СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивный доска(кыргызча)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Интерактивдик досканы окуу процессинде пайдалануу

План

  1. Интерактивдүү доска жөнүндө негизги түшүнүктөр жана алардын иштөө принциптери
  2. Интерактивдүү доскалардын түрлөр жана негизги функциялары
  3. Интерактивдүү доска – билим берүүдө заманбап интерактивдүү каражат

Интерактивдүү доска жөнүндө негизги түшүнүктөр жана

алардын иштөө принциптери

«Интерактивдүү» деген сөз англис тилинен келип чыгып: «интер» - өз ара, « act » - аракеттешүү дегенди билдирет. Демек, интерактивдүү -«өз ара аракеттешүү» деген маанини түшүндүрөт. Ошондуктан соңку мезилде окутуунун интерактивдүү технологиясы, интерактивдүү усулдар, интерактивдүү доска сыяктуу сөздөр айрыкча билим берүү системасында популярдуу боло баштады. Проектордун жардамында компьютердин жумуш столунун көрүнүшү интерактивдик доскага чагылдырылат. Бул учурда доска экран катары кызмат кылат. Доскага чагылдырылган сүрөттөлүшкө озгөртүүлөрдү киргизип, аны менен иштесе болот. Бардык озгөртүүлөрдү компьютердеги тиешелүү файлдарга жазып коюп, бул файлдар менен андан ары иштесе болот. Бул учурда электрондук доска информация киргизүүчү түзүлүш катары иштейт. Дүйнө жүзү боюнча биринчи Интерактивдүү доска(Interactive writeboard) SMART Tehnologies Inc компаниясы тарабынан 1991-жылы ишке берилген. Бул жаңы технологиянын педагогикалык мүмкүнчүлүктөрүн эң биринчилерден болуп баалагандар окутуучулар болгон. Интерактивдүү доскалар маалыматтарды берүү жана кабыл алуудагы ыңгайлуу инструмент болуп саналат. Интерактивдүү доскаларды колдонуу сабакты көп түрдүү, көрсөтмөлүү жана кызыктуу кылып өтүүгө өбөлгө түзөт. Интерактивдүү досканы колдонуп сабак өтүүдө анын бетине жазса болот, ар түрдүү программалык камсыздалыштарды иштетүү мүмкүн. Ошондой эле окуу материалдары менен электрондук форматта иштөөгө,үн коштоо,анимация, графикалык жана тексттик маалыматтарды чыгарууга болот. Интерактивдүү доска – чоң сенсордук экранды элестетет. Ал компьютер жана проектор менен кошо иштейт. Аны 1-сүрөттөн көрүүгө болот. Досканын кандай технология боюнча жасалганына жараша, доскада атайын стилустун жардамында же колдун сөөмөйүнүн жардамында иштөөгө мүмкүн. Доска менен компьютердин байланышы эки тараптуу болот, ал эми сөөмөй же калем (стилус, карандаш) интерактивдик доскада манипулятор (мышь) катары иштейт.

(1-сүрөт)

Интерактивдүү доскалардын түрлөр жана негизги функциялары

Интерактивдик доскалар тике жана терс проекциялуу болушат жана проектордун орнотулушуна жараша бөлүнүшөт. Тике проекциялуу досканын проектору досканын алдында, ал эми терс проекциялуунуку – досканын артында жайгашат. Интерактивдиук доскалардын көпчүлүгү – тике проекциялуу доскалар болушат. Проектордун нуру ишке тоскоол болбосун үчүн доска менен иштегенде анын үстүнө бекитилип коюлуучу ультракыскафокустуу проекторду пайдалануу сунуш кылынат. Интерактивдик электрондук доскалар активдүү жана пассивдүү болуп да бөлүнүшөт. Активдүү электрондук досканы ток булагына жана компьютерге электр шнуру аркылуу туташтырабыз. Пассивдүү электрондук досканын бетинде эч канда датчиктер болбойт жана аны эчтекеге туташтыруу талап кылынбайт, эч кандай шнурдун кереги жок. Мындай досканы бир класстан экинчисине жөн эле алпарып коюуга болот. Интерактивдик доска менен иштөө методу анын кандай технология боюнча жасалганына жараша болот. Төмөнкүдөй технологиялар пайдаланылышы мүмкүн:

