык-айкын болуусуна шарт болот.

Критерийлер баалоонун калыс жүрүшүнө өбөлгө түзөт. Окуучулдардын жетишкендиктерин баало-онун критерийлерин иштеп чыгуунун негизи окуу максаттары болуп саналат.

Критерийлерди мугалим өзү же окуучулар менен биргеликте иштеп чыгат. Окуучулар менен бирге иштеп чыкканда, ийгиликтерге жетишүүгө карай окуучулардын жоопкерчилиги артып, өз алдын-чалуулукка көнүгүшөт.

Баалоонун критерийлеринде сабактын максаты гана эмес, анын мазмундук түзүлүшү да эске алынууга тийиш.

Кыргыз тили сабагында окуучулардын иштерин баалоонун критерийлери

  • ƒ сөз жана анын тыбыштык түзүлүшүн билүү;
  • ƒ сөз жана сөз айкашын айырмалай билүү;
  • ƒ сөздүн лексикалык ар кыл маанилерин, фразеологизмдерди кебинде так, орундуу колдонуу;
  • ƒ сүйлөмдүн түрлөрүн текст түзүүдө туура пайдалануу;
  • ƒ ар кыл турмуштук кырдаалдарга ылайык кептин ар кыл түрүндө жана стилдеринде өз алдынча текст түзө алуу;
  • ƒ түзгөн текстин редакциялап, өркүндөтө билүү;
  • ƒ баяндама, дилбаян, эссенин түрлөрүн жаза билүү;
  • ƒ оозеки жана жазуу маданиятынын үлгүлөрүн өздөштүрүү;
  • ƒ кеп маданиятынын, чечендик кептин ыкмаларына ээ болуу.

11.8. Баалоонун усулдары

Баалоонун ар түрдүү усулдарын тандап пайдалануу кыргыз тилчи мугалиммнин ишаракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Бул кыргыз тилин окутуу процессине сөзсүз таасирин тийгизет. Айрыкча жогоруда сөз кылынган калыптандыруучу (формативдик) баалоонун усулдарын колдонуу окутуунун натыйжалуулугун арттырууга чоң өбөлгө болот. Баалоонун планын түзүүдө мугалим диагноздоочу баалоону окутуунун баштапкы мезгилинде, калыптандыруучу баалоону материалды үйрөтүү мезгилинде, ал эми жыйынтыктоочу баалоону окутуунун жыйынтыгын чыгарууда пайдаланса ылайыктуу

11.8.1. Байкоо жүргүзүү

Мугалим окуучуга мектепте гана эмес, мектептен тышкаркы учурда да байкоо жүргүзө алат. Окуучу оозеки жооп берип жатканда да ага байкоо жүргүзүлөт.

Расмий байко,мисалы, төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:

– оозеки жооптордо, оозеки презентацияларда;

– ролдоштурулган оюндарда;

– жуптарда, топтордо иштегенде;

– практикалык иштерди аткарууда.

Мындай учурларда мугалимдин окуучу менен сүйлөшүп, айрым маалыматтарды түшүндүрүүсү да маанилүү. Мисалы, дилбаян жазып жатканда окуучу терезени карап отурса, биз аны башка нерсени ойлоп отурат деп түшүнүп, ага суроо бергенибизде, ал балким андан ары эмнени жазууну ойлонуп терезени карап жатканын айтышы да мүмкүн.

Расмий эмес байкоокласста жана класстан тышкаркы убактарда окуучулар күнүмдүк тапшырмаларды аткаруу учурунда жүргүзүлүшү мүмкүн. Кыргыз тил мугалими расмий эмес байкоону жүргүзүүнүн натыйжаларын журналга белгилөөсү зарыл. Бул үчүн бир сабакта бир же эки окуучуну тандап алып, алардын сабак учурундагы алдыңкы жана начар жактарын белгилөө керек. Бардык окуучуларга карата жүргүзүлгөн мындай байкоо мезгил-мезгили менен кайталанып, ар бир байкоонун натыйжалары жазылышы керек. Бул аркылуу мугалим окуучуларынын жетишкендиктеринде болгон жылыштарды даана көрө алат. Байкоо усулун пайдаланууда окуучулардын өсүш деңгээлин эсептөөнүн бир кыйла ыкмалары бар. Алардын айрымдарына токтолобуз:

– комментариялар менен тизме түзүү;

– окутуу процессинде болгон кызыктуу окуяларды тизмелеп жазуу. Атайын дептерге ар бир окуучуга өзүнчө бир бет арналат.

Категория: Всем учителям
13.05.2020 09:22


Рекомендуем курсы ПК и ПП