СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дүйнөдөгү эң татаал кесип - бала тарбиялоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дүйнөдө өтө сабырдуулукту талап кылган татаал кесип-бул бала тарбиялоо.

Азыркы адемгерчилик азайып, дүйнө, мал-мүлктүн артынан кууган заманда, баласынан сый-урмат, оозур, жүрөк толкуган кубаныч, сүйүнүчтөрдү көргөн ата-энеге караганда, небере баккан, өз пенсиясын дары-дармегине эмес уул-кызынын кем-карчын толуктоого жумшаган, белек-бечкек алуунун ордуна орой мамилеге тушуккан ата-энелердин саны күн санап арбып бараткандай баамымда.

Балким маалымат булактарынан жагымсыз жаңылыктарды таркатып, ал эми аздектелип, алпештелип жаткан ата-эненин жашоосу пропагандаланбай калгандыгындадыр?

Кыргыз эли өтө намыстуу,эч качан ата-эне өз баласын жаман дебейт эмеспи. Тескерисинче жаманын жашырып, жакшысын ашырат.Ата-эне балдарымдын балдарын жетелесем деп ниет кылат.Ата-эне өмүр бою балдарын багып эл катарына кошуп, андан кийин менин көзүмдүн тирүүсүндө бутуна туруп алсын деп балдары үчүн жашайт.Бирок жаш чүрпөлөрдү багуу жашы улгайган эне үчүн оңойго турбайт.

Эмне себептен балдарыбыз барган сайын тарбиясы начарлап, билим деңгээли да төмөн болуп баратат? Мен балама кандай тарбия берип жатам деген суроо ар бир ата-эненин оюнда болсо керек. Баласы жакшы болсо ата-эненин бактысы.

Дүйнөдө өтө сабырдуулукту талап кылган татаал кесип-бул бала тарбиялоо. Элибизде «Бала тарбиялоо -таш кемиргенге барабар» деген кеп төгүн жеринен айтылбагандыр. Скульптор жасаган эскизи жакпай калса,же туура эмес эсептесе башкасын жасайт, сүрөткер сүрөтүн кайра тартат. А баланын тарбиясына доо кетсе, аны кайра түзөө мүмкүн эмес. Бала бир күндө эле жаман боло койбойт. Кыналган кыштан курулган үйдөй, баланын тарбиясы күн сайын бекемделет.

Балага ата-эне үлгү. Байкалбастан ата-эненин кыймылы, сүйлөгөн сөзү балага жат болуп калат да, кайра эле аны кайталайт. Ошондуктан балабыз жасабасын деген нерсени өзүбүз да жасабашыбыз керек. Мисалы: эне көчөдө убактысын текке коротуп, үстү кир болуп, өзү көп сүйлөп, баласына таза бол, мээнеткеч бол деген сөзү таасир бербейт. Бала укканына караганда көргөнүн аткарат. Дизайнер адамдын кийимине, зергер сөйкөсүнө карайт, а биз сөзүнө көңүл бурабыз. Бир орус аял баласын тилдеп жатат «ошибка природы» деп. чындыгында баласы өзүнүн ката тарбиясынын натыйжасында ушундай болгондур. Бала биз каалагандай эмес, биз тарбиялагандай болот эмеспи.

Биз ата-энелер бала үчүн жашайбыз,бала үчүн баарына даярбыз.Бирок бала менен сабак аткарууга убактыбыз жок,же сабак окуй албай калса акырын түшүндүрүүгө сабырыбыз жетпейт.

Тойго, отурушка, телефонго башка нерселерге убактыбыз бар. Бала менен бирге китеп окусак бала көзөмөлгө алынат, ата-энесинен түшүнбөгөн жерин сурап үйрөнөт.

Эгер ата-эне баласы жакшы ийгиликтүү адам болуусун кааласа бактылуу балалык тартуулоого аракет кылсын. Ал үчүн акча эмес, мээрим керек. Мен көп жылдык тажырыйбамда бир нерсеге ынандым, баланы тилдеп тарбиялоо эч кандай жакшы натыйжа бербейт.

«Сен эмнеге буларды мындай кылып аткарган жоксун»-деп урушаардан мурда, ага эмне жумуш аткарыш керек экендигин, кандай аткарыш керек экендигин, бул эмне үчүн керектигин сабырдуулук менен түшүндүрсө балада жумушту аткарууга каалоо ойгонот. Аткара албай калса кыйкырып тилдөө анын каалоосун, түшүнүү жөндөмдүүлүгүн токтотот. Баланы шыктандыруу, эби менен мактоо керек. Алкоо сөздөр баланын шыктануусуна өбөлгө болот.

