СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
1989-жылы 20-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 44/25 резолюциясы бириктирилип, кабыл алынып, кол коюга жана ратификацияланууга жол берилген.
Күчкө кирүүсү: 49-статьяга ылайык 1990-жылы сентябрда.
Башкы Ассамблея, өздөрүнун мурдагы резолюцияларына таянып, өзгөчө 1978-жылы декабрдан баштап 33/166 резолюциясы жана 43/112 1988-жылдын 8-декабрь айында, ошондой эле Комиссия резолюциясынын адам мүнөзү боюнча
Баланын укуктары жөнүндө конвенция
Преамбула
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган принциптерге ылайык, коомдун бардык мүчөлөрүнө таандык кадыр-баркты, теңчиликти жана ажырагыс укуктарды таануу жер жүзүндө эркиндикти, акыйкаттыкты жана тынчтыкты камсыз кылуунун негизи деп эсептеп,
Бириккен Улуттардын элдери Уставда адамдын негизги укуктарына, адам инсанынын кадыр- баркына жана дөөлөтүнө өз ишенчиликтерин ырастаган кеңири эркиндиктин тушунда социалдык прогресске жана жашоо шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө чечкиндүү экендиктерин көңүлгө алып,
Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Адам укуктары жөнүндө эл аралык пактыларда, ар бир адам аларда көрсөтүлгөн бардык укуктарга жана эркиндиктерге расасы, өңүнүн түсү, жынысы, тили, дини, саясий же башка ынанымдары, улуттук же социалдык теги, мүлктүк абалы, туулушу же башка жагдайлары сыяктуу белгилер боюнча эч кандай айырмасыз ээ болууга тийиш зкендигин жарыялагандыгын жана макул тапкандыгын таанып,
Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында балдар өзгөчө камкордукка жана жардамга укуктуу экендигин жарыялагандыгын эскертип, коомдун негизги уюткусу жана анын бардык мүчөлөрөнүн жана айрыкча балдардын өсүшү жана жыргалчылыгы үчүн табигый чөйрөсү катары үй-бүлө коомдун чектеринде ал өз милдеттерин толук көтөрө алыш үчүн зарыл болгон коргоого жана көмөк көрсөтүүгө эгедер болууга тийиш экендигине ынанып, баланын инсан катары толук жана телегейи тегиз өнүгүшү үчүн ал үй-бүлөнүн камкордугунда, бактынын, сүйүүнүн жана түшүнүүнүн кучагында өсүшү зарыл экендигин таанып, бала коомдук турмушта өз алдынча жашоого толук даяр болушу керек жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган идеалдардын рухунда, айрыкча тынчтыктын, кадыр-барктын, сабырдуулуктун, эркиндиктин, теңдиктин жана тилектештиктин рухунда тарбияланууга тийиш деп эсептеп,
баланы мындай өзгөчө коргоонун зарылдыгы 1924-жылдагы Баланын укуктарынын Женева Декларациясында жана 1959-жылы 20-ноябрда Башкы Ассамблея кабыл алган Баланын укуктарынын декларациясында каралгандыгын жана Адам укуктарынын жалпы декларациясында, Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 2З-жана 24-статьяларда), Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 10-статьяда), ошондой эле балдардын жыргалчылыгынын маселелери боюнча иш жүргүзгөн адистештирилген мекемелердин жана эл аралык уюмдардын уставдарында жана тиешелүү документтеринде таанылгандыгын эске алып,
баланын укуктарынын декларациясында көрсөтүлгөндөй «өзүнүн мүчө боюнун жана акылынын жетиле электигине байланыштуу бала атайын коргоого жана кам көрүүгө, анын ичинде туулганга чейин да, туулгандан кийин да тиешелүү укуктук коргоого муктаж» экендигин эске алып,
балдарды коргоого жана алардын жыргалчылыгына, айрыкча балдарды улуттук жана эл аралык деңгээлде тарбиялоого берүүгө жана аларды асырап алууга тиешеси бар Социалдык жана укуктук принциптер жөнүндө декларациянын, жашы жете элек балдарга карата сот акыйкаттыгын аткарууга тиешеси бар Бириккен Улуттар Уюмунун минималдуу стандарттык эрежелеринин («Пекин эрежелери»), өзгөчө жагдайларда жана куралдуу чыр-чатактардын мезгилинде аялдарды жана балдарды коргоо жөнүндө декларациянын жоболоруна таянып,
дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өтө оор шарттарда жашаган балдар бар экендигин жана мындай балдар өзгөчө көңүл бурууга муктаж экендигин таанып, баланы коргоо жана аны ар тараптан өнүктүүру үчүн ар бир элдин каада-салтынын жана маданий дөөлөттөрүнүн маанилүү экендигин тиешелүү турдө эске алып,
ар бир өлкөдөгү, асыресе, өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү балдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн таанып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-БӨЛҮК
1-статья
Эгерде, ар бир 18 жаш куракка толо элек адам баласы, өзүнө карата колдонулуучу мыйзам боюнча эрезеге эрте жетпесе, ал ушул Конвенцияда бала катары таанылат.