• Электромагниттик технология (активдүү);

• Аналогдук-резистивдик технология (активдүү);

• Ультраүн технологиясы (пассивдүү);

• Инфракызыл технология (пассивдүү);

• Микрочекит технологиясы (пассивдүү);

• Лазердик технология (пассивдүү);

• Оптикалык технология (пассивдүү);

  • Электромагниттик жана резистивдик технологиялар боюнча жасалган доскалар ток булагына жана компьютерге электр шнуру аркылуу туташтырылат.
  • Электромагниттик жана лазердик технологиялар боюнча жасалган доскаларда атайын электрондук маркерлер менен гана иштөөгө болот. Резистивдик, ультраүн жана инфракызыл технологиялар боюнча жасалган доскаларда атайын маркерлер менен да, сөөмөй же карандаш менен да иштешке мүмкүн.
  • Микроточекит технологиясы боюнча жасалган доскаларды ток булагына жана компьютерге туташтыруунун кереги жок. Мындай доскада иштөөнүн жумушчу аспабы болуп стилус кызмат кылат; ага байланышты камсыз кылуучу Bluetooth орнотулган. Керектүү маалыматтар стилустун кыймылына жараша компьютерге берилип турат.
  • Азыркы сабакта мугалим интерактивдүү досканы бир нече режимде пайдалана алат.

Интерактивдүү доска - билим берүүдөгү заманбап интерактивдүү каражат

Информациялык – коммуникациялык технологиялардын дүркүрөп өнүгүшү жана аларды билим берүүдө колдонуунун жайылтылышы азыркы учурдун окуучуларынын өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизүүдө. Бул да болсо жаңы информациондук коомдун белгилеринин бири болуп саналат. Мектеп – коомдун бир бөлүгү. Андыктан коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр мектепке да таасирин тийгизет. Ошондуктан окуу процессин учурдун талабына ылайык окуучуларды кызыктыра тургандай, активдүү өз алдынча иштей ала тургандай уюштуруу бүгүнкү күндүн маанилүү маселелеринен болуп саналат. Мындай жөнөкөй эмес маселени чечүүдө мугалимге окутуунун салттуу методдорун заманбап информациондук технологиялар менен айкалыштырып пайдалануу жардамга келет. Ал эми окутуунун информациондук технологиясын информациялык– коммуникациялык технологиянын (ИКТ) каражаттарысыз элестетүүгө болбойт. Алардын ичинен азыркы учурда популярдуу болуп жаткан негизги каражаты болуп «интерактивдүү доска». Интерактивдүү доскада иштөөнү оңой үйрөнүү максатында анын негизги функцияларына жеңил жана жатык тил аркылуу кеңири токтолуу менен конкреттүү мисалдар каралат. Учурдун талабына ылайык коом да өзгөрүп, ага жараша илимийтехникалык прогресс да өнүгүп өсүп жатат. Бир кездери биз техниканын эң жөнөкөй механизмдерине таянган болсок, азыр өнүккөн информациялыккоммуникациялык технологиянын(ИКТ) кылымында жашап жатабыз. Арийне, дээрлик бардык маалыматтар компьютерлештирилип жаткан мезгил. Эбегейсиз көп маалыматтарды өзүнө камтыган жана акылга сыйгыс көп амалдарды аткарган компьютер мурда бизге жаңылык болсо, азыркы күндө күнүмдүк турмушта колдонула турган зарыл каражат болуп калды. Ал тургай өндүрүштүн бардык тармактарына сүңгүп кирди. Айрыкча билим берүү тармагын компьютерсиз элестетүү мүмкүн болбой калды. Азыркы учурда компьютерлер балдар бакчасынан баштап жогорку окуу жайларга чейин түрдүү предметтерди окутууда, б.а. жөнөкөй арифметикадан тартып кибернетика жана психологияны окутууда колдонула баштады. Соңку учурда көпчүлүк билим берүү мекемелери заманбап технологиялык жабдуулар- компьютер, мультимедиялык проектор жана интерактивдик доскалар менен камсыз боло башташты. Ага жараша интерактивдик технологиялар түшүнүгү билим берүү системасында кеңири кулач жая баштады. Атайын интерактивдүү жабдыктарды колдонуу билим берүүдөгү интерактивдүүлүктү камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Алардын ичинен эң көп суроо – талаптарды интерактивдүү доскалар жаратып, билим берүүдө көбүрөөк колдонууга ээ болууда.

