СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Ѳлкѳнү ѳнүктүрүү үчүн салымым чоң.
2019-жылдын ноябрь айы.Санариптештирүү жылында кыйналбай эртерээк ойгонуп алдыга жыла берели деген үмүт менен мүдүрүбүз мугалимдердин баарына тегиз компьютер алуусун сунуштаган.Ноутбук колума тийгенине бир жума болгон.Тамганы да терип жаза албаган учурум.Бизди ѳнүктүрүү үчүн мүдүрүбүз семинарларды да уюштуруп жатты.Укканым менен иштегеним эсте калбай,оюмду туман каптап, «кантип?качан?болобу?»деген сыяктуу ойлор туруп алды.
Бирок ушунун баары «Санарип мугалим»республикалык сынагы жарыялангандан кийин артта калды.Сынактын шарты менен «Бир ѳлкѳнүн ѳнүгүү тарыхы»китеби окууга берилип,китептин электрондук варианты тез эле таралып кетти. «Кѳп учурда кооз уйкаштар чолок ойлорго балдак катары кызмат кылышат,»-деген Гейненин акыл сѳзүнѳ ушул жерде кошулуп кетким келет.Себеби,бул китепти окуган соң ар бир окурман кайдыгер калбайт,болбоду дегенде «сонун китеп экен»деп баа берет.А менин кыялымда кандайдыр бир уюштуруу иштери жарала баштады.Ата-эне,мугалим,окуучу тыгыз байланышта болуп,биримдикте иштесе сонун жылыштар болот деген үмүттѳмүн. «Күч бирдикте»деп бекеринен айтылган эмес.Ийри отуруп, түз кеңешип,алымча-кошумчаларды киргизген уюштуруу тобу иштеш керек. Ѳнүгүүнү кааласаң, ѳзгѳрүүнү ѳзүңдѳн башташ керек.
Убагында Л.Толстой: «Жаштардан кѳп угасың,бирѳѳлѳрдүн акылы менен жашагым келбейт,ѳзүмчѳ акыл ойлошум керек.Мен аларга айтаар элем:даяр акыл турса,аны ойлоп табам деп азап тартуунун кажети канча?Даяр нерсени ал да, сапарынды ула.Адамзаттын күчү ушунда,»-деп айткан экен.Ѳзгѳчѳ билим берүү чѳйрѳсүндѳ реформа жаратууну каалаган тѳбѳлдѳргѳ эң керектүү,пайдалуу булак экен.Кыргыздардын «тар кыя,тайгак кечүүсү»кѳп ѳмүр сапарында Геннадий Петровдун «Бир ѳлкѳнүн ѳнүгүү тарыхы»жол кѳрсѳткүч катары кызмат аткарышып берет.Эгер ар бир окурман ушул китепти жүрѳгүнүн түпкүрүнѳн орун берсе,анын рухунда «Снелмандай болом»деген дем-күч жаралса,кичинекей ѳлкѳбүз кудум Финляндиядай болуп калыптанарына шек жок.
Келгиле,окурман достор,китепкѳй болуп, «мен да ѳлкѳмдүн ѳнүгүүсүнѳ салым кошо алам»деген ураанда кадам таштайлы.
© 2020, Орозова Гулмайрам Жалаловна 264