СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Айтматов жана фармакология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өзүнүн өзгөчө таланты, эмгеги, эрдиги менен көрсөткөн адамга анын замандаштары ар түрдүү көз карашта болуп бири терең баалап сыймыктанса, экинчилери суктануу, көз артуу сыяктуу түркүн сезимдер менен мамиле жасашып, дегеле аны байкабай,четте калганы болбойт эмеспи.Мен болсо Айтматовдун ашкере талантына терең урмат кылгандардын тобуна кошулам.Ошондуктан, Чыңгыз дын инсандык жана чыгармачылык бийик сапаттары на таазим кылып, өзүм жасаган дарыга залкар жердешим жана замандашы дын атын бергенмин.Бул ой башымда мурдатан катылып жүргөнү менен да,мен алгач олку- солку болуп жүрүп,акыры бир жолу жазуучунун үйүндө олтурганыбызда андан өзүмдүн дартыма анын ысымын ыйгарууга кандай көз карашта экенин сурап калдым.Жазуучу менин " Мыкты адабий көркөм чыгарма да окурман үчүн дары,а жазуучу дарыгер эмеспи?" деген оюма кошулуп,бир азга ойлуу турду да, каршы эместигин билдирди.Менин досум Расул Гамзатов ар бир адамдын ысымы аталары менен эле айлана- чөйрөдөгүлөр өздөрүнүн ал ысымга болгон түрдүү сезимдерин эмоциялары аркылуу билдиришет дейт.Демек, сен экөөбүздүн да бул дарыга байланыштуу бизге ар түрдүү мамиле жасашкан жаңы тааныштарыбыз пайда болот.Ошондуктан баарына даяр болуу керек,деди Чыңгыз.Албетте турмушта адамдар арасында ар түркүн мамилелер бар.Ооруулуулар дарыларга да адамдар сыяктуу эле мамиле жасашат,- деп сөздү уладым мен.Айтмакчы,бул дарыны ачканга мен сизге милдеттүүмүн.Бир жолу Чолпон-Атада чогуу болуп калганда арча тууралуу ой жүгүртүп,эл арасында бул өсүмдүк өзгөчө урматка ээ экендигин, диний ырым- жырымдар убагында, мусулмандар, христиандар,буддисттер да анын бутагын түтөтүп,дары сыяктуу пайдаланышаарын,жаңы төрөлгөн балдарга арчадан бешик жасашаарын,арча менен терең изилдөө жүргүзүп көрүшсө, балким анын дагы белгисиз дарылык сапаттары да ачыларын айтканбыз.Ошол аңгемелешүү Дон кийин мезгил өтө берди.Мен арчанын бизге белгисиз сапаттарын изилдеп,жаңы дарыларды табуунун далалатында жүрдүм.

17.02.2020 19:36


Рекомендуем курсы ПК и ПП