СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Ч.Айтматовдун чыгармаларында адеп- ахлак маселеси.
Ооба, кыргыз атам замандан бери эле карыяларын: “Карысы бардын- ырысы бар”, “Карыям – даанышман дарыям”,- деп, аларды бир бийик тепкичке көтөрүп, сый-урмат көрсөтүп келген.
2021- жыл “Инсандын руханий- адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жылы белгиленип, жаш муундардын нравалык, адеп-ахлактык, моралдык жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы туулуп турат.
Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларын жаш балдарга окутууда жогорудагы маселе кызыл сызык менен дапдаана сызылып турат. Өзгөчө, жаш муун менен улуу муундун конфликти да көнүл чордонуна коюлат. Алсак, автордун “Кылым карытар бир күн” романында Бороонду Эдигей менен түркөй Сабитжандын, “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасындагы Айша-апа менен окуучуларынын, “Ак кемедеге” Момун-чал менен Орозкулдун ортосундагы келишпестикти айтсак болот.
Сабитжанды Эдигей: “ Интернатка жаткырып, институтка бактырып окутту, эмне үйрөнүп чыкканын ким билсин, бирок, кишилиги жок чыкты” деп сүрөттөйт.
Ата-баба салтын улай карыялар керээз айтышкан. Улуу адамдын керээзи аткарылуусу шарт. Казангап Наймандардын уруу көрүстөнү Эне-Бейитке сөөгү коюлуусун керээз кылып кеткен. Ал эми Сабитжан атасын көмо коюп эле кайра кетиши керек эле. Кайдагы бир Эне-Бейитке дебей, тегеректе жер азбы, өзу өмүр бою иштеген темир жолдун боюндагы бир дөбөчөгө жашырбайлыбы деген оюн айтып, Эдигейдин кыжырына тиет. Бул жерде жаш муун менен улуу муундун ата-бабадан калган салтка болгон мамилесинин ачып берет.
Эми караңыз, автордун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестинде улуу муун менен кичүү муундун конфликти эмес, тескерисинча, улуу муундан кала турган таберик жөнүндө сөз болот. Нравалык мааниси терең, тарбия берүүчү чыгарма.
Үч муундун өкөлдөрү бир кайыкка түшүп алып, кичинекей Кирискиге аңчылыктын сырларын үйрөтүү максатында деңизге чыгышат. Бирок, тилекке каршы, аба-ырайы бузулуп адашып кетишет. Чыгармадагы драматизм нерпанын боорун туздап жеп, кийин суулары жетпей, кыйналганда, оз апогейине жетет.
Суунун баарына жетпей турганын түшүнгөн соң, Орган карыя өз үлүшүн калганына жетсин деген ниетте өз жанын кыят. Көп өтпөй Мылгун да өз өмүрүнө кол салып, деңиздин туздуу суусун ичип, жан берет.
Эмрайн да өз уулу Кирискити жашоосун улантсын деген максатта калган сууну ичпей, жан берет. Келечек Кирисктин колунда экенин өткөн чак Орган карыя, учур чак Эмрайн көрөрүн көрүп, жашарын жашап, келер чак Кирисктин колунда экенин көрөткүсү келет. Автор баланы чыгарманын аягында ала-Дөбөтүнө жеткирет.
Улуу жазуучунун кайсы чыгармасын барактап көрбөйлү, кайсы чыгармасын балдарга окутпайлы, нравалык, адеп, ыйман маселеси биринчи кезекте каралышы керек. Себеби, ар бир чыгармасында ата-бала, үй-бүлө, жеке адамдын коом менен алакасы сыяктуу маселелерге жык толгон.
© 2022, Усупбаева Эрмекгуль Раимбековна 188