Интерактивдуу кнопкаларынын аталышы жана аткарган кызматтары

Меню

Office режим менюсуна чыгарат

Манипулятор

Манипуляторду активдештирет.

Сабак режими

Сабак режими аспаптар текчесин ачат.

Жумуш столундагы эскертүүлөр

«Жумуш столундагы эскертүүлөр» ачылат.

Office режими

Office режимин кошот жана режимдин аспаптарын көрсөтөт.

Калем

Microsoft программасынын файлынын барагында жазгыла жана сүрөт тарткыла. Тууралоо параметрлери “Аспапты тууралоо” параметринин аспаптар текчесинде жайгашкан. Жебеси төмөн караган кнопканы басып аларга киребиз.

Маркер

Барактагы каалаган элементти тандоо. Жебеси төмөн караган кнопканы басып, “Аспапты тууралоо” параметринин аспаптар текчесинде жайгашкан тууралоо параметрлерин көрсөтөбүз.

Ластик

Комментарийлерди өчүрүү.

Текст киргизүү

Экран клавиатурасын ачуу жана тексткиргизүү. Компьютер клавиатурасын пайдаланса да болот.

Штамп

Баракка штамптарды киргизүү.

Тандалган элемент

Слайдда, документте же электрондук таблицада объектилерди же элементтерди тандоо, аларды жылдыруу, тегеретүү же өлчөмдөрүн өзгөртүү. Ошондой эле, комментарий тандап, аны слайдда, документте же электрондук таблицада сактап коюу үчүн пайдаланылат.

Артка

PowerPoint слайддарын көргөзгөндө мурдагы слайдга өтүү, же Word документинде мурдагы баракка өтүү. Эгер «Запрашивать при возможной потере данных» параметри тандалса, анда «Переместить на предыдущую страницу» командасын аткаруунун алдында Microsoft тиркемесинин файлында эскертүүнү сактап коюу тууралуу өтүнүч пайда болот.

Алга

PowerPoint слайддарын көргөзгөндө кийинки слайдга өтүү, же Word документинде кийинки баракка өтүү. Эгер «Запрашивать при возможной потере данных» параметри тандалса, анда «Переместить на следующую страницу» командасын аткаруунун алдында Microsoft тиркемесинин файлында эскертүүнү сактап коюу тууралуу өтүнүч пайда болот.

Office аспаптары

Microsoft Office тиркемелерин иштетүү.

Комментарий кыстаруу

PowerPoint слайдына, Word барагына же Excel таблицасына керектүү комментарийлерди кыстаруу.

Тандалган коммента-рийлерди кыстаруу

PowerPoint слайдына, Word барагына же Excel таблицасына тандалган комментарийлерди кыстаруу.

Куру слайд кыстаруу

Көрсөтүлүп жаткан PowerPoint слайддарына куру слайд кошумчалоо. Бул аспап PowerPoint слайд-шоусу көрсөтүлүп жатканда гана иштейт.

Өчүрүү

Экрандагы бардык комментарийлерди өчүрүү.

Тандалганды өчүрүү

Тандалган комментарийлердиөчүрүү.

Суроо кыстаруу

Student Response системасын пайдаланган кезде суроо кошумчалоо.

Чыгуу

Office режиминен чыгып кетүү.

Интерактивдүү досканын иштетүү үчүн :

ERIN_Board программасын установка кылуу үчүн программанын установичнийсин биз ОшМУнун //ftp.osu порталынан (Pub попкасынын ичинен) ERIN_Board активаторуну көчүрөбүз.

  1. Биринчи кадам ERIN_Board интерактивдүү досканын иштетүүчү программаны установка кылабыз → Application установка кылабыз → Driver установка кылабыз.

Установка кылганда бизде төмөндөгүдөй терезе ачылат(2-сүрөт).

(2-сүрөт)

Экинчи кадам: Менюдагы инструменттер менен таанышуу → функцияларын аныктоо

Главный меню

Категория: Информатика
03.05.2020 08:47


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!