СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз тили
Кыргыз тили — кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын формасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Кыргыз тили теги боюнча түрк тилдеринин системасына кирет да, алтай тили менен бирге чыгыш хун бутагынын кыргыз-кыпчак тобун түзөт.
Адабий тилдин биринчи жана негизги шарты катары анын жазуу жүзүндө берилишин эсептөө керек. Өзүнүн жазуу системасы бар элдерде гана жазма адабий тил өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз эли өзүнүн кыйла кылымдык өнүгүү тарыхында ар кайсы жазуу системаларынан пайдаланып келгендигине карабастан, улуттук жазмасына Октябрь революциясынан кийин гана жетишти. Демек, кыргыз жазма адабий тили советтик түзүлүштүн жемиши болуп эсептелет.
Бирок, жазуунун болушу адабий тил үчүн негизги шарт болгон менен, анын бирден бир жеке белгиси да эмес. Кагаз бетине түшүрүлгөн өткөн эстеликтеринин же азыркы «сабатсыз жазылган» жазмалардын бардыгын эле адабий тилдин үлгүсү катары кароого болбойт. Тактап айтканда, революцияга чейинки мезгилдерде эле кыргыз тилинде, негизинен, кол жазма түрүндө калк арасына таралган көбүнчө ыр түрүндөгү чыгармалар (мисалы, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун, Молдо Нияз ырчынын, Ысак Шайбеков жана башкалардын ырлары, санаттары, казалдары) жаралган.
Ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасын мурастап берип кетиптир. Аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу биздин милдет. «Өнөр алды кызыл тил»- деп калкыбыз сөз өнөрүн абдан барктаган. Ошон үчүн «Манас» сыяктуу улуу эпосту жаратып кетишкен.
Биз, байыркы кыргыздардын урпактары, аларга миң мертебе рахматыбызды айтып, түбөлүк таазим кылууга милдеттүүбүз.
© 2020, Исмаилова Анаркуль Байдылдаевна 794