СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эгемендуулуктон (1990-жылдардан) кийинки, көз ирмемдер...

Нажмите, чтобы узнать подробности

90-жылдары эгемендүүлүк алган өлкөбүз,өз алдынча там-туң басып жаткан кез эле.Каатчылык өкүм сүрүп турган.Мугалимдин айлыгы үч-төрт айга,а түгүл жарым жылга чейин кармалып айла кетчү.Ошондо айрым мен тааныган мугалимдер,кесибин өзгөртүп кетти. Соодагер болуп кеткендер андан көп.Менде да тандоо бар болчу.Соода кылып көр деп эжелерим үндөп жүрүштү.Бирок.Бирок мен жумушумду кыйып кете албай койдум.Классым эмне болот дедим.Мээме келген биринчи ой ушул болгон.Кеткен жокмун.Күн сайын сабакка келип,үмүттүү көздөрү менен карап турган балдарга чыккынчылык кыла албадым.Жок! Жок! Мугалимдик кесибин алмаштырып кеткен адамдарды күнөөлөгүм келген жок.Аларды чыккынчылык атоодон алысмын.Бул жеке эле өзүмө тиешелуу нерсе.Мен ошондо,ушул кесиптен кол жуусам эле мага ишенген окуучуларыма,ушул жолго салган апама чыккынчылык жасачудай катуу түйшөлгөм.Мугалим болбой калсам эле,жер бетиндеги адамдык вазыйпамды аткара албай калчудай санаа тарткам.Ушул жолго тушкон соң,балдарга билим берүү милдетин алгандан кийин,жоопкерчиликтүү түрдө мугалимдик кесиптин өтөлүнө чыгам дедим.Өзүмө - өзүм берген ал убадамды канчалык аткара алдым билбейм. Дале,аракеттин үстүндөмүн.

01.03.2020 15:49


Рекомендуем курсы ПК и ПП