СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саатта балдар учун кайталанып туруучу создор.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Түн ичинде сүйлөсөң акырын сүйлө,күндүз жан жагыңды карап сүйлө;

Аз жеп,аз уктап,аз сүйлөгөндү адат кыл;

Өзүң жактырганды башкаларга дагы ыраа көр;

Иш кылсаң кеңеш менен кыл;

Үйрөнбөй туруп устаздык кылба;

Бирөөгө түгөл ишене бербе;

Жаман адамдан жакшылык күтпө;

Ар ишти акылга сал;

Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе;

Бүгүнкү ишти эртенкиге калтырба;

Улууларды шылдыңдаба;

Улуу кишиге узун сүйлөбө;

Билимсизге бийлик бербе;

Сурап келсе кур кайтарба;

Өткөн чатакты эске салба;

Бирөөнүн жакшылыгын мен кылдым дебе;

Байлыгыңды доско да,душманыңа да санатпа;

Туугандан кол үзбө;

Жакшы кишини ушактаба;

Өзүңдүн ким экендигиңди бил,өзүмчүл болбо;

Эки тарап бир бүтүмгө келе албай жатышса,сен көпчүлүк жакта бол;

Эч кимди сөөмөй менен көрсөтпө;

Эл алдында тишиңди чукулаба;

Эл көзүнчө какырынып,түкүрүнбө;

Эстесен оозуңа алакан тос;

Калайыкка какшыктабай сүйлө;

Тамаша сөздү көңүлгө алба;

Кишини эл алдында жер каратпа;

Кейпи жакпайт деп,кишини айыптаба;

Айтылган сөздү өзүңө алба;

Шылдың сөздөн сактан;

Өзүңдү,үй-бүлөңдү бирөөнүн алдында мактаба;

Эр болсон аялдардай сыланба;

Баланын ою менен боло бербе;

Тилиңе сак бол;

Колуңду силкпей сүйлө;

Ар кимдин урматын тааны;

Көзү өткөндү жамандаба;

Колуңдан келсе,урушпа да,араздашпа;

Күч сынашпа;

Сынабаган кишинди жакшы деп ойлобо;

Иш жасасаң шашпа;

Дүнүйө үчүн башыңды машакатка салба;

Өзүн билгенди баркта;

Ачууга алдырсаң сөзүңдүн артын байкап сүйлө.

29.02.2020 21:44


Рекомендуем курсы ПК и ПП