СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кымбаттуу жаш жеткинчектер!
Билим алуу бардык Кыргызстандыктар үчүн жакшы башталыштардын ачылыштардын жана ийгиликтердин символу болуп калды. Илим, билимдери ийгиликтер бул Кыргызстандын келечеги эмесби! Ийгиликке жетүү үчүн тынбай эмгектенүү, өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын эске салуучу улуу күн.
Эгемендүү мамлекетибиз-биздин ыйык мекенибиз. Эс тартып чоңойгон сайын силер өз мекенинерге, эл-журттунарга карыз экениңерди түшүнө баштайсынар.
Ар бир жаш өспүрүм өз Мекенин жашап өткөн ата-бабалардын тарыхын окуп- билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү.
Жаш достор, силер Эгемендүү Кыргыз Республикасында эркин, ырыстуу, бактылуу балалыкта жашап билим, тарбия алып жатасыңар. Буюруса, силер келечекте биздин ордубузду татыктуу басышынар керек. Ал үчүн акыл эстүү болуп эрежеге жетип, ийне менен кудук казгандай билим алып ар түрдүү кесиптин ээси болууга аракеттенуунор керек.
Ч.Айтматов " Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу" - деп туура белгилеген. Ар бир күндө чыныгы АДАМ деген атка татыктуу болуп адамдык менен, адалдык менен жашап, иштөөгө жашыңардан чын дилден ниеттенгиле
© 2020, Мамасадыкова Кенжегул Тойчуевна 380