«ЖАКШЫ» деп мактоо уккан бала жакшы болууга тырышат. Баланы сен жамансын, кыла албайсың десе, өзүнө ишенүү жоголуп, мен жаманмын деп, аткара турган жакшы иштерди кылбай, жамандыктарга кол урушу мүмкүн. Сен аракет кыл, сенин колуңдан келет, деп колдоо керек.

Анын эмнеге шыктуу экенин байкап, өзү кызыккан тармакта өнүгүүсүнө шарт түзүүгө аракеттенишибиз керек.

Эч бир бала кичинесинен мен жаман инсан болом деп чоңойбойт. Баарыбыз эле балалыкта врач, космонавт болом деп аруу тилек кылчуубуз. Баланы кечке эле «Сен жамансын» дей берип жаман жолго түшүүсүнө себепкер болуп калабыз. Баланын кыпындай ийгилигин мактап, анын эмнеге жөндөмдүү экенин байкап турмушта өз ордун тапканга жардам берүүгө далалаттаналы.

Ага турмушта жашоо жолунан адашпастан өмүр кечиришин, ак-караны ажырата билүүнү үйрөтүп, бул дүйнөдө эч нерсе жоопсуз калбашын эскертип туруубуз абзел. Кээде ата-эне «Жакшы бол» деп коет,бул жетишсиз. Жакшы болуу кандай экенин өз мисалдарынан далилдөөсү абзел.Турмуш сыноо экенин,жашоодо азгырык деген нерсе өтө күчтүүлүгүн, ошол азгырыктарга азгырылбагандай жаман жолго баспай, туура жолдон адашпагандай эрктүү кылып тарбиялашыбыз керек.

Бала тынч, бактылуу чөйрөдө жакшы кулк- мүнөздүү болуп өссө, сабакты кунт коюп угат да, жакшы окуйт. Биринчи экинчи сабакты тынч, кунт коюп укпаган бала кийинкисине түшүнбөйт, себеби чынжырча үзүлөт.

Мугалим да өз кезегинде ар бир сабакты изденип, турмуштук мисалдар менен балага келечекте жашоосунда кандай пайдасы бар экендигин түшүндүрсө ошол сабак жугумдуу болот деп эсептейм. Мисалы: химия сабагынан, буюмдар эмнеден алынаарын жана кантип сакташ мүмкүнчүлүгүн, физикада ток чайнекте чай кайнатуу үчүн канча убакыт сарпталаарын, ар бир сабак турмушка байланыштырып өтүлсө балага ары пайдалуу болот, ошол предметке кызыгуусу артат.

Азыркы күндө өтө тездик менен өнүгүп жаткан интернет, телефон балдарды билимден алагды кылып жатат.

Ал эле эмес ата-эне баласын акылы толо элек наристе кезинде оттон, суудан аярлап бапестеп багып, озур көрөөр мезгилинде телефондогу оюндун айынан баласынан ажырап калып жаткандар да жок эмес. Ошол үчүн эч кечиктирбестен окуучулардын уюлдук телефондорун чектөөгө алуубуз керек. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, айрым сайттарга жаш өзгөзөлүгүнө чектөө киргизсе жакшы болмок. Ошол сайттарга пайдалуу маалыматтарды, видео сабактарды, тарбиялык мааниси чоң видеороликтерди, билимдүү, таанымал адамдар жөнүндө маалыматтар жүктөлсө. Азыр окуучу китептен көрө телефонду көп кармап, көп ачып жатпайбы. Ал келген маалыматты ачып окуп, окуучу өзү байкабастан кайсы бир предметке кызыгуусу артышына үмүт кылабыз. Уюлдук телефон жаштардын билим алуусуна зыянын тийгизбестен пайдасын гана тийгизсе. Бул ишке кол урган уюлдук компания келечекке пайда келтирүү менен бирге капчыгына да мол киреше алат.

Миграция агымы да балдардын билим алуусуна терс таасирин, тарбиясына өз кедергисин тийгизүүдө. Мээрим көздө эмеспи, турмуш шарты менен ата-эне алыста болсо да балдары менен скайп аркылуу сүйлөшүп дем- күч берип, насааттарын айтса бала ата эненин колдоосун, көзөмөлүн сезип турат. Ата- энесин сагынган азыркынын Нургазылары, эртең Казангаптын Сабитжанындай болбой, атасын күткөн Айтматовдой болсо деп үмүттөнөлү.

Урматтуу Ата-эне,эгер бактылуу карылыкты камсыз кылгыңыз келсе мугалим менен тыгыз байланышта болуп,балаңызга туура тарбия бергенге шашылыңыз.

22.01.2020 11:00


Рекомендуем курсы ПК и ПП