2-статья
1. Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн юрисдикциясынын чектеринде болгон ар бир баланын ушул Конвенцияда каралган бардык укуктарынын эч кандай басмырлоосуз, расасына, өңүнүн түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук, этностук же социалдык тегине, мүлктүк абалына, баланын, ден соолугунун абалына жана туулушуна анын ата-энесине же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө же кандайдыр-бир башка жагдайларга карабастан урматташат жана камсыз кылышат.
2. Катышкан мамлекеттер баланын, анын ата-энесинин, мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн статусунун, ишинин, көз караштарынын же ынанымдарынын негизинде баланы басмырлоонун же жазалоонун бардык түрлөрүнөн коргоону камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.
З-статья
1. Балдарга карата бардык аракеттерде, алар социалдык жактан камсыз кылуу маселелери жагында иш жүргүзгөн мамлекеттик же жекече мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруу органдары тарабынан колдонулгандыгына карабастан биринчи кезекте баланын таламдарын эң мыкты камсыздоого көңүл бурулат.
2. Катышкан мамлекеттер баланын жыргалчылыгы үчүн зарыл болгон коргоону жана камкордукту камсыз кылууга милдеттенишет, мында бала үчүн мыйзам боюнча жоопкерчиликте болгон анын ата- энесинин, көзөмөлчүлөрүнүн же башка адамдардын укуктары жана милдеттери эске алынат жана ушул максатта тиешелүү бардык мыйзамдык жана административдик чараларды көрүшөт.
З. Катышкан мамлекеттер балдар жөнүндө кам көрүүгө же аларды коргоого жооптуу болгон мекемелер, кызматтар жана органдар компетентүү органдар тарабынан белгиленген нормаларга жооп беришин, атап айтканда коопсуздук жана саламаттыкты сактоо жагында, аларда иштегендердин саны жана алардын жарактуулугу жагында жооп беришин, ошондой эле компетентүү көзөмөлду камсыз кылышат.
4-статья
Катышкан мамлекеттер ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон мыйзамдык, административдик жана башка чараларды көрүшөт. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жагында катышкан мамлекеттер мындай чараларды өздөрүндө болгон ресурстардын максималдуу чектеринде, зарыл учурда эл аралык кызматташтыктын чектеринде көрүшөт.
5-статья
Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда жергиликтүү каада-салтта каралгандай кеңири үй-бүлөнун же жамагат мүчөлөрүнүн, көзөмөлчүлөрдүн же мыйзам боюнча бала үчүн жоопкерчиликте болгон, ал ар тарабынан ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзөгө ашырууда балага тиешелүү таалим-тарбия берүүгө жана аны баланын өсүп жаткан жөндөмдүүлүгүнө ылайык жасоого мыйзам боюнча жооптуу болгон башка адамдардын жоопкерчилигин, укуктарын жана милдеттерин урматтайт.
6-статья 1. Катышкан мамлекеттер ар бир бала жашоо үчүн ажырагыс укукка эгедер экендигин тааныйт.
2. Катышкан мамлекеттер баланын жан сакташын жана мыкты өнүгүшүн мүмкүн болгон даражада камсыз кылат.
7-статья
1. Бала туулгандан кийин дароо катталат жана туулган учурдан тартып ысым алууга жана граждандыкка ээ болууга, ошондой эле мүмкүн болушунча өз ата-энесин билүүгө жана алардын кам көрүшүнө укуктуу болот.
2. Катышкан мамлекеттер бул укуктардын улуттук мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылышын жана алардын милдеттенмелеринин бул жагындагы тиешелүү эл аралык документтерге, атап айтканда баланын граждандыгы жок болгон учурга ылайык аткарылышын камсыз кылышат.
8-статья
1. Катышкан мамлекеттер мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербестен, баланын жекече өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде граждандыгын, ысымын жана үй-бүлөлүк байланыштарын сактоorо болгон мыйзамда каралган укугун урматтоого милдеттенет.
2. Эгерде бала өзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүнүн бир бөлүгүнөн же бардык элементтеринен мыйзамсыз түрдө ажыратылса, катышкан мамлекеттер ага зарыл жардам көрсөтүүнү жана анын жекече өзгөчөлүгүн тезинен калыбына келтирүү үчүн зарыл жардам көрсөтүүнү жана коргоону камсыз кылат.
9-статья
1. Катышкан мамлекеттер соттун чечими боюнча компетенттүү органдар колдонуудагы мыйзамдарга жана жол-жоболорго ылайык баланын жогорку таламдарында аны ата-энесинен ажыратуу зарыл деп аныктагандан башка учурларда, өзүнүн ата-энеси каалабаса, алардан баланын ажыратылбашын камсыз кылат. Мындай аныктама тигил же бул айкын учурда зарыл болуп калышы мүмкүн, мисалы ата-энеси балага катаал мамиле жасаса, же ал жөнүндө кам көрбөсө же ата-энеси бөлөк жашаса жана баланын жашаган жери тууралуу чечим кабыл алуу зарыл болсо, ушундай аныктама чыгарылат.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык ар кандай териштирүүнүн жүрүшүндө ишке тиешеси бар бардык тараптарга териштирүүгө катышууга жана өзүнүн көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
З. Катышкан мамлекеттер мунун өзү баланын жогорку таламдарына карама каршы келгенден башка учурларда, ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыратылган баланын ата-энесинин экөө менен тең такай негизде u1078 жеке мамиледе жана тикелей байланышта болуу укугун урматтайт.
4. Мындай ажыратуу катышкан мамлекет тарабынан кабыл алынган кандайдыр бир чечимге байланыштуу болгондо, мисалы баланын ата-энесинин бири же экөө тең камакка алынганда, түрмөгө отургузулганда, айдап жиберилгенде, депортацияланганда же өлгөндө (ал адам мамлекеттин карамагында болгон мезгилде ар кандай себеп боюнча өлүмгө дуушар болгондо) катышкан мындай мамлекет баланын ата-энесине, балага же бул зарыл болсо, эгерде мындай маалымат берүү баланын жашоосуна зыян келтирбесе, үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө алардын өтүнүчү боюнча үй-бүлөнүн жок болгон мүчөсү (мүчөлөрү) тууралуу зарыл маалымат берет. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин өзүнөн-өзү тиешелүү адамга (адамдарга) терс натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылат.
10-статья
1. Катышкан мамлекеттердин 9- статьянын 1-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык баланын же анын ата-энесинин үй-бүлөнү бириктирүү максатында катышкан мамлекетке келүү же андан кетүү максатында берген арызы катышкан мамлекеттер тарабынан оңунан гумандуу жана тез аранын ичинде каралууга тийиш. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин арызберүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жагымсыз натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылышат.
2. Ата-энеси ар кандай мамлекетте жашаган бала өзгөчө жагдайлар болгондон башка учурларда, ата- энесинин экөө менен тең туруктуу негизде жеке мамилелерде жана тикелей байланыштарда болууга укуктуу. Ушул максатта жана катышкан мамлекеттердин 9-статьянын 2-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык катышкан мамлекеттер баланын жана анын ата-энесинин ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өзүнүн өлкөсүнөн кетүүгө жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө болгон укугун урматташат. Ар кандай өлкөдөн кетүү укугуна карата мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамда белгиленген u1078 жана зарыл болгон жана ушул Конвенция тарабынан таанылган башка укуктарга ылайык келген чектөөлөр гана колдонулат.
11-статья
1. Катышкан мамлекеттер балдардын мыйзамсыз түрдө чет өлкөгө жер которушуна жана кайтпай калышына каршы күрөшүү үчүн чараларды көрөт.
2. Бул максатта катышкан мамлекеттер кош тapaптyy же көп тараптуу макулдашууларды түзүүгө же колдонуудагы макулдашууларга кошулууга көмөк көрсөтүшөт.
12-статья
1. Катышкан мамлекеттер өзүнүн жеке көз караштарын билдирүүгө жөндөмдүү болгон баланын өзүнө тиешелүү болгoн бардык маселелер боюнча бул көз караштарды эркин билдирүү укугун камсыз кылат, мындан тышкары баланын көз караштарына анын курагына жана жетилгендигине ылайык тиешелүү көңүл бурулат.
2. Бул максатта балага, атап айтканда тиешелүү ар кандай соттук же административдик териштирүүнүн жүрүшүндө аны угууга мүмкүнчүлүк берилет, же болбосо түздөн-түз, же болбосо өкүлү аркылуу же тиешелүү орган аркылуу улуттук мыйзамдардын процессуалдык нормаларында каралган тартипте кайрылууга мүмкүнчүлүк берилет.
1З-статья
1. Бала өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу; анын бул укугуна ар кандай түрдөгу маалыматтарды жана идеяларды чек арага карабастан ооз эки, кат жүзүндө же басылган түрдө, искусство чыгармалары түрүндө же баланын тандап алышы боюнча башка каражаттардын жардамы менен эркин издеп табуу,алуу жана берүү кирет.
2. Бул укукту жүзөгө ашырууга айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн, бирок алар:
а) башка адамдардын укуктарын жана беделин урматтоо үчүн;
b) же мамлекеттин коопсуздугун же коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп- ахлактуулугун коргоо үчүн мыйзамда каралган жана зарыл чектөөлөр гана болушу мүмкүн.
14-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын ой-пикиринин, ар-намысынын жана дининин эркин болуу укугун урматташат.
2. Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда мыйзамдуу көзөмөлчүлөрдун баланын укуктарын жүзөгө ашырууда баланын өнүгүп жаткан жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык ыкмалар менен жетекчилик кылууга болгон укуктарын u1078 жана милдеттерин урматташат.
3. Баланын дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигине мыйзамдарда белгиленген жана мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын адеп-ахлактуулугун жана ден-соолугун коргоо же башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөр гана колдонулушу мүмкүн. 15-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын эркин ассоциациялашууга жана жөнөкөй топторго эркин катышууга болгон укугун таанышат.
2. Бул укукту жүзөгө ашырууга карата мыйзамга ылайык жана демократиялык коомдо мамлекеттик коопсуздуктун же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин таламдары, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун коргоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөрдөн башка эч кандай чектөөлөр колдонулушу мүмкүн эмес.
16-статья
1. Бир да бала өзүнүн жеке турмушун, үй-бүлөлүк турмушун жүзөгө ашырууга, турак жайынын кол тийгистигине же кат-кабарлардын жашырындуулугуна болгон укугун зомбулук менен бузуунун же мыйзамсыз кийлигишүүнүн же анын ар-намысына жана беделине мыйзамсыз шек келтирүүнүн объектиси болушу мүмкүн эмес.
2. Бала мындай кийлигишүүдөн же шек келтирүүдөн мыйзам тарабынан корголууга укуктуу.
17-статья
Катышкан мамлекеттер массалык маалымат каражаттарынын маанилүү ролун таанышат жана бала ар кандай улуттук же эл аралык булактардан, айрыкча баланын социалдык, руханий жана моралдык жыргалчылыгына, ошондой эле анын мүчө боюнун жана психикасынын мыкты өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган маалыматтарды жана материалдарды алууга мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылышат. Катышкан мамлекеттер бул максаттарда:
а) бала үчүн социалдык жана маданий жагынан пайдалуу болгон жана 29-статьянын мазмунуна тура келген маалыматтарды жана материалдарды жайылткан массалык маалымат каражаттарын колдошот;
Ь) ар кандай маданий, улуттук жана эл аралык булактардан мындай маалыматтарды жана материалдарды даярдоо, алмашуу жана жайылтуу жагындагы эл аралык кызматташтыкты колдошот;
с) улуттук азчылыктын кандайдыр-бир топторуна же жергиликтүү калкка таандык болгон баланын тилдик керектөөлөрүнө айрыкча көңүл бурган массалык маалымат каражаттарын колдошот;
d) 13 жана 18-статьялардын жоболорун эске алуу менен баланын жыргалчылыгына зыян келтирүүчү маалыматтар менен материалдардан баланы коргоонун тиешелүү принциптерин иштеп чыгууну колдошот.
18-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн ата-эненин экөөнүн тең жалпы жана бирдей жоопкерчилигинин принцибин таанууну камсыз кылууга карата колдо болгон бардык куч- аракеттерди көрүшөт. Ата-энелер же тиешелүү учурларда мыйзамдуу көзөмөлчүлөр баланын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн негизги жоопкерчиликте болушат. Баланын жогорку таламдары алардын негизги камкордугунун предмети болуп эсептелет.
2. Ушул Конвенцияда баяндалган укуктарды гарантиялоо жана аларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында катышкан мамлекеттер баланын ата-энесине жана мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө алардын балдарды тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарышы үчүн тиешелүү жардам көрсөтүшөт жана балдар мекемелеринин тармагын өнүктүрүүнү камсыз кылышат.
3. Катышкан мамлекеттер ата-энеси иштеген балдар алар үчүн арналган кызматтардан жана балдарды багуучу мекемелерден пайдаланууга укуктуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшөт.
19-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланы тикелей же психологиялык зомбулуктун, мазактоонун же кыянат мамиле жасоонун же эзүүнөн бардык түрлөрүнөн, анын ичинде ата-энеси, мыйзамдуу көзөмөлчүлөрү же бала жөнүндө кам көрүүчү ар кандай башка адам тарабынан сексуалдык кыянаттык кылуудан сактоо максатында бардык зарыл болгон мыйзамдык, административдик, социалдык жана агартуу чараларын көрүшөт.
2. Зарыл учурларда коргоонун мындай чараларына:
балага жана ал тууралу кам көрүүчү адамдарга зарыл болгон колдоо көрсөтүү,ошондой эле балага катаал мамиле жасоонун жогоруда айтылган учурларын болтурбай коюу жана аныктоо, билдирүү, берүү жана кароо, иликтее_______, дарылоо, ошондой эле зарыл учурда соттук жол-жобону козгоо жана анданкийинки чаралардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу максатында социалдык программаларды иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу жол-жоболор киргизилет.
20-статья
1. Өзүнүн үй-бүлөсүндө убактылуу же такай болбогон бала же өзүнүн жогорку таламдарына ылайык мындай үй-бүлөдө кала албаган бала мамлекет тарабынан езгөчө коргоого жана жардам көрсөтүүгө укуктуу болот.
2. Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык мындай баланы багуучуларды алмаштырууну камсыз кылат.
З. Үй-бүлөдөн мындай кетүүгө, атап айтканда тарбиялоого берүүгө ислам укугу боюнча «кафала», асырап алуу же зарыл учурда балдарды бага турган тиешелүү мекемелерге жайгаштыруу киргизилиши мүмкүн. Баланы багуучуну алмаштыруунун варианттарын кароодо баланы тарбиялоонун жолун жолдоп улантуунун зарылдыгы жана анын этностук келип чыгышы, диний жана маданий таандуулугу жана эне тили тиешелүү түрдө эске алынууга тийиш.
21-статья
1. Асырап алуу системасынын болушун тааныган жана (же) уруксат берген катышкан мамлекеттер баланын жогорку таламдары биринчи кезекте эске алынышын камсыз кылышат жана алар:
а) колдонуудагы мыйзамга жана жол-жоболорго ылайык жана ишке тиешеси бар так маалыматтардын негизинде баланын ата-энесине, туугандарына жана мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө карата статусун эске алуу менен асырап алууга жол берүүгө боло тургандыгын, эгерде ушундай талап кылынса, ишке тиешеси бар адамдар мүмкүн болуучу мындай зарыл консультациялардын негизинде асырап алууга өзүнүн ар тараптан ойлонулган макулдугун бергендигин аныктай турган компетенттүү бийликтер тарабынан гана баланы асырап алууга уруксат берилишин камсыз кылышат;
b) эгерде баланы аны тарбиялоону же асырап алууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөгө тарбиялоогo берилиши же жайгаштырылышы мүмкүн болбосо жана бала туулган өлкөдө анны кандайдыр-бир ылайыктуу багууну камсыз кылуу мүмкүн болбосо, баланы башка өлкөдө асырап алууну аны багуунун альтернативалуу u1099 ыкмасы катары таанышат;
с) бала башка өлкөдө асыралган учурда, ал өлкөнүн ичинде асыралган балага карата колдонулуучу ошондой эле гарантиялар жана нормалар колдонулушун камсыз кылышат;
d) баланы башка өлкөдө асырап алуу учурунда баланы жайгаштыруу бул адамдарга байланыштуу өзүн актабаган финансылык пайдаларды алууга алып келбешин камсыз кылуу максатында бардык чараларды көрүшөт;
е) зарыл учурларда ушул статьянын максаттарына жетүү үчүн кош тapaптyy жана көп тapaптyy келишимдерди же макулдашууларды түзүү аркылуу көмөк көрсөтүшөт жана ушул негизде баланы башка өлкөдө жайгаштыруу компетенттүү бийликтер же органдар тарабынан жүзөгө ашырылышына аракеттенишет.
22-статья
1. Катышкан мамлекеттер колдонуудагы эл аралык же ички укуктарга жана жол-жоболорго ылайык качкындын статусун алууну каалаган же качкын болуп эсептелген өзүнүн ата-энеси же башка ар кандай адамдын коштоосунда жүргөн, ошондой эле коштоосунда жүрбөгөн балага ушул Конвенцияда жана башка адам укуктары боюнча эл аралык документтерде же аталган мамлекеттер катышуучулары болуп эсептелген гуманитардык документтерде баяндалган колдонуудагы укуктарын пайдаланууну тиешелүү түрдө коргoону жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүшөт.
2. Катышкан мамлекеттер бул максатта, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка компетенттүү өкмөттөр аралык уюмдардын же Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташкан өкмөттүк эмес уюмдардын мындай баланы коргоо жана ага ата-энесин же башка үй-бүлө мүчөсүн издөө боюнча жардам көрсөтүү боюнча ар кандай күч-аракеттерин зарыл деп тапкан учурда, аларды өз үй-бүлөсүнө кошуу үчүн зарыл маалымат алууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энеси же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү табылган учурларда, мындай балага кандайдыр-бир себеп боюнча туруктуу же убактылуу өз үй- бүлөсүнөн ажыраган башка ар кандай бала сыяктуу эле ушул Конвенцияда каралгандай коргоо камсыз кылынат.
© 2020, "Өспүрүм" Балдар жана Өспүрүмдөр Уюму 942