СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биз биргеликте баарын жеңебиз! Ата-энелерге кайрылуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Учурдагы өзгөчө кырдаал, жерибизге айттырбай кирип келген таажылуу ылаң оорусу, заматта жашообуздун нугун өзгөрттү. Ар күн сайын жаркырап балдарды тосуп алган мектебибиз, класстарыбыз, парталарыбыз, сүйүктүү окуучуларыбызды, алардын шыңгыр күлкүсүн сагынып, мостое күтүп тургандай.

Билимге умтулган окуучуларыбыз сүйүктүү мектебине жете албай, ар дайым аларга тааалыкпай билим берген мугалимдер окуучуларын сагынышты. Аларды кантип билимден өксүтпөй, сабактарды өтүүнүн жолун издешти.

Байкашымча, учурдагы өзгөчө кырдаал, билим берүү тармагын болуп көрбөгөндөй окутуунун жаңы баскычына секирик жасаткандай. Ар бир мугалим жаңы технологияларды колдонууну ыкчам өздөштүрүп, коом алдындагы милдеттерин аткарууга болгон күчүн жумшап жаткан кез.

Биздин ушундай түйшүктүү ишибизге жана ийгиликтерибизге кайдыгер карабай, куштун кош канаты сымал, биздин окуучулар жана ата-энелер да өз милдеттерин туура түшүнүп, учурдагы кыйынчылыкты бирге жеңүүгө өз салымдарын кошуп жатышат. Элибиз илгертеден "Күч бирдикте" демекчи, учурда биргелешип иш алып барууга, ата-энелер кош колдоп киришкени бизди, жалпы мугалимдер жааматын абдан кубандырат.

Урматтуу ата-энелер! Билим башаты - башталгыч мектеп. Башталгыч класстын окуучуларын окутуунун өзгөчөлүгүнө, түйшүктүүлүгүнө карабай, балдарыңарды алдыга багыттаган мугалимдер менен бирдикте, аларды алдыга тартып, билимден өксүбөсүн деп, кылып жаткан кызматыңарды биз терең баалайбыз! Бар болгула, биздин урматтуу ата-энелер! Биз сиздерге терең ыраазычылык менен таазим этебиз! Биз сиздер менен биргеликте баарын жеңебиз! Бар болгула!

20.05.2020 08:43


Рекомендуем курсы ПК и